Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

Киото протоколунун тагдыры АКШ, Кытайдын колунда


СО2 газын көп чыгарган 20 өлкө

СО2 газын көп чыгарган 20 өлкө

ЮНЕП программасынын адиси Николай Дронин дүйнөлүк климаттын жылышы, Киото протоколу тууралуу “Азаттыкка” маек куруп берди .

- Дронин мырза, Улуттар Уюмунун дүйнөдөгү климаттын өзгөрүүсүн талдаган жыйыны жаңы эле соңуна чыкты. Бул жыйын канчалык деңгээлде өз максатына жетти деп баалайсыз?

- Бул саммит өтө маанилүү болду, анткени бул жыйынды көптөр, анын ичинде Европа өлкөлөрү абдан күткөн. Азыр климаттын өзгөрүүсүндө негизги үч чоң “оюнчу” – Евробиримдик, АКШ жана Кытай экени маалим. Башкача айтканда, ушул үч өлкө абаны канчалык булгайт жана анын климатка каасири кандай экени маселенин өзөгү. Булардын ичинен Еврошаркет климаттын өзгөрүүсүнө карата өз саясатын иштеп чыккан, ал Киото протоколу.

(Киото протоколу – 1997-жылы декабрь айында Жапониянын Киото шаарында кабыл алынган эл аралык документ. Протокол БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча конвенциясына кошумча документ болуп эсептелет. Ага ылайык өнүккөн жана өтмө экономикасы бар өлкөлөргө СО2 газын абага чыгарууну азайтуу милдети тагылат. Дүйнөнүн 181 мамлекети ратификациялаган) .

АКШ бул протоколго кол коюдан баш тартып келет, ал эми Кытай ага катышканы менен эч кандай чектөөлөрдү алган эмес. Демек, бул эки өлкө көмүр кычкыл газын канча кааласа, ошончо абага чыгара алат деген сөз. Европалыктардын бул жааттагы бардык иш-аракетинин акыбети, протоколдун тагдыры Кытай менен АКШнын колунда.

Бул эки мамлекет качандыр бир кезде протоколго кошулабы же жокпу деген суроо дайым бүйүрдү кызыткан талкууда. Ушул жылдын декабрь айында абдан маанилүү иш-чара болот. Копенгаген шаарындагы жыйын Киото протоколун сындан өткөрөт жана алдыга жаңы максат-багыттар аныкталат.

- Мына жыйында Сиз атаган эки өлкөнүн тең жетекчилери чыгып сөз сүйлөдү. Тилекке каршы, Барак Обама, Ху Цзиньтао экөө тең маселе чече турган сунуш айтышкан жок да...

- Еврошаркеттин көз карашында саммит эч натыйжа бере алган жок. Анткени Обама өз сөзүндө бир да жолу Киото протоколуу тууралуу оозанган да жок, анын өлкөсү бул милдеттемени качан алаарын айтып, эч убада берген жок. Ошондой эле Кытайдын жетекчиси анын өлкөсү өндүрүштү сапаттуу технология менен камсыз кылуу жагына көңүл буруп жатканын айтып тим болду.

- Демек, бул жолку жыйындан эч майнап чыккан жок деп эсептесек болобу?

- Жок, албетте бул жолку саммитте жөн эле ооз учунан сөздөр айтылып, талкуу болду дегенден алысмын. Бул жерде АКШ менен Кытай өз позициясын дагы бир жолу көрсөттү.

- Алардын позициясы ага чейин эле белгилүү болчу да?

- Евробиримдик Барак Обаманын бийликке келиши менен абал түп-тамырынан бери өзгөрөт деген ишенимде болчу. Мисалы, эгер мурдагы вице-президент Аль Гор бийликке келсе, ал АКШ Киото протоколуна кошулат демек. Барак Обама тилекке каршы, антип айткан жок. Бул эмнени билдирет?

Декабрь айындагы Киото протоколун жаңыртууда европалыктар кандай гана милдеттерди коюп, кандай гана шарттарды иштеп чыкса дагы, АКШ менен Кытай Киото протоколуна кошулмайын эч натыйжа болбойт дегенди түшүндүрөт. Мисалы абага чыккан көмүр кычкыл газынын отуз пайызы АКШнын үлүшүнө туура келет. АКШ дүйнөдөгү эң көп көмүр кычкыл газын өндүрүп, абага таштаган өлкө.

- Сиз ушул жылдын декабрь айында Киото протоколу сынактан өтөт дедиңиз. Андан кийин жагдай өзгөрөбү?

- Менин оюмча Европа өлкөлөрүнүн айласы куруйт. АКШ менен Кытайга моралдык басым жасоодон башка арга калбайт. Тилекке каршы алардын мындай аракетинен майнап чыгып, АКШ менен Кытай жаңыртылган Киото потоколуна кол коёруна көзүм жетпейт. Эски протоколдо 1990-жылга караганда 2008-2012 -жылдары өнүккөн өлкөлөргө көмүр кычкыл газынын абсолюттук көлөмүн 5% азайтуу милдеттендирилген.

Маселен тездик менен өнүгүп бараткан Кытайга мындай чектөөнүн такыр кереги жок. Буга чейин эле бул сыяктуу чектөөлөр коюлган, бирок аткарылган жок. Бул 5% чектөө дагы аткарылбайт. Демек, ар ким өзүнүкүн бербей, Еврошаркет өзүнүн, АКШ өзүнүн, Кытай өзүнүн саясатын ойной берет. Натыйжада, абага чыккан көмүр кычкыл газынын көлөмү көбөйгөндөн көбөйө берет.

Дронин мырза, климаттын жылышынын моделдери Борбор Азия чөлкөмүндө кандай өзгөрүүлөр болоорун көрсөтөт?

- Климаттын өзгөрүүсүн аныктаган моделдер эң жөнөкөй сүрөттү чагылдырат. Кээ бир өлкөлөр климаттын өзгөрүүсүнөн жапа чекпей, тескерисинче пайда тапкандары да бар. Аны менен катар эле өтө жапа чеге турган өлкөлөр бар. Тактап айтканда, дүйнө кош уюлдуу болуп калат. Европа, Орусия климаттын өзгөрүүсүнөн жапа чекпейт, Африка, Борбор Азия, Түштүк Азия өлкөлөрүнө, тескерисинче, көбүрөөк терс таасири тийет.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG