Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Дарыларга баш ийбеген бактерия


Түштүк-Чыгыш Азиядан Британияга кайтып келген жарандарда күчтүү дарыларга да туруштук бере алчу бактериянын жаңы түрү табылган. Дарылоодон өтүп жаткан бейтаптардын көпчүлүгү ал жакка арзан пластикалык хирургия жасатканы барышкан. Эми ал жактан кайткан 50 адамда ошол бактерия аныкталды. Көпчүлүк медициналык эксперттер инфекция эми дүйнө боюнча тарап кетиши мүмкүн, деп эскертип жатышат.

Буга чейин дүйнөнүн үшүн алган айтылуу чочко тумоосу эми кооптуу болбой калганын эки күн мурда Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму айтып чыккан эле. Арадан бир күн өтүп-өтпөй NDM-1 деген фермент табылганы маалым болду. Ал фермент кадимки бактерияны дарылоого баш ийбеген жаңы бактерияга айландырат. Бул болсо, медициналык кызматкерлердин айтымында, дарылоого такыр мүмкүн болбогон инфекциялык оруулардын тарашына түрткү болот.

Британиянын Саламаттыкты cактоо rызматынын өкүлү Дэвид Ливемор антибиотиктерге туруктуу бактерияны жок кылуу кыйын дейт.

«Учурда инфекцияларга каршы бир-эки антибиотик дагы эле колдонулат, бирок бул жаатта мүмкүнчүлүктөрүбүз бара-бара азайып баратат».

Мындан тышкары, айрым эксперттердин айтымында, бактерия бир адамдан экинчисине өтүшү мүмкүн деген коркунуч жок эмес.

«NDM-1 ферменти ар түрдүү бактерияларга өтүп, ар кандай диагноз коюлган бейтаптардын арасында тарап кетиши мүмкүн. Мындай учурда, баарыбыз чоң проблемага кабылабыз. Бири-бирине окшобогон инфекцияларды дарылоо андан да татаал болуп кетет», - деди Дэвид Ливемор.

Ошондой болсо да эл аралык уюмдар илдеттин алдын алууга болот дешет. Ал үчүн кадимки медициналык иш-чаралар жана атайын дезинфекциялоочу жабдуулар керек. Ошондой эле антибактериялык самын менен тез-тез кол жууп туруу зарыл, дешет эксперттер.

XS
SM
MD
LG