Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

КМШ өлкөлөрүндөгү баралына жеткен ар бир төрт жарандын ичинен эң кеминде бирөө убактылуу иштегени, же окуганы чет өлкөгө кеткенге даяр. Мындай көрсөткүчтү миграция толкунун изилдеген Америкалык «Галлуп» (Gallup) деген уюм мурда Советтер союзуна кирген 12 өлкөдө иликтөө жүргүзүп, ал жактагы калктын эң кеминде 70 миллиону убактылуу, ал эми 30 миллиону биротоло көчүп кеткенге даяр экенин аныктады.

Бул жыйынтыктар 2009-жылдагы изилдөөнүн негизинде жасалган. Убактылуу иштеп же окуу максатында, же толугу менен көчөйүн дегендердин эң көбү Арменияда экени аныкталды. Армяндар дүйнөдө эң чоң диаспоралары бар калктын бири. Өлкөнүн ичинде жашагандардан тышта жашаган армяндардын саны арбын.

Мындан тышкары “Галлуптун” жыйынтыктарына караганда, биротоло көчүп кетүүнү каалагандардын чоң пайызы сыртта жашап, иштеген туугандарына көз каранды. Мисалы, молдовалыктардын 54%, армениялыктардын 32% жана беларусиялыктардын 30 пайызы чет жакта жашаган туугандарына же тааныштарына таянат. Албетте жашаган жериндеги жумушсуздук мындай бийик көрсөткүчтөргө көп учурда кошумча себеп болот.

Ал эми Кавказ жана Борбордук Азия боюнча убактылуу башка жакта иштеп же окугусу келгендердин саны биротоло жер алмаштырганды көздөгөндөрдүн пайызына караганда бир канча чоң. Убактылуу мигрант болгусу келгендердин 68 пайызын түзгөн үчтөн эки бөлүгү биротоло көчүп кетүүнү каалабайт. Мындай санды изилдөө көрсөттү.

Ошондой эле “Галлуп” кайра кайтып келген мигранттар өз өлкөсүнө келечекте маанилүү жаңы тажрыйба жана билим алып келерин белгилейт. Ал деген келечекте кайта турган мигранттардын көпчүлүгү өз өлкөлөрүнүн экономикасына инвестициянын бир түрү боло турганын билдирет.

Июндагы Кыргызстандын түштүгүндө болгон коогалаңдан бери өлкөдөн көчүп кетүүнү каалаган, же эмдигиче жер которгон жарандардын саны кыйла өстү. Ал окуянын кесепетинен көчкөндөрдүн саны изилдөөнүн жыйынтыктарына кирбей калган.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, коогалаң башталгандан тарта Кыргызстандын түштүгүнөн 20 миңдей өзбек биротоло чыгып кетти. Башка булактар Кыргызстандын түштүгүнөн өзбектер гана эмес, орус, татар, атүгүл кыргыздар да тынч жакка көчүп кетүү маанайында жашап жатканын, ушу тапта далайы кетип жатканын кабарлоодо.

Өз алдынча иликтөө жүргүзгөн “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” курган маегинде түштүктө миграция толкуну күчөгөнүн ырастоого негиз бар деп белгиледи.

- Он сегиз миң адам чыгып кеткен болсо, ошонун он миң алты жүзү өзбек улутундагылар. Бул маалымат учак менен гана чыгып кеткендер. Унаа, темир жол аркылуу чыгып кеткендер да бардыр. Балким чек арадан мындай өтүп кетип жаткандар да бардыр. Чын эле болгон окуялардан кийин Кыргызстандан кеткендердин саны көбөйдү. Ошолордун басымдуу саны өзбек улутундагылар экендиги чын.

Орусияга жол тарткандардын бири - өзбек тектүү Кыргызстандын жараны Рахима Ибрагимова Ош, Жалал-Абаддагы окуялардан кийин өзбектерге Кыргызстанда калуу кыйын деп айтат.

- Эми бул жерде жашаш кыйын болуп калды. Көчөгө чыгуу мүмкүн эмес. Ошол үчүн бардыгы ушул жерден кеткенге аракет кылып атышат. Эми булардын ичинде биз бардыгын жаман деп айта албайбыз. Алардын ичинде жакшылары да бар. Бирок өзбектерге бул жерде келечек жок көрүнөт.

Ушул тапта түштүктөгү окуялардан бери Кыргызстандан канча жаран чыгып кеткенин жана ал өлкөнүн саясий, экономикалык абалына кандай таасир эте турганын так айтуу кыйын.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG