Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Борбор Азиядагы диний кырдаал батыш басма сөзүндө


Дүйнө гезиттери Түрк тилдүү жумурияттардын Азербайжандагы саммити тууралуу да сөз кылышты
Дүйнө гезиттери Түрк тилдүү жумурияттардын Азербайжандагы саммити тууралуу да сөз кылышты

Батыш басма сөзүндө өткөн жумада Борбор Азиядагы диний уюшмалар жана Түрк тилдүү жумуруяттардын саммити тууралуу да сөз болду.

“Тажик өкмөтүнүн өлкөдөгү диний уюшмаларды куугунтукка алуусу көздөгөн натыйжаны бербеши ыктымал”, - деп жазат Түркиянын Hurriyet Daily News гезити. Диний уюмдарга мүчө көптөгөн кишилер, соттолууну күтүп тергөө абактарында олтурушканы билдирилген макалада “Таблиги жамаат” аталган бир уюшма мисалга тартылып, негизги миссиясы динди жаю болгон бул уюм, бийликтегилер доо кылган өңдүү мамлекетке коркунуч туудурган бир топ эмес экени, өкмөттүн андайча топтогуларга темир муштум мамиле жасоосу анын мүчөлөрүн ого бетер радикалдаштырып, бекинүүгө түрткүлөшү ажеп эмес экени эскертилет.

“Талдоочулар, эл аралык исламдык кайра ойгонуу уюшмасы - “Таблиги жамааттын” максаты тууралуу экиге бөлүнгөн абалда. Айрымдары, Тажик өкүмөтү аларды жөн эле, радикалдуу Өзбекстандын Ислам кыймылы, жана Борбор Азияда шарыят мамлекетин курууну максаттанган Хизб-ут Тахрир өңдүү уюмдарга кошо салууда деп ойлошсо, башкалары “Таблиги жамааттын” айрым мүчөлөрүнүн эл аралык террор уюшмалары менен катышы бар экенин билдирүүдө. Бирок ал уюмга каршы бир гана кылмыш жазасын колдонуп күрөшүү тетири натыйжа берүүсү ажеп эмес”, - деп көрсөтүлөт макалада.

Stratfor Commentary аталган жеке чалгын уюмунун интернет баракчасы болсо, Өзбекстандын Ислам кыймылынын жетекчиси Тахир Йулдашевтин, АКШнын учкучсуз учагынан атылган бомба аркылуу өлтүрүлгөнүн билдирет. Баракчада жарыяланган макалада, Йулдашевтин өлүмү менен, Пакистандагы талиптер, Чыгыш Түркстан Уйгур согушчандары, Ьорбор Азиядагы башкача жоочу топтор менен “ал-Каида” уюму оор запкы жегени бышыкталып, аталган уюшмалар тууралуу кеңири маалыматтар камтылат.

“Түрки жумуруяттар жаңы бир уюм түзүштү” деп жазат Түркиянын "Радикал" гезити өткөн жумада Нахичеванда болуп өткөн 9-Түрк тилдүү өлкөлөрдүн президенттеринин саммити тууралуу жазган кабарында. Анда билдирилишине ылайык, саммит лидерлер кол коюшкан Нахичеван келишими менен толук кандуу уюшмага айланган. Келишим аркылуу түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчылары жана тышкы иштер министрлеринин кеңештери түзүлүп, уюшманын башкатчылыгы Стамбулга орношот. Саммит учурунда Түркиянын президенти Абдуллах Гүл сунуш кылган Түрк Олимпиадасын уюштуруу пикири кабыл алынган.
XS
SM
MD
LG