Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

БУУ жыйыны: айтылчу сөз арбын


Июнь коогалаңын ал кезде Кыргызстандын ички иши деп баалаган Ислам Каримов азыр көз карандысыз иликтөөнү талап кылууда.

Июнь коогалаңын ал кезде Кыргызстандын ички иши деп баалаган Ислам Каримов азыр көз карандысыз иликтөөнү талап кылууда.

Ушул күндөрү 130тан ашык өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары Бириккен Улуттар уюмунда ашкере жакырчылыкты 2015-жылга чейин жоюу тууралуу пландарын кандайча аткарып жатышканы тууралуу отчет беришүүдө.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Ооганстандагы согуш менен катар, Кыргызстандагы июндагы коогалаң өңдөнгөн жаңжалдар жакырчылык менен күрөшкө чоң кедергисин тийгизип жаткандыгын белгилеп, ал коогалаңды көз карандысыз иликтөөгө чакырды.

Нью-Йоркто өтүп жаткан үч күндүк жыйында өзбек президенти "чу" дегенде эле жакырчылык менен күрөштүн жолундагы башкы бөгөт согуштар, куралдуу калабалар, диний жана улуттар аралык жаңжалдар экендигин эскертти.

Ооганстанда 30 жылдан ашык мезгилден бери уланып жаткан согушту куралдын күчү менен токтотуу мүмкүн эмес экендиги айгинеленгендигин, тынчтык орнотууда оогандар менен анын коңшуларына азыркыдан көбүрөк мүмкүндүк бериш керектигин белгиледи. Бул теманы Ислам Каримов апрелде бийлик алмашкан Кыргызстандагы июндагы коогалаң менен улантып, анда кыргыздар менен жергиликтүү өзбектер кайсы бир үчүнчү күчтөрдүн терең ойлонулган тымызын пландарынын курмандыгы болуп калды деген ишенимин билдирди:

Бул акциянын максаты өлкөдө тополоң салып, башкарууга болбой турган кырдаал түзүү гана болгон эмес. Үчүнчү күчтөр эң ириде бул канкор кыргынга Өзбекстанды да тартып, улуттар аралык тирешти, акыр-аягында эки коңшу өлкөнүн - Өзбекстан менен Кыргызстандын өз ара тирешине айландырууну максат кылган.

БУУнун трибунасынан президент июнь коогалаңында Өзбекстан жүз миңдеген качкынды кабыл алып, чек арада кооптуу күчтөрдү тизгиндеп калуу канчалык кыйын болгондугун баяндады, бирок бүгүн өлкөгө жардам берүүдөн сырткары, Кыргызстандагы эки элдин элдешүүсү үчүн июнь окуяларын бейтарап иликтөө зарыл экендигин баса белгиледи:

- Бул кандуу окуялардын артында тургандарды, уюштуруучуларды жана аны ишке ашыргандарды сот акыйкаттыгына тартуу үчүн, 11-14-июнь күндөрүндөгү кол салуу, киши өлтүрүү, зордук-зомбулуктарды көз карандысыз эл аралык иликтөө да чоң мааниге ээ.

Каримов ошондой эле Арал деңизинин соолуп баратышын зор трагедия деп атап, ушуга байланыштуу коңшу өлкөлөрдөн келүүчү суунун көлөмүн чектөөчү эбегейсиз ГЭСтердин ордуна, жер титирөө коркунучуна туруштук берүүчү чакан ГЭСтерди курууну сунуш этти.

Арман көп, бирок айтылган жок

Жыйында Түркмөнстан менен Тажикстандын президенттери да сөз алып сүйлөштү. Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов алды менен Түркмөнстандын нейтралдуулук макамына быйыл 15 жыл толуп жаткандыгын жана түркмөндөрдүн мунай-газын канткенде чет элдик кардарларга чып-чыргасын коротпой жеткирсе болот деген темада узун сөз кылды. Регионалдык темалардан Арал деңизинин абалын кыйгып өтүп, Кыргызстандагы коогалаңга түз кайрылбастан, жакырчылык менен күрөштө коопсуздукту камсыздоо зарыл деп айтты. Бул үчүн Борбор Азия жана Каспий аймагында Бириккен Улуттардын атайын форумун түзүүнү сунуш этти.

Өзбек-түркмөн кесиптештеринен айырмаланып, тажик президенти өз эне тилинде сүйлөдү. Эмомали Рахмон негизинен ички проблемаларга кайрылып, Кыргызстанды кой, Өзбекстандын Тажикстанга киргизген узактан берки экономикалык эмбаргосун да сөз кылган жок.

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева жыйында эртең сүйлөйт. Нью-Йоркто кыргыз президентине көпчүлүктүн көңүлү өзгөчө бурулуп жаткандыгы байкалат. Кезегинде Кыргызстандын АКШдагы элчиси болгон Отунбаева ушул жума күнү АКШнын президенти Барак Обама менен жолугушарын Кыргызстандын Вашингтондогу элчилиги билдирди. Ал Улуттук Демократиялык институттун жетекчиси, экс мамкатчы Маделин Олбрайт менен да кездешүүдө. Кечээ ал "Вашингтон Пост" менен "Нью-Йорк Таймс" гезиттеринин суроолоруна жооп берген эле.
XS
SM
MD
LG