Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Түштүк Кореяда тарыхта калчу саммит аяктады


Сеулда “Чоң жыйырманын” саммитинин катышуучулары өз өлкөлөрүндөгү валютаны мындан ары атаандаштык максатта арзандатууну токтотуу тууралуу макулдашты.

12-ноябрда “Чоң жыйырмага” кирген өлкөлөрдүн лидерлери экономикадагы талаш маселелер боюнча тил табышууга аракет жасашты.

Саммиттин катышуучулары валюта базарында туруктуулукту сактоодон сырткары дүйнөдө экономикалык кризис ала келген кыйынчылыктарды жеңүү маселелерин талкууга алышты.

Экономикасы өнүгүп келаткан мамлекеттерге мындан ары Эл аралык валюта корунун чечимине катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча тараптар тил табыша алышты.

Бюджетинде тартыштыгы бар АКШ өзүнүн арзан товарлары менен доллардын кунун качырган Кытай жана Алмания менен кайым айтышты. Расмий Бээжин юанды жасалма жол менен төмөн наркта кармап атышы Вашингтонду нааразы кылды.

Жакында эле АКШ федералдык такоол системасы америкалык экономиканы чыңдоо үчүн 600 миллиард доллар басып чыгаруу чечимин кабыл алган. Саммитте Кытай, Бразилия жана Алмания мындай чечимди сынга алышты. Акыркы үч жылдан бери дал ушул мамлекеттер АКШда өз товарын сатып, пайда таап, экономикасын тың кармап турушат. Эгерде доллар наркы төмөндөсө анда соодадан түшкөн пайда да ылдыйларын эске алып, алар каршы чыгышууда.

Айрым талдоочулар, мындай ачык кайым айтышуу “Чоң жыйырманын” саммитинде алгачкы жолу болуп атканын айтышат. “Атлас” иликтөө корунун кызматкери Эдвард Хажингс:

- АКШ бул ирет Кытай, Алмания жана башка өлкөлөр менен тирешти. Себеби экономиканын кризистен кийин оңоло башташы менен бири-бирине карама каршы келчү жол изделүүдө.

Петерсон атындагы эл аралык экономика институтунун адиси Гэри Хуфбауердин баамында, саммит тил табыша албоону эске салган жыйынтык берет:

- Азырынча сыртынан анча жакшы эмес. Саммитке катышып аткандар ортосундагы пикир келишпестик кыйла курч. Бирок лидерлер аны билдирбөө үчүн дагы эле бири-бирине жасалма жылмайып жатышат.

XS
SM
MD
LG