Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

НАТО саммити жыйынтыкталды


Франциянын Страсбург шаарында НАТОнун 60 жылдык мааракесине арналган саммит аяктады. Жыйын соңунда НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер альянстын жаңы баш катчылыгына Даниянын премьер-министри Андерс Расмуссен бекитилгенин жарыялады.

Бүгүнкү жыйынды баштап жатып, НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер аскерий операцияларда курман болгон жоокерлерди эскерүүнү сунуш кылды.

Андан кийин сөз алган Франциянын президенти Николя Саркози бул жыйынды Германия менен Франция биргелешип уюштуруп жатканын өзгөчө белгиледи. “НАТО – бул тынчтыктын уюму. Биз достугубузду көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек”, - деди Саркози.

НАТОнун тарыхында алгачкы ирет саммит эки мамлекет тарабынан уюмштурулуп жатканын айта кетели.

Саркози президент Обаманын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын колдоорун да кайталады.

- Президент Обама бул жерде достору бар экенин, Европа аляьнстын мындан да кубаттуу өзөгүнө айланаарын билиши керек. Себеби АКШ күчтүү шериктерге муктаж. Биз
трансатлантикалык байланыштарды өнүктүрүүнү жана Европанын коргонуу жагынан кудуреттүү болушун каалайбыз.


Германиянын канцлери Ангела Меркелден кийин президент Обама уюмга жаңы кошулган Албания менен Хорватияны куттуктап, эки өлкөнүн лидерлерине Түндүк Альянсты түзүү жөнүндөгү Вашингтон келишиминин көчүрмөлөрүн тапшырды.

Андан кийин лидерлер жабык жыйын өткөрүштү. Саммиттин жыйынтыктары боюнча өткөн маалымат жыйынында НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер альянстын жаңы баш катчысы болуп Даниянын премьер-министри Андерс Расмуссен бекитилгенин жарыялады. Франция менен Германия анын талапкерлигин колдоп келсе, Түркия каршы болгон эле.

Лидерлер Ооганстан боюнча атайын билдирүү кабыл алышты. Анда былтыр Бухарестте өткөн саммиттен бери Кабулдагы коопсуздукту камсыздоо вазийпасы дээрлик толугу менен Ооган аскерлерине өткөрүлгөнү, Ооган армиясынын кубаты өсүп жатканы айтылып, ошол эле маалда коопсуздукту орнотуу үчүн алдыда дагы көп аракеттер көрүлүүгө тийиш деп айтылат. НАТО Ооган армиясын, полициясын машыктыруу иштерин көзмөлдөй турган миссия жиберүү чечимин кабыл алды.

АКШ президенти Барак Обама Ооганстан жана Пакистанда Ал-Кайиданы жоюу керектигин айтып, Пакистанга согушкерлерге каршы күрөштө жардам берүү зарылдыгын белгиледи.

Саммитте Россия менен кызматташуу жөнүндө да сөз кылынды. Альянс андай кызматташтык пикир келишпестиктерди жоюуга мүмкүнчүлүк берет деп белгилейт. Жыйындын соңунда НАТОнун коопсуздугу боюнча билдирүү да кабыл алдынды.

Ал эми кечээ Германиянын Баден-Баден курортунда сый тамак уюштурулган. Анын алдында Германиянын канцлери Ангела Меркель альянстын жаңы баш катчысы боюнча маселе ошол эле күнү чечилет деп айткан эле.

Бүгүн эртең менен расмий делегацияларды Германия менен Франциянын чегарасында президент Николя Саркози тосуп алды. НАТОнун курман болгон жоокерлерин эскерүү чарасынан кийин чакан аскерий парад болду.

Бүгүн шаар көчөлөрүндөгү коопсуздук кечээкиден да күчөтүлдү. Эң ири демонстрация бүгүнкүгө белгиленген. Страсбургда 10 миңдей полициячы жайгаштырылган. Германия менен Франциянын чегарасында бир нече адам көпүрөнү тосууга аракеттеништи. Полиция аларга каршы көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду. Азыр да Страсбургдун булуң-бурчунда нааразылык акциялары өтүп жатат.






НАТОнун тарыхы кыска тасмада
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:27 0:00

XS
SM
MD
LG