Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

АРКТИКА БАЙЛЫКТАРЫ ҮЧҮН ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШ БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Орус окумуштуулары 2-августта түндүк уюлдун алдындагы деңиз түбүнө жетип, ал жерге титандан жасалган улуттук туусун орнотту. Кошуна мамлекеттер аны улуу илимий жетишкендик деп баалаганы менен, аны менен байланыштуу Арктика аймагына Маскөө ээлик кылууга аракеттенип жатканын жактырбайт.

Окумуштуулардын айтымында, Түндүк муз океанынын алдында мунай менен газдын дүйнөлүк корунун чейреги жатат. Бирок суунун тереңдиги төрт миң метрге жетет жана деңиз түбүн дагы бургулоо керек, ошондуктан океандын түбүнөн мунай же газ казып чугуу өтө кымбат нерсе. Анткен менен мунайдын дүйнөлүк баасы азыр улам жогорулап бараткандыктан, андай иштер жакын арада кирешелүү болуп чыгышы мүмкүн, ошондуктан Түндүк муз океанына чыккан беш мамлекет ортосунда азыр мелдеш башталды.

Ар бир мамлекет өз жээгинен 200 чакырымга жеткен деңиз мухитине ээ болууга укуктуу, бирок шельф деп аталган жээкке жакын деңиз түбү жөнүндө андай 200 чакырымдык эреже жок.

Муз жаргыч ири атом кемеси бар Орусия түндүк уюлга экспедиция жиберип, 2-августта уюлдун алдындагы деңиздин түбүнө атайын батискаф менен түшүп, ал жерге улуттук туусун орнотту. Өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, аны менен Орусиянын Арктика аймагына ээлик кылууга укуктуу экенине далилдер табылууга тийиш:

- Бул экспедициянын максаты - жөн гана кайсы бир жерге туу орнотуп, Орусиянын укуктары жөнүндө айтуу эмес, аны менен Орусиянын деңиз шельфи түндүк уюлга чейин жеткени далидениши мүмкүн. Менин оюмча, бул экспедиция биздин талапка кошумча илимий далилдерди табат,- деди Лавров 2-августта.

Анткен менен Канаданын тышкы иштер министри Питер Маккей ошол эле күнү Орусиянын аракеттерин сынга алды:

- Арктика аймагы Канаданын суверенитети алдында экенинде шек жок. Арктика Канаданын аймагы жана биздин менчик экенин биз көп жыл мурда бекиткенбиз. Азыркы заманда - XIV- же XV-кылымдагыдай болуп, дүйнө кыдырып, кайсы бир жерге туу орното берген болбойт.

Деңиз шельфи кайсы бир мамлекетке таандык экенин далилдеш үчүн, ал шельф менен континент ортосунда айырмалык жок экени аныкталыш керек. Түндүк муз океанынын түбүндө Ломоносов тоосу деп аталган тоо кырка бар жана ал Орусиянын жээгинен башталат. Маскөө далилдерди ошол тоо кыркадан издеп жатат.

Британиянын Океанография борборунун эксперти Линдсей Парсондун айтымында, деңиз шельфи аларга таандык экенин далилдөө үчүн Орусиядан башка мамлекеттер дагы азыр аракеттенүүдө:

- Ломоносов тоосу Түндүк муз океанынын алды менен өтөт жана Орусиядан башталып, Канада менен Гренландияга чейин жетет. Ошондуктан Канада менен Дания дагы азыр Орусия издегендей далилдерди тоо кырканын башка учунан издей баштады",- дейт Парсон.

Арктика шельфи Орусияга таандык болуш керек деп Маскөө алгачкы арызды 2001-жылы жазган, бирок Бириккен Улуттардын атайын комиссиясы - далил жетишсиз деп аны канаатандырган эмес. Азыр Орусия экинчи арыз даярдап жатат, Түндүк муз океанына чыккан башка төрт мамлекет - АКШ, Дания, Канада жана Норвегия - азырынча расми түрдө андай арыз жаза элек.

XS
SM
MD
LG