Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:34

Балкан аймагындагы согуш бүткөндөн бери кыйла убакыт болсо да, мурдагы Югославиянын ордунда түзүлгөн көз карандысыз мамлекеттердин ортосунда алакалар дале начар. Айрыкча алардын бири-бири менен соттошкону улам көбөйүп, адвокаттардын иши чачтан көп болууда. Бирок аскерлерден турган армиядан көрө, адвокаттардын армиясы болгону артык деп жазат "Эркин Европа/Азаттык" радиолорунун директорунун орун басары Ненад Пейич. Пейичтин комментарийинде келтирилген пикирлер автордуку жана сөзсүз эле "Азаттыктын" позициясын чагылдырбайт.

Голландияда жайгашкан Эл аралык Акыйкаттык сотуна жакында мурдагы Югославиянын өлкөлөрүнөн геноцид боюнча үчүнчү арыз келип түшөт. Сербиянын тышкы иштер министри Вук Йеремич ушул аптада улуттук сыналгыдан анын өкмөтү Хорватиядан он миңдеген сербдердин качышына түрткү болгон 1995-жылдагы кол салуу үчүн Загреб бийликтерин сотко берээрин билдирди.

Йеремич жарыя жасаган күнү Эл аралык сот Хорватиянын Сербияга каршы арызын карай тургандыгын бышыктаган. Ал арызда Хорватия 1991-1995-жылдардагы согушта сербдердин чабуулдары геноцидге тете болгон деп ырастайт.

Ошону менен Сербия экинчи жолу геноцидде айыпталып Дүйнөлүк соттун алдында келмекчи. 2007-жылдын февралында Бириккен улуттардын соттору өлкөнү 1990-жылдардын башындагы Босния-Герцеговинадагы геноцид үчүн түздөн-түз жоопкерчиликтен арылткан болчу, бирок 1995-жылы Босниянын Сребреница шаарында 8 миң мусулман эркектин өлтүрүлүшүн Белград өкмөтү болтурбай койгон эмес деп тапкан.

Эгер эми аталган сот Сербиянын Хорватияга карата арызын кабыл алса, мындай айыптоо боюнча хорват өкмөтү биринчи жолу сот алдында жооп берүүгө тийиш болот.

Йеремич ошондой эле Сербия Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттик Көз карандысыз Хорват мамлекетинин сербдерге каршы кылмыштары тууралуу да маселени көтөрө тургандыгын билдирди.

Бул албетте таптаза эле саясий аркан тартыш. Сербиянын ал согуш боюнча арызданууга мыйзамдык укугу жок. Башкасын айтпаганда да, БУУнун геноцидди алдын-алуу конвенциясы 1948-жылы гана кабыл алынган. Ошондой болго да Сербиянын арызы анын өзүнө каршы кадамдарга түрткү болот. Загребдеги юрист Владимир Джуро Дегандын "Азаттыкка" билдиришинче, эгер Сербия эски иштерди козгосо, бул Белграддын БУУга 2000-жылы кошулганга чейинки өлкөнүн иш-аракеттери үчүн бүгүнкү Сербия жооп бербейт деген ырастоосуна кайчы келет.

Эгер бул өңдөнгөн тиреш күчөсө, Косово Сербияны генноцид айыбы менен сотко бериши мүмкүн. Анда эле Сербия Косового сербдердин куулушу боюнча айып коет. Бир өлкө өзү тааныбан башка өлкөнү сотко бере алабы жокпу, ошондо билинмекчи...

Былтыр Дүйнөлүк сот Босниядагы согуш кылмыштары үчүн Сербияны түз жоопкерчиликтен арылткандан кийин, Сараеводо айрым саясатчылар Босния-Герцеговина федерациясынын Мусулман-Хорват республикасы федерациянын экинчи бөлүгү болгон Республика Србскини геноцидде айыптап сотко берүү идеясы менен чыгышкан. Республика Србсканын жетекчилери дароо эле мусулмандар менен хорваттардын өздөрүн сотко берээрин айтып чыгышты. Эгер бул коркутуулар ишке ашса, бир мамлекет өзү менен өзү, болгондо да эки ирет, геноцид үчүн соттошмок.

Балким мындай соттошуу Балкан аймагы үчүн жылыштын жышаанасы. Канткен менен согушта кырчылдашкандан көрө, сотто кырчылдашкан артык эмеспи. Мурда канга-кан деген эскиден калган салттын арааны жүрсө, азыр эми айыптоого айыптоо деген түшүнүк үстөмдүк кыла баштады.

Балкан элдери мындай мыйзамдык тирешүүнүн баскычынан өткөндөн кийин, бул аймак Европалык интеграцияны көздөй баруучу жолго түшүп, түз сүйлөшүүлөргө өтүшөөрүн элестете алам. Бирок бул үчүн мамлекет башчылары тарых барактарын кайчылап кесип, өздөрүнө ылайыктуусун гана тандап албастан, тарыхый чындыкты бүт толугу менен кабылдоого даяр болушу керек.

Бир даанышман байкоочу "Балканда баары тарых тууралуу бир эле кинону көрүп жатышат, бирок киного баары ар башка убакта келишкендей, деги кино-залда ким жарыкты жандырат?" деп жазган эле.
XS
SM
MD
LG