Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Москвада активисттердин демонстрациясына уруксат берилген жок


Орус оппозициясынын буга чейинки айрым митингдеринде Болотная аянтына он миңдеген адам баткан эле.
Орус оппозициясынын буга чейинки айрым митингдеринде Болотная аянтына он миңдеген адам баткан эле.

Активисттер Орусияда үй-бүлөдөгү зомбулуктун айрым формаларынын декриминалдашуусуна нааразылык билдиришмек. Уюштуруучулардын айтымында, Москванын Болотная аянтында 28-январга белгиленген демонстрацияга 1000дей адам катышмак.

Бирок Москва мэринин кеңсеси аянтта жетиштүү орун жок жана жол кыймылына тоскоолдук кылат деген жүйө менен демонстрацияга уруксат берген жок.

Мамлекеттик Дума 25-январда экинчи окуудан карай турган мыйзам долбооруна ылайык, Орусияда эми үй-бүлөлүк зомбулуктун айрым формалары кылмыш деп эсептелбестен, аны жасагандарга административдик чара гана колдонулмакчы. Башкача айтканда айыппул гана төлөшөт.

Эл аралык "Мунапыс" уюму Орусиянын Мамлекеттик Думасын бул мыйзамды кабыл албоого чакырууда.

Ал үй-бүлөдөгү зомбулук көрүнүштөрү боюнча абалды оңдобостон, тескерисинче оорлоторун жергиликтүү активисттер да айтып жатышат. (UE)

XS
SM
MD
LG