Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:56

Батыш басма сөзүндө өткөн жума ичинде Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышынын абалына, АКШнын Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга көрсөтчү экономикалык жардамы тууралуу да сөз болду.

Human Rights Watch аталышындагы адам укуктарын коргоо уюмунун интернет баракчасында жарияланган бир макалада Кыргызстандын Жогорку Сотунда карала баштаган Ноокат окуясы талдооого алынып, жалпысынан жумуруятта тартип коргоо органдарында орун алганы билдирилген кыйнап-токмоктоолор жөнγндө маалымат берилген. Анда өткөн жылы Ноокатта болгон окуялардын кайра каралып жатышы, ошол окуя боюнча айыпталып жаткандардын тартип коргоо кызматчылары тарабынан кыйнап-кыстоого алынганы жөнγндөгγ айыптоолорду иликтеш жана өлкөдө адилеттγлγктγ кепилдике алыш γкγн чоң мγмкγнчγлγк экени билдирилген. Макалада “Кыргызстан кыйнап-кыстоолорго каршы БУУнун конвенциясына кол койгон бир өлкө болгонуна карабастан жумуруятта тергөө абагындагыларды ур-токмоко алуулар кγндөлγк көрγнγшкө айланып калганы” бышыкталат.

Eurasia View интернет баракчасы өткөн аптада жарыялаган макалаларынын бирин АКШнын Кыргызстан жана Тажикстанга болгон экономикалык жардамдарын көбөйтγγсγнө арнаган. Барак Обаманын администрациясынын мамлекеттик департамент γчγн сунуштаган бюджетинде эмки каржылык жылда Кыргызстанга болгон экономикалык жардамын 24,4 миллион доллардан 41,5 миллион долларга, а Тажикстанга жардамды 25,2 миллион доллардан 46,5 миллион долларга көбөйтγγ каралганы маалымдалган. Макалада аталган эки жумуруятка болгон аскердик жардамдар дагы арттырыла турганы билдирилет. Вашингтондун Афганистандагы согушка артыкчылык берγγ чечиминен кийин Борбор Азиянын стратегиялык мааниси кийинки аралыкта өскөнγ бышыкталып, макалада АКШ Афганистандагы талибтерге каршы кγрөшγп жаткан коалициялык кγчтөрдγ материал менен тейлөөнγн абалын жакшыртыш γчγн бγт Борбор Азиянын беш жумуруятын кучагына алган “тγндγк тейлөө тγйγнγн” уюштурганы; бул тγйγндγн эң начар бөлөгγ экономикалык кыйынчылыктарды баштан өткөрγп жаткан Кыргызстан менен Тажикстан экени билдирилет.

“Казак президенти Нурсултан Назарбаев Россияга көгγлтγр отунду алып чыгуучу кошумча бир боро линиясын куруу жөнγндөгγ жардыка кол койду. Бул - ГАЗПРОМдун Борбор Азия газы γстγндөгγ γстөмдγгγн чыңайт” деп жазат The Financial Times. 1,600 чакырым узундукта төшөлө турган боро линиясы Тγркмөнстан жана Казакстандан Россияга жылына 20 миллиард куб. метр көгγлтγр отун ташый турганы маалымдалган гезиттин макаласында, ЕБ Казакстан менен Тγркмөнстанды, Каспийдин жана Борбор Азиянын газын Россияны тегеректеп Европага алып чыгуусу болжолгон НАБУККО долбооруно кошулууга чакырганы, бирок эки өлкө өткөндө Прагада болгон жыйында ал сунушту четке кагышканы тең бөлγшγлөт.

Аталган гезитте жарыяланган айрым бир макалада болсо, “Европанын чегаралары Тγркияны да камтыш керек” деген пикир билдирилип, Франциянын президенти Саркози жана Германиянын канцлери Меркел караманча каршы болуп келсе дагы, Тγркия өңдγγ бир өлкөнγ түбөлүккө биримдиктин тышына айдап салыш чоң каталык боло турганы баса көрсөтγлгөн. Макалада ЕБнын Тγркияга каршы жγрγгγзγп келген олку-солку туруксуз саясаттары Тγркияда Евробиримдикке карата болгон коомдук пикирге терс таасирин тийгизип жатканы бышыкталат. “Эгерде ЕБ Саркози сунуш кылгандай, эшиктерин Тγркияга бγтγндөй жаап таштаса бул акыйбетин болжоп билγγгө болбой турган коркунучтуу натыйжаларга алып барат. Тγркия аскердик жана экономикалык жааттан алып караганда аймактык кγч болуп эсептелет“, - делинет макалада.
XS
SM
MD
LG