Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Капылет болчу дагы бир финансылык кризисти алдын алуу максатында банктардын резервдик акчаларынын көлөмүн жогорулатуу боюнча эл аралык жаңы жобо кабыл алынды.

Бул дүйнөнүн 27 өлкөсүнүн борбордук банктарынын башчылары менен банктардын иштерин көзөмөлдөө органдарынын жетекчилеринин Швейцариянын Базел шаарында 12-сентябрда өткөн жыйынында кабыл алынган чечим.

Кыргызстандагы банктардын ишине сырткы жагдай эмес, бүтүндөй ички проблемалар жолтоо болууда.Б. Жаанбаева. Улуттук банктын төраймынын милдетин аткаруучу



Банктар кол тийбес корун көбөйтөт

Базелде кабыл алынган жаңы эрежеге ылайык, банктардын резервдеги акчаларынын мүмкүн болчу чыгымга карата катнашы 7 процент болушу абзел. Азыр бул көрсөткүч 4 процентке барабар. Жаңы жобо көпчүлүк кардарлар банктан алган насыясын кайтара албай калганда ырааттуу иштөөсүн камсыздоого тийиш. Ал эми акционердик капиталдын минималдык деңгээли банктын өздүк активдеринин 4,5 процентине тете болушу шарт. Ал азыр 2 процентти түзөт.

Казакстандык ипотекачы-кардарлар турак-жай кризиси боюнча коомдук угууда. Астана. 10-сентябрь 2010
Австриянын “Райффайзенбанкынын” Чехиядагы бөлүмдөрүнүн мурдакы башчысы Виктор Бланка банктардын кордогу акчасын көбөйтүүсү - банктарды коопсуз кыларын айтат: “Бул жаранакчы - акционерлерди банктын коопсуздугун жакшыртчу кадам. Себеби акыркы жылдардагы финансылык кризисте кээ бир банктардын кордогу акчасы аз болгондуктан, алар бүгүнгө чейин уланган кыйын кырдаалга кабылды. Эми жаңы нормада каралган акча кардарларга берилбей сакталат. Бул каражат банктардын кыйчалыш кырдаалда ырааттуу иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берет”.

Жаңы эреже - Европа борбордук банкынын төрагасы Жан-Клод Тришенин сөзүнчө - “капиталдын эл аралык стандартын фундменталдуу бекемдөө узак мөөнөттүү финансылык туруктуулукту” камсыздоого өбөлгө түзөт. Банктардын ишин көзөмөлдөө боюнча эл аралык Базел комитетинин мүчөсү, швейцариялык Даниэл Зубербюхлердин ишениминде, жаңы талап банктардын капсалаңдуу жагдайда өкмөткө жалдырабай иштешин камсыздайт.

Кредит кымбаттайбы?

Ошол эле учурда банктар мурдакыдан аз кредит берип калат, бул өз кезегинде рецессиядан эми гана оңоло баштаган өлкөлөрдүн өсүүсүн басаңдатат деген кооптонуулар да айтылууда. Бул пикирге Виктор Бланка кошулбайт.
Евробиримдиктин акча-монетардык иштер боюнча комиссары Олли Рейн Брююселдеги жыйында Словения, Люксембург, Мальта, Дания, Мажарстан, Литва, Латвия, Чехия, Польша жана Румыниянын стбилдүүлүгү жана конвергенция программасы боюнча жылдык баа менен тааныштырууда. 24-март 2010


“Мен антип ойлобойм. Менимче, кредиттин төлөмү мурдакыдан бир аз жогору болушу этимал. Анткени банк дайыма кризисте “жаздык болчу” акчаны бузбай кармап турууга тийиш болгондуктан, насыя кымбатыраак болот. Банктардын ишин тескөөнүн жаңы эрежесинин баасы ушундай болот деп ойлойм”,-деди австриялык адис.

Жаңы эрежеге өтүү АКШ, Британия, Швейцария сыяктуу өлкөлөргө чоң кыйынчылыкты жаратпайт. Себеби азыр эле банктардын резервдеги акчаларынын мүмкүн болчу чыгымга карата катнашы 9-10 проценттен кем эмес.

Казак банктары насыя кайтарылбайт деп коркту

Ал эми Кыргызстанда андан да бийик. Улуттук банктын төрайымынын милдетин аткаруучу Бактыгүл Жээнбаеванын “Азаттыкка” айтышынча, буга өлкө түштүгүндө июнь айында болгон коогалуу окуялар түрткү болгон.

Кыргызстандын HIPC программасына кирүүсүнө каршы Дүйнөлүк банктын Бишкектеги кеңсесинин маңдайында өткөн нааразылык акциясы. 6-декабрь 2006
“Биздин коммерциялык банктардын иши үчүн оорчулуктар көбөйдү.
Буга акыркы жылдардагы финансылык кризистен башка дагы апрелде, андан соң Ош жана Жалал-Абадда июнь айында болгон окуялар негиз болду. Бул окуялар коммерциялык банктардын кредиттик портфелине аябай таасир этти. Августта алардын резервдик акчалары жалпы кредиттик портфелинин 7 процентине барабар болсо, сентябрда 13 процентке чейин өсүп кетти. Биз учурда банктар менен чогуу алардын кредиттик портфелине мониторинг жүргүзүп, анализ жасап жатабыз. Балким резервдик акчаларынын үлүшүнү 15 процентке чейин көбөйтүү зарылдыр. Сентябрдын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин норма канча болору аныкталат. Кээ бир ишкерлер Ош менен Жалал-Абаддагы тополоңдо бизнесин жана там-жайларын жоготушту. Анын кесепетинен коммерциялык банктар резервдерин пайдаланууга аргасыз болушту.”

Бактыгүл Жээнбаева банктардын ишмердигин коопсуз кылуу боюнча Швейцарияда кабыл алынган чечим Кыргызстандагы тышкы инвесторлорго олуттуу таасир этпейт деп боолгойт.

“Бизде Еврапа өлкөлөрүнүн Италиянын “Унибанкы” эле бар. Банктардын ишин тескөө боюнча Базелде кабыл алынган жобо “Унибанктын” кредит саясатына таасир этпесе керек. Анткени “Unibank” Кыргызстанда ырааттуу иштөөдө. Капиталы ишенимдүү. Европалык банктардын жарнакчы-акционерлердин үлүштөрүн камсыздоо чаралары биздеги Казак банктарынын насыя берүүсүнө кедерги болушу ыктымалдыр. “Халыкбанк” менен "Казкоммербанк" быйыл өлкөбүздө болгон окуялардан улам жана шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу кардарларга насыя бергенди токтотушту. Ошентсе да европалык банктардын кол тийбес корун көбөйтүүсү казакстандык бул эки банктын кредит саясатына таасир эте албаса керек. Мен айтаар элем: Кыргызстандагы банктардын ишине сырткы жагдай эмес, бүтүндөй ички проблемалар жолтоо болууда,”-деди Улуттук банктын башчысынын милдетин аткаруучу Бактыгүл Жээнбаева.

Банктардын ишин тескөө боюнча 12-сентябрда Швейцарияда кабыл алынган жаңы жобо 2013-жылдан тартып, алты жыл арасында колдонууга киргизилет. Же банктардын өздүк каражатын көбөйтүүсү үчүн алты жыл берилет. Бул жобону өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн “Чоң жыйырма” тобу ноябрда Сеулда болчу саммитинде бекитүүгө тийиш.
XS
SM
MD
LG