Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Ю.Лужков президенттин «ишениминен кетти»


Москванын мурдагы мэри Ю.Лужков.
Москванын мурдагы мэри Ю.Лужков.

28-сентярда Орусия президенти Д.Медведев Москванын шаар башчысы Ю.Лужковду «ишеним жоготкондугу үчүн» кызматтан алды. 18 жыл Москванын өкмөтүн жетектеп келген Ю.Лужковго карата маалымат чабуулу өткөн айда башталып, коррупцияга жана тууганчылыкка жол берген деп айтыпталган.

ИТАР ТАСС маалымат агенттиги президент Медведев мэр Ю.Лужковду «мамлекет башчынын ишениминен чыккандыгы үчүн» деген негизде кызматтан алганын жазып чыкты. Кызматтан алынганга чейин өкмөттүк маалымат каржаттары Юрий Лужковду коррупцияга баткан ишмердүүлүгү жана аялынын миллиардер ишкерге айланышына шарт түзгөнүн ашкерелеген маалыматтарды көрсөткөн.

Саясий серепчилер Кремл мындай маалыматтарды таратуу Лужковго шаар башчылыктан өз каалоосу менен тынч кетүүгө белги бергендигин, бирок өзүн «Москва жана москвалыктар үчүн керт башын сайып койгон жетекчи» катары көрсөткөн Лужков жогорку бийликтин ишараттын кабыл албай койгондугун айтышат.

«Бир нече жыл мурун кабыл алынган азыркы мыйзам кызматтан алуу менен ишеним жоготуу дегенди так чечмелейт. Ал эми Орусиянын жогорку мамлекет башчысы - президент тигил же бул губернаторго ишеним артпай туруп, кызматташып жаткандыгын элестетүү кыйын. Мына бул жерде ошондой болду. Бул биринчи ирет болуп отурат, бирок мындай нерселер дагы кайталанбайт деп айта албайм. Ал абалга жараша болот», деди президент Д.Медведев Москва мэри Лужковду кызматтан алуу тууралуу жардыкка кол койгондон кийин.

Орусия президентинин маалымат катчысы Наталья Тимакова буга чейин Юрий Лужковго өз кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун жумшагырак жолу сунушталганын айтып, анын эки гана жолу бардыгын түшүдүрдү. Биринчиси, президенттин атына арыз жазып өз каалоосу менен кызматтан чегинүү, болбосо мыйзамдык жактан катаалыраак саналган «ишеним жоготкондугу үчүн» деген негизде кызматтан алуу.

Оппозициялык саясатчы, «Тилектештик» кыймылынын лидери Борис Немцов "Азаттыктын" Орус кызматына «Президенттин ишениминен чыкты деген өтө каттуу айыптоо. Д.Медведев буга чейин мындай айыптоо менен Коряк, Ненец жана Амур аймактарынын башчыларын кызматтан алган. Алардын экөө кылмышка тиешеси бар болсо, бирөө кышка камылга көрбөй койгондугу үчүн айыпталган. Эми Ю.Лужковго каршы кылмыш иши козголбосо, президенттин бүгүнкү жардыгынын мыйзамдык күчү күмөн пайда кылат да эртең эле Лужков өз алдынча саясий күч болуп чыга келет» деген пикирин билдирди.

Орусиядагы либерал демократтар партиясынын лидери Владимир Жириновский Юрий Лужковдун кызматтан алынышын соңку 20 жылдагы эң кубанычтуу окуя катары баалап, «Ю.Лужков эч качан ээлеген ордун өз ыктыяры менен бошотуп бермек эмес. Жаңы мэр бардык министрлерди, башкармалыктардын жетекчилерин кызматтан алып, таптакыр башка шаар бийлигин түзүүсү керек» деп, ал тургай 28-сентябрды коррупцияга каршы күн катары белгилөөнү айтып чыкты.

Ошол эле учурда жаңы боло турган шаар башчыга ишеним көрсөтүү боюнча референдум өткөрүү сунушу да айтылууда. Учурдагы мыйзам боюнча москвалыктарда өз шаарын башкарууга түздөн-түз катышуу мүмкүнчүлүгү жок. Ошол эле учурда шаардык жогорку бийликтин алмашуусу жакындап калган кышка даярдыкка жана 2011-жылдын бюджетин кабыл алууга залакасын тийгизбесе экен деген тынчсыздануу жөнөкөй москвалыктардын арасында күч ала баштады.

Кызматтан четтетилген Юрий Михайлович Лужков 74 жашта, кесиби – инженер. 1991-жылы Москва өкмөт башчысынын вице-мэрлик кызматына келип, бир жылдан кийин шаар башчы болуп дайындалган. 1996, 1999, 2003-жылдары шаар башчылыкка кайра шайланган. 2007-жылы ал кездеги президент В.В.Путиндин сунушу менен кызматтык мөөнөтү узартылган. Юрий Лужков Москва өкмөтүн баш аягы 18 жыл жетектеп турду.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG