Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

Дүйнөлүк банк: кыргыз мыйзамдары дурус, аткарылышы начар


"Чет элдик инвестиция өлкөгө кошумча каражат алып келет", - дейт Дүйнөлүк банктын өкүлү

"Чет элдик инвестиция өлкөгө кошумча каражат алып келет", - дейт Дүйнөлүк банктын өкүлү

Мыйзамдардын өтө татаал, кысымчыл маанайда жазылышы мамлекеттеги инвестициялык жагдайга терс таасирин тийгизет. Ушундай жыйынтык Дүйнөлүк банктын 87 өлкөдөгү абалды салыштырып жазган докладында жасалган.

Маселен, Ангола менен Гаитиде чет элдик бизнес баштоого 200дөн ашуун күн кетсе, Грузия менен Руандада баарын төрт күндө баштаса болот экен. Чет өлкөлүк бизнесмендерге кучак жайган меймандос өлкөлөр тизмесине Беларус, Түркия, албетте, Арап Эмираттары, Сингапур, атүгүл Ооганстан да кирген. Ал эми чет өлкөлүк компаниялар үчүн бут тосуп, баарын татаалдаткан мамлекеттер анабашына Ангола менен Гаитиден башка Венесуэла, Кытай, Вьетнам, Бразилия жана башкалар чыккан.

Өнөр жай аянтын ижарага алуу машакаты Никарагуа менен Сьерра Леонада бир жылга созулса, Армения, Судан жана Түштүк Кореяда эки жумага жетпеген убакыт талап кылат.

87 өлкөнүн экономикалык жана финансы мыйзамдарын иликтеген Дүйнөлүк банктын жаңы докладына уюмдун өкүлү Жанамитра Деван токтолуп: “Айрыкча азыркы эл аралык кризис маалында чет элдик инвестиция каржалган өлкөлөргө кошумча каражат булагын, жаңы технологиялар, жаңы башкаруу ыкмаларын алып келип, атаандаштыкты күчөтүп, натыйжада катардагы жарандар үчүн баалардын арзандашын, тейлөө менен товардын сапатынын жогорулашын камсыздайт”, - деп белгилейт.

Соңку жылдары көпчүлүк өлкөлөргө соккусун тийгизген кризис дүйнөлүк инвестициянын жалпы көлөмүн былтыр, маселен, 40%га азайтыптыр. Өнүккөн өлкөлөрдө чет элдик инвестициянын көлөмү 45%га чейин төмөндөсө, Кыргызстан жана башка мурдагы советтик мамлекеттерде орточо 35%дай кыскарган. Кантсе да, байманасы ашып-ташкан мамлекетте кризистин таасири да күчтүү болуп, инвесторлор үчүн түрдүү коркунучтар да жогору болору айкын.

Дүйнөлүк банктын докладында Кыргызстан Борбор Азиядагы баарынан ачык өлкө аталат. Маселен, Казакстанда чет элдик фирма ачыш үчүн 34 күн ичинде 12 жерде кол койдуруш керек болсо, Кыргызстанда 4 жерде ырасмий катталган соң 12 күндө иш баштаса болот деп айтылат.

А бирок, чет элдик инвесторлор үчүн компанияны каттаткандан да өлкөдө мыйзам үстөмдүгү бекемби, өкмөт мыйзамдардын аткарылышын канчалык көзөмөлдөй алат деген маселе маанилүү эмеспи. Дал ушул маселеге келгенде, Кыргызстан мыйзамдардын күчү жагынан айрым Африка жана Латын Америка өлкөлөрүнүн катарына түшүп, изилдөөгө катышкан башка КМШ өлкөлөрүнөн артта калган.

Ошондой эле Кыргызстанда чет элдик бизнес үчүн жер аянтын менчикке сатып алууга тыюу салынганы да инвестицияны көбөйтүүгө кедергисин тийгизген жагдай катары аталат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG