Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32

Босния-Герцеговинада жалпы элдик шайлоо күнү. Бүгүн өлкөнүн президенттик үчилтигинин серб, хорват жана мусулман мүчөлөрү шайланат.

Ошондой эле борбордук парламенттин депутаттары, Мусулман-Хорват федерациясы менен Србска республикасынын улуттук жыйындарынын мүчөлөрү шайланууга тийиш. Србска Республикасынын эли келерки президент үчүн да добуш беришет.

Бул Босния-Герцеговинадагы 1992-95-жылдардагы 100 миң адамдын өмүрү канабайрам болгон согуштан берки алтынчы жалпы элдик шайлоо. Бүгүнкү шайлоодо добуш берүү үчүн согуштун тагы өчө элек көп улуттуу өлкөдө 3,1 миллиондой адам катталган.

Серепчилердин айтышынча, шайлоо Босниянын Европа Биримдигине жана НАТОго интеграцияланууга зарыл саясый-экономикалык реформаны аткарууга чоң импульс бериши керек. Анткен менен, саясый лидерлер өнөктүк учурунда улуттук риториканы кеңири пайдаланып, элди бөлүп, өз тарабына тартып кетүүгө аракеттеништи. Шайлоочулар саясатчылардын саясый-экономикалык реформанын ордуна улуттук жана этникалык проблемаларга көп көңүл бурушуп, эл ичине жик салып жатканына нааразы.

Ордолуу Сараевонун жашоочусу Эмир Солокович базарда азык-түлүктүн наркы өсүп, жумушсуздуктун айынан элдин бели майышып жатканда, талапкерлер жалаң саясат жөнүндө кеп кылып жатканын айтат:

- Элдин жашоого каражаты жок болуп турганда, алар жалаң эле саясат тууралуу сөз кылышууда. Биз жардылыктын сазында отурабыз. Чоң өзгөрүүлөр керек. Эл дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгүдөй жашоосу үчүн экономика өзгөртүүгө муктаж.

Добож шаарчасында жашаган Боро Бозанович карыя болсо бүгүнкү шайлоо ата журтуна жакшы өзгөрүүлөрдү алып келет деген үмүттө:

-Жакшылык болор. Биз баарыбыз жакшылык тилеп отурабыз. Экономика, жумуш, өндүрүш - мунун баары бизде жок.

1992-95-жылдардагы Босния-Герцеговинадагы согушка чекит койгон Дейтон тынчтык келишиминин шарапаты менен уруштан кийин эларалык донорлор берген 15 миллиард доллар өздөштүрүлгөнчө, өлкөнүн экономикасы он проценттен жогорку темп менен өсүп жатты. Бирок акыркы жылдары жемсөөлүктүн, саясый араздашуулардын айынан экономика тозуду. Буга дүйнөлүк финансылык кризис да кедерги болду. Азыр өлкөдөгү эмгекке жарамдуу калктын 43 проценти ишсиз.

Айрым шайлоочулар мурдакы эле саясатчылар бийликте каларын айтышууда.

Акыркы сурамжылоолор да премьер-министр Милорад Додик баштаган Көзкарандысыз социал-демократтардын альянсы Србска Республикасында, балким жалпы өлкөдөгү эң популярдуу партиялардан экенин көрсөткөн. Профессор Златко Лагумжия жетектеген көп улуттуу Социал-демократтык партия Мусулман-Хорват федерациясында жеңет деп боолгонууда. Србска республикасынын президенттигине ат салышкан Додик эч качан Лагумжия менен мамлекеттик деңгээлде иштешпесин мурда эскерткен.

Гаадагы эл аралык сот Косовонун Сербиядан бөлүнүп чыгуусун эл аралык мыйзамдарга каршы келбейт деп тапкандан кийин Додик ачыктан ачык эле босниялык сербдер Босния-Герцеговинадан бөлүнүп, өз алдынча мамлекет болуш керек деп жүрөт. Босниялык хорват улутчулардынын лиери Драган Кович да ушундай жикчил көз карашта. Босния мусулмандары болсо 4,6 миллион калктуу өлкөнү бөлүү аракети жаңы согушка алып барат деп эскертишүүдө.
XS
SM
MD
LG