Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

Жакынкы Чыгыш: үмүт жараткан сүйлөшүүлөр


Вашингтондогу жолугушуу, Ак үй 1-сентябрь, 2010.

Вашингтондогу жолугушуу, Ак үй 1-сентябрь, 2010.

Вашингтондо 2-сентябрда Израиль жана Палестина лидерлеринин акыркы жыйырма айдагы алгачкы түз сүйлөшүүсү өтөрү күтүлүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн башталышынан улам жаралган үмүттөргө анын жуп алдында палестин согушкерлеринин төрт жөөт тургунун мерт кылуусу көлөкө түшүрдү.

Сүйлөшүүлөр Мамлекеттик департаментте АКШ Мамлекеттик катчысынын ортомчулугу астында болот. Мунун алдында тараптар менен президент Барак Обама жолугуп, аларды тынчтыкка жетүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого чакырды.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен палестин президенти Махмуд Аббастын Вашингтондогу сүйлөшүүлөрүнүн максаты эки тараптын алтымыш жылдан ашып кеткен чатагын чечүүнүн же АКШ президенти Барак Обама белгилегендей, Израиль менен коңшу, тынчтыкта жашаган көз карандысыз палестин мамлекети түзүлүүсүнүн жолун табуу.

Айрым аналитиктер сүйлөшүүлөрдүн азыркы айлампасынын деле ийгилик табарына анчалык ишенбей жатканына карабай, ал ондогон жылдарга созулуп кеткен эски жаңжалды чечүүдө бурулуш учур болуусу мүмкүн деп эсептегендер да бар. Сүйлөшүүлөргө АКШ жана Жакынкы Чыгыш лидерлеринин өздөрү да үмүт артууда. 1-сентябрдагы алгачкы жолугушууга Египет президенти Хосни Мубарак, иордан падышасы Абдалла да катышты.

Тынчтыкка үмүт

АКШ президенти Барак Обама Ак үйдө Биньямин Нетаньяху жана Махмуд Аббас менен жолугуп жатып, аларды тынчтыкка жетүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого чакырды. Ага катар сүйлөшүүлөрдө ийгилик болот деген кепилдик жоктугун моюнга алды, бирок түз байланыш гана тынчтыктын жалгыз үмүтү экендигин белгиледи:

- Иштин оор бөлүгү эми гана башталууда. Ийгилик да, иш оңунан чыкпай калуусу да мүмкүн. Бирок биз билген жалгыз нерсе, эгер аракет жасабасак, эч нерсе болбору турган иш. Эгер эки тарап бул сүйлөшүүлөрдү олуттуулук менен жүргүзбөсө, узакка созулуп кеткен жаңжалдын ириңдөөсү улана берет жана дагы бир муунду талап кылат, биз буга жөн эле жол бере албайбыз.

Жөөт премьери Биньямин Нетаньяху өз сөзүндө палестин президенти Махмуд Аббасты тынчтык үчүн өнөктөш деп атады. Эки ортодо тынчтык орнотуу үчүн убакыт бышып жетилгенин жана кандай макулдашуу болбосун Израиль талап кылып келген ишенимдүү коопсуздук кепилдиктери камтылуусу керектигин белгиледи:

- Эгер тынчтык жок болсо, баары утулат. Мен бул жакка тынчтыкка жетишүү үчүн келдим, ал жалпыбызга пайда берет. Мен бул жерге актануу издөө же актанганы келген жокмун, мен чечим табуу үчүн келдим.

Махмуд Аббас болсо сүйлөшүүлөр жеңил-желпи кетпестен кыйынчылыктар, көйгөйлөр менен коштолоруна токтолду, ага катар Израилди өз милдеттемелерин аткарууга үндөдү:

- Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун атынан биз сиздерди бир нече жылдык тажрыйбанын, сүйлөшүүлөрдүн негизинде өсөрүбүзгө, топтолгон тажрыйбадан сабак алууга, бул сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү кылууга, ошондой эле өз милдеттемелерибизди карманарыбызга ынандырып кеткибиз келет жана израилдиктерди да милдеттемелерин аткарууга, анын ичинде конуштардын курулушун тоңдурууга чакырабыз.

Талаштуу жана талылуу маселелер

Палестин президенти айтып өткөн конуштар - эки ортодогу эң талылуу маселелердин бири. Палестин тарап Израиль 1967-жылкы согушта оккупациялап алган же алар болочок мамлекет түзүлүүсү керек деп санаган аймактарда жөөт конуштарынын курулушу токтомоюнча, түз сүйлөшүүлөргө макул болбой келген. Израиль тарап Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги мындай аракеттерге он айга мораторий киргизген жана бул мөөнөт 26-сентябрда аяктоодо. Израилдин премьер-министри мораторийди узартуу жөнүндөгү чакырыктарды четке каккан.

Конуштардын курулушуна киргизилген мораторий Иерусалим шаарына жайылтылган эмес. Иерусалимдин саясий маккамы да - эки ортодогу эң талаштуу маселе. Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өзүлөрүнүн болочок мамлекетинин борбору катары көргүсү келет. Израиль болсо буга макул эмес. Мындан сырткары качкындар маселеси да бар.

Палестин тарап 1948-жылкы согуштан улам көчүүгө аргасыз болгондор жана алардын укум-тукумдары мурда жашаган жерлерине кайтып келүүсү же башка жактарда жайгашып калгандарга компенсация төлөнүүсү керек деп эсептейт. Ал эми Израилдин пикиринде, палестин качкындары анын азыркы чек арасынан сырткары жерлерде отурукташуусу абзел. Мындан сырткары Израиль болочоктогу палестин өлкөсү ага коркунуч туудурбагандай болуп демилитаризациялануусу керек деген турумду карманып келет. Палестиндер бул талапка караманча-каршы эмес, бирок маселе Израиль менен сүйлөшүүлөрдө талкуулануусу зарылдыгын айтып келе жатат.

Палестинадагы кош бийлик

Коопсуздук кырдаалын Газа сектору менен Иордан дарыясынын Батыш жээгин палестиндердин бири экинчисине атаадаш жана карама-каршы эки партиясы башкаргандыгы да татаалдаштырууда. Маселен Газа секторунда бийлик жүргүзгөн исламчыл "Хамас" тобу Израиль менен түз сүйлөшүүлөрдү четке каккан.

Вашингтондогу азыркы жолугушуунун жуп алдында төрт жөөт жаранын мерт кылган кол салуу үчүн "Хамастын" аскерий канаты катары эсептелген ал-Кассам бригадасы деген топ жоопкер болду. "Хамас" муну Вашингтондогу жолугушууга байланыштырбаганы менен кол салуу азыркы сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жасоо аракети катары бааланды. Бул окуяга жооп кылып, Израиль Иордандын Батыш жээгинин бир бөлүгүн камаласа, палестин коопсуздук күчтөрү ондогон адамдарды кармады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG