Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Европада террордук кутумдун бети ачылдыбы?


Бомба коюлган деген маалыматтардан улам Париждеги Эйфел мунарасынан адамдар ушул ай ичи эки ирет эвакуацияланды. Бирок ал кабарлар жалган болуп чыкты.
Бомба коюлган деген маалыматтардан улам Париждеги Эйфел мунарасынан адамдар ушул ай ичи эки ирет эвакуацияланды. Бирок ал кабарлар жалган болуп чыкты.

Батыш өлкөлөрүнүн атайын кызматтарына “ал-Каида” террордук уюмунун масштабдуу кутуму жөнүндө белгилүү болгон. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдирүүдө.

Ал кутумдун алкагында Британия, Франция, Германиянын ири шаарларында террордук чабуулдарды жасоо мерчемделген.

Үзгүлтүккө учураган террор чабуулдары Пакистандан даярдалган

Чалгын кызматтарына белгилүү болгон маалыматтарга караганда, Британия, Франция, Германияда ишке ашыруу белгиленген террордук чабуулдар Пакистандан пландалган. Батыш басма сөзү бул тууралуу чалгын кызматтарындагы аты аталбаган булактарга шилтеме жасоо менен кабарлашууда. Би-Би-Синин жазганына караганда, “ал-Каиданын" акыркы жылдардагы эң олуттуу террордук планы бул топтун Пакистандын уруулар жашаган аймагында башкалкалап жүргөн жетекчилиги тарабынан даярдалган. Пакистандын уруулар жашаган аймагы “ал-Каида” согушкерлеринин очогу катары да эсептелинет.

Мерчемделген кол салуунун алкагында адамдарды адегенде барымтага алуу жана кийинчерек аларды өлтүрүү да белгиленген. Кол салуу Индиянын Мумбай шаарында 2008-жылы күзүндө жасалган чабуулга окшош ыкмада ишке ашырылмак. Анда Мумбайда чет элдик туристтер токтогон мейманканаларга, башка жайларга жасалган чабуулдан 170тен ашуун киши каза тапкан эле.

Британиянын Sky news телеканалынын кабарына караганда, Европанын үч өлкөсү менен АКШнын ортосунда чалгын маалыматтарын алмашуулардын аркасында бул кол салуу планы ашкереленгендиктен, үзгүлтүккө учураган.

Ал эми АКШдан ABC телеканалы пландалып жаткан чабуул тууралуу маалымат террорчу деп шектелген немис жаранынан алынганын кабарлады. Европага бара жаткан кезинде кармалган ал адам азыр Ооганстандагы Баграм аба базасында кармалып турат. Америкалык расмий өкүлдөр Баграмда камакта отурган ал кишиде немис паспорту болгонун ырасташты.

Европанын расмий өкүлдөрү пландалган кутумду ырасташа элек, бирок бул маалымат Британия, Франция, Германия коопсуздук чараларын күчөтүп, улуттук коркунучтун деңгээли көтөрүлгөн учурда пайда болууда.

Соңку маалыматты утурлаган эскертүүлөр

Британиянын МИ 5 коопсуздук кызматынын башкы директору Жонатан Эванстын 16-сентябрда айтканына караганда, адамдардын өлүмү менен коштолуусу ыктымал чабуул тобокелчилиги жогору бойдон калып жатат.

АКШдан болсо ички иштер министри Жанет Наполитанонун 22-сентябрда айтканына караганда, террордук уюмдардын “активдүүлүгүнүн күчөшү” Батыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Европа мамлекеттерине коркунуч жогорулаганынан кабар берүүдө.

Ыктымал чабуул боюнча тынчыздануулар француз борбору Парижде күчөп, ушул шейшемби күнү да айтылуу Эйфел мунарасынан туристтер эвакуацияланды. Бомба жарылары жөнүндөгү жалган маалыматтардан улам мындай эвакуация ушул ай ичи эле экинчи ирет орун алып олтурат. Француз ички иштер министри Брис Ортефе өлкө террордук чабуулдун реалдуу коркунучуна кабылып олтургандыгын 20-сентябрда эле эскерткен:

- Мен башка суроолорго жооп бере албайм, бирок коркунучтун реалдуулугун ырастай алам. Биз кыраакылыкты күчөттүк, террор боюнча эскертүүнүн деңгээли кызылга, башкача айтканда мүмкүн болгон эң жогорку чектен кийинкисине чыгарылды.

АКШнын Улуттук чалгын мекемесинин директору Жеймс Клаппер ушул шейшембидеги билдирүүсүндө Европага мерчемделген кутумду комментарийлеген жок, бирок “биз "ал-Каида" Европага жана АКШга кол салууну кааларын билебиз”,-деп айтты.

Америкалык “Wall Street Journal” басылмасынын жазганына караганда, АКШнын Борбордук чалгын кызматы Европанын шаарларына мерчемделген кол салууларга жол бербөө боюнча аракеттердин алкагында Пакистандын уруулар көзөмөлдөгөн, борбордук бийликтин тартиби иштебеген аймактарындагы буталарга учкучсуз башкаруудагы учактар менен сокку урууну күчөттү.

“Washington Post” басылмасы болсо америкалык расмий өкүлдөрдүн Европага кол салуу боюнча коркунучтарды “ишенимдүү, бирок конкреттүү эмес” деген мүнөздөмөсүн келтирет.

Ал эми Пакистандын расмий өкүлдөрдүн билдирүүсүнө караганда, учкучсуз башкаруудагы америкалык учактар Ооганстан менен чектеш жана уруулар жашаган аймактарга ушул ай ичи эле 20дай сокку урган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG