Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

НАТОнун 60 жылдык мааракесине арналган жыйын өтүүдө


Барак Обама менен Николя Саркози Страсбургда
Барак Обама менен Николя Саркози Страсбургда

Саммит Франциянын Страсбург жана Германиянын Кель шаарларында өтүүдө. Жыйырма сегиз өлкөнүн лидерлери бул жыйында альянстын алдында турган көйгөйлөрдү талкуулашууда.

Саммиттин алдында АКШ президенти Барак Обама Страсбургда Франциянын башчысы Николя Саркози менен жолугушуп, ал аяктагандан кийин эки президент маалымат жыйынын өткөрүштү. Лидерлер ооган маселесин, Россия менен алакаларды талкуулашты. Саркози Обаманын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын колдоорун айтты. Ошондой эле Россия менен мамилелерде эски ыкмалардан баш тартуу керектиги белгиленди.

Андан кийин Барак Обама жаштар менен суроо-жооп түрүндө баарлашып, экономикалык кризис, айлана-чөйрөнү коргоо, адам укуктары, жакырчылыкты жоюу багытындагы иштер өңдүү суроолорго жооп берди. Президент билим берүүнүн маанисине токтолуп, сабатсыз балдардын азыркы дүйнөдөн четте калуу коркунучу бар экенин белгиледи.

Айта кетчү жагдай НАТОнун 60 жылдыгына арналган саммит бул ирет Германиянын Кель жана Франциянын Страсбург шаарларында өтүүдө. Эки шаарды Рейн дарыясындагы Европа көпүрөсү байланыштырат. Обама Страсбургдагы жолугушуулардан кийин Келге учуп кетти. Ал жерден аны Германиянын канцлери Ангела Меркель тосуп алды.

Калган лидерлер да Кельге келип жатышат. Кечинде Баден-Баден курортунда кечки сый тамак уюштурулмакчы. Эртең болсо Түндүк Альянс Кеңешинин жыйыны болот. Расмий делегацияларды президент Николя Саркози Франциянын чегарасында күтүп алат. Ошол эле күнү аскерий парад уюштурулат.

Саммитте Ооганстан темасы талкууланаары күтүлүүдө. АКШ президенти Барак Обама шериктерине Ооганстан боюнча стратегиясын сунуш кылмакчы. Америка президенти европалык өлкөлөрдү Ооганстанга кошумча аскерлерин жиберүүгө үндөп келатат. Ооган маселеси апта башында Гаага шаарында өткөн ири эл аралык жыйында да талкууланган эле.

Азыр өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоо вазийпасын жеригиликтүү аскерлерге өткөрүп берүү жөнүндө көбүрөөк айтылууда. Аларды машыктыруу үчүн Франция полициячыларын жибериши ыктымал. Бирок айрым аналитиктер экономиалык кризис учурунда бул кошумча чыгымдарга алып келээрин эскертишүүдө.

Андан тышкары Франция бул жыйында альянстын биргелешкен командачылыгына кайтып жатканын расмий жарыяламакчы. Өлкө андан 1960-жылдары чыгып кеткен.

Жогорку деңгелдеги жыйын баштала электе эле антинатолук акциялардын катышуучулары полиция менен кагылышып, 100дөй адам кармалды. Бейшемби күнүн кечинде демонстрацияларды чагылдырып жаткан германиялык фотожурналист полициянын желим огунан жаракат алды. Лондондогу окуялардан кийин Страсбург менен Келдин полициясы өзгөчө даярдыкка келитирилди.

Страсбургда 10 миңдей полцициячы жайгаштырылган. Эң ири демонcтрация эртеңкиге белгиленүүдө, ага 60 миңдей киши катышат деп күтүлүүдө. Бейшембинин кечинен бери шаарда коомдук транспорт токтотулду. Мектеп, бала бакчалар, музей, театр өңдүү коомдук жайлар эки күн бою жабык болмокчу. Шаардын айрым тургундары буга байланыштуу нааразылыгын билдиришүүдө.

Обама менен Саркози Страсбургда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00

XS
SM
MD
LG