Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Түрк тасмасы Берлин сыйлыгын жеңди


Берлин фестивалында Роман Поланский (деген жазуу) көрөрмандарды кире бериштен эле каршы алды.
Берлин фестивалында Роман Поланский (деген жазуу) көрөрмандарды кире бериштен эле каршы алды.

Берлин кинофестивалында балчы атасын издеп, токойду аралап кеткен алты жаштагы бала жөнүндөгү «Бал» деген фильм "эң мыкты тасма" деп табылды. Ал Түркияда тартылган. Учурда Швейцарияда камакта отурган Роман Поланскийдин эң мыкты режиссер деп табылышы фестивалда айрыкча кызыгууну жаратты.

Берлин кино фестивалынын «Күмүш аюусу» Роман Поланскийге «Көрүнчү жазуучу» деген тасмасы үчүн ыйгарылды. Анын атынан сыйлыкты тасманын продюссери Алан Сарге алды:

– Бул сыйлыкты Роман өзү алса абдан сыймыктанмак. Бирок мен өзүң келалбай калдың десем, ал мага «барбаганым жакшы болду, акыркы жолу фестивал сыйлыгын алганы барган жеримен түрмөгө түшпөдүм беле» деди.

Поланский былтыр сентябрда Швецариядагы Цюрих шаарына бүт өмүрүндө өтөгөн эмгеги үчүн сыйлыкты алууга барганда, АКШнын талабы менен камакка алынган эле. Поланский тасмасын Швецариянын түрмөсүндө, кийин үй камагында жаткан маалда тартып бүтүргөн.

Швецариянын бийликтери АКШдагы сот иши аяктамайынча 76 жаштагы режиссерду Америкага өткөрүп берүү маселесин чечпей тургандыгын айтууда. Поланский 1977-жылы АКШда жашы жете элек кыз менен жыныстык байланышта болгону үчүн сыртынан кесилген. Ал сот чечимине чейин эле Францияга кетип калган.

Ал тарткан «Көрүнчү жазуучу» тасмасы анын кайрадан классикалык чыгармачылыкка кайтып келиши катары бааланууда. Анда Британиянын өкмөт башчысы өз өмүр баянын жазууга жалдаган жазуучунун турмушу баяндалат. Хичкоктун стилиндеги саясий триллерде АКШнын ал кездеги президенти Буштун Ирак согушуна байланыштуу террорчулар деп шектелгендердин түрмөдө кыйноого алынышы каймана түрүндө берилген.

Ал эми «Балга» келсек, Семи Капаноглу тарткан бул поэтикалык драмада кекеч бала, анын балчы атасынын жоголуп кетиши айтылат. Фильм бала менен атанын алакасын ачып бергени менен баалуу. «Эң мыкты тасма» үчүн «Алтын аюуну» алып жатып Капланоглу бул тасманын басымдуу бөлүгү тартылган Түркиянын Кара деңиз жээгинде жаратылыш канчалык булганып, талакаланып жаткандыгын белгиледи.

«Биз алган бул сыйлык айлана-чөйрөнү коргоо ишин жакшыртууга көмөктөш болот» деген үмүтүн билдирди ал.

Берлин кароосунда Румыниянын көбүнесе үйрөнчүк актерлору тартылган «Ышкыргым келсе ышкырам» деген фильми экинчи орунду алды, анда түрмө драмасы баяндалат.

«Эң мыкты актер» наамы орусиялык «Бул жайды кантип бүтүрдүм» деген арктикалык драмада тартылган Григорий Добрыгин менен Сергей Пускепарлистерге ыроолонду. Тасма как эткен карга, кук эткек кузгун жок алыскы метеорологиялык бекетте иштеген эки киши тууралуу.

«Эң мыкты актриса» деп жапон Шинобу Теражима табылды. Ал «Көпөлөк курт» тасмасында Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кытай-жапон согушунан баатыр болуп кайткан аскердин аялын ойногон.

Кытайдын «Бөлөк, бирок чогуубуз менен» деген тасмасы «эң мыкты сценарий» сыйлыгын алды. Андан биз 50 жылдан кийин сүйгөнүн тапкан тайвандык согуш ардагеринин тагдырын билебиз.

XS
SM
MD
LG