Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Бүгүн жарандык коом "Азаттык" форумун өткөрөт


18-мартта Бишкекте саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргогон тынчтык жүрүшү өткөн.
18-мартта Бишкекте саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргогон тынчтык жүрүшү өткөн.

23-мартта жарандык коом "Азаттык" форумун өткөрөт. Иш-чараны "Сөз эркиндигин коргоо комитети" менен «Конституциялык кенешме» кыймылы уюштурууда. Анда Кыргызстандагы саясий кырдаал жана сөз эркиндигинин абалы талкууланат. Аталган коомдук уюмдар билдирүү таратып, Кыргызстанда саясий укуктар жана сөз эркиндиги катуу кысымга кабылганын, көз карандысыз маалымат каражаттары менен журналисттердин кесиптик ишмердик укуктары бузулуп жатканын белгилешкен. Мындан тышкары күч кызматтары мыйзамга эмес, бийликке иштеп, түздөн-түз анын саясий каршылаштарын куугунтуктоо жана жазалоочу куралга айланды деп айтылган. Активисттер бул абалды өзгөртүү үчүн кайдыгер болбогон жарандар биригүүчү мезгил келди деп билдиришкен кайрылуусунда.

Башкы прокуратура "Азаттык" радиосу менен "Заноза" басылмасын "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамлекет башчынын дарегине айткан сөздөрүн жарыялаганы үчүн "президенттин аброюна шек келтирди" деген негизде марттын башында сотко берген.

14-мартта Ленин райондук соту "Азаттык" радиосунун жана Zanoza.kg сайтынын банк эсептерин камакка алуу тууралуу аныктама да чыгарган. Бул тууралуу 22-мартта белгилүү болду. Өткөн аптада ушундай эле аныктама Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова менен журналист Нарын Айыптын мүлктөрүнө карата да чыгарылган болчу.

18-мартта Бишкекте саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргогон тынчтык жүрүштө беш киши кармалып, беш суткага камалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG