Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:02

Копенгагенде декабрда өтө турган климаттын өзгөрүшү боюнча башкы жыйынга саналуу апталар калды, бирок анда Жер абасынын ысышын токтотуу боюнча жаңы келишимдин кабыл алынаары суроо астында болуп жатат.

Климаттын өзгөрүшү боюнча Данияга пландалган конференцияга беш аптага жетпеген убакыт калган ушул тапта Бириккен Улуттар уюму абанын ысышын жайлануу жаатындагы жаңы келишим боюнча Копенгагенде мунаса жетишилеринен күмөн саноодо.

7-декабрдан 18-декабрга чейин созулуучу жыйынга 192 өлкөдөн 15 миңден ашык киши катышат. Алар 2012-жылы мөөнөтү бүтүп жаткан Киото протоколунун шарттарын алмаштыруучу келишим түзүүгө аракет кылышат.

Киото протоколунда өнөр-жайлуу өлкөлөр абаны ысытуучу газдардын көлөмүн 2012-жылга чейин андан 1990-жылдагы деңгээлден беш пайыз төмөндөтүүгө милдеттендирилген.

Копенгаген жыйынынын катышуучулары өнөр-жайы өнүккөн өлкөлөргө карата мындан да катаң талаптар, өнүгүп келаткан мамлекеттер үчүн жаңы шарттар, жарды улуттарга финансылык жардам көрсөтүү жаатында бир бүтүмгө келишет деп пландалган.

Бирок Бириккен Улуттардын климат боюнча башкы кеңешчиси Йанош Пасторс Копенгагенге артыкча үмүт артпоо керектигин билдирди. Анын айтымында, бул жыйында эң кыйын дегенде, келечек келишимдин мазмуну боюнча өкмөттөргө милдеттенмелер аныкталышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу, "Нью-Йорк Таймс" гезитинин энергетика жана айлана-чөйрө боюнча кабарчысы Жонн Бродер "Азаттыкка" Даниядагы сүйлөшүү аткарылышы милдеттүү болбогон саясий жарыялар менен аякташы мүмкүн деген пикирин билдирди:

– Менимче, жыйында өнүккөн өлкөлөргө ысытуучу газдарды белгилүү чектен ылдыйлатууга жолдомо берилет. Ал чек 2005-жылыбы, же 1990-жылбы, ал жылдагыдан 10 пайызга азайтылабы же 20габы, мындай нерселер такталбай калышы мүмкүн. Менимче өнүгүп келаткан өлкөлөр булганч газды азыраак чыгаруунун зарылдыгына макул болушат. Финансылоо жана адаптация жаатында да сөз болушу мүмкүн.

Али чечиле элек чоң маселелердин бири - индустриялашкан өлкөлөр, өзгөчө абаны ысыткан жагынан Кытайдан кийин эле экинчи орунда турган АКШнын булганч газдарын канчага азайтаары макулдашыла электиги.

Бродер белгилегендей, кеп АКШнын Конгресси көмүртек газын 2020-жылга чейин 2005-жылдын деңгээлинен 20 пайызга азайтууну караган мыйзамды Копенгагенге чейин жактырууга шашылбаганында болуп жатат. Ал эми АКШ өзүнө андай такталган тыкыр милдеттенме албаса, Индия, Кытай, Бразилия, Мексика, Орусия сыктуу тез өнүгүп келаткан, демек айлана-чөйрөгө зыяндуулугу да өсүп жаткан өлкөлөр өздөрүнө катаң милдеттенме алгылары келбейт.

Бирок Копенгагенге өтө эле пессимисттик мамиле жасабаш керек деп эсептегендер да жок эмес. Алардын бири - "Дүйнөлүк жапайы табигат" корунун Глобалдык Климат бөлүмүнүн жетекчиси Ким Карстенгсен:

– Бизге азыр саясий келишимдерди тактоо керек болуп жатат. Бирок алдыдагы апталарда бир катар жогорку деңгээлдеги демилгелер көтөрүлүшү мүмкүн. Алар Копенгаген жыйынында олуттуу чечимдердин кабыл алынышына жагымдуу шарт түзөт деп ойлойм. Убакыт жетиштүү эле, азыр саясий чечкиндүүлүк жетишпей жатат.

Европа биримдигинин мүчөлөрү ушул күндөрү жарды өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө байланышкан иш-чараларына каржылык жардам көрсөтүү маселесин талкуулап жатышат. Айлана-чөйрө жана климат министрлери ноябрда жыйын өткөрүшөт. Ал эми Евробиримдик Кошмо Штаттары жана Кытай менен атайын сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Анын аралыгында, Даниянын өкмөт башчысы Ларс Локке Расмуссен Копенгаген жараянын тездетүү үчүн мамлекет башчылары менен өкмөт жетекчилерин сөзгө тартууга аракет кылаарын билдирди.
XS
SM
MD
LG