Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

Узакка созулган оорудан кийин 86 жашында СССРдин мурдагы тышкы иштер министри, Грузиянын мурдагы президенти Эдуард Шеварднадзе Тбилисиде көз жумду. Берлин дубалын кулатуунун 20 жылдыгын утурлай Шеварднадзе "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна маек куруп берген эле. (5-октябрь, 2009-жыл)

Мурдагы ССCPдин тышкы иштер министри Эдуард Шеварднадзе совет өлкөсүн кулатууга алып келген реформаны баштоочулардын бири. Кийинчерээк Шеварднадзе эгемен Грузияга келип, өлкөдөгү атуулдук жаңжалдан кийин президенттик кызматты аркалаган. 2004-жылкы түстүү ыңкылаптын аркасынан бийликтен кетүүгө мажбур болгон.

"Азаттык": Шеварднадзе мырза, Берлин дубалын кулатууга салым кошкон адамдардын катарында сиздин ысымыңыз да аталган. Сиз болсо бул Германия калкынын эмгеги деп айттыңыз эле. Жакында Лондондогу “Таймс” гезити Берлин дубалын кулатууга алты күн калганда советтик политбюро Германиядагы саясий жагдайга көзөмөл кылууга аракеттенгенин, тышкы иштер министри катары “биз бул ишти өз колубузга алсак жакшы болмок” деп айтканыңызды жазып чыгышты. Чын эле ушинтип айттыңыз беле?

Шеварднадзе: Германияны бириктирүү тууралуу чечим Оттавада НАТО жана Варшава келишимине мүчө өлкөлөрдүн жыйында 1990-жылы кабыл алынган. Биз ал жерде башка маселени карап жатканбыз, жыйын соңуна чыгып калганда мага катарлаш отурган АКШнын мамлекеттик катчысы Жеймс Бейкер “Эдуард, балким Германияны бириктирүүгө убакыт келди, сенин оюң кандай?” деп сурады. Мен бул тууралуу Батыш Германиянын тышкы иштер министри Ханс-Дитрих Геншерден сура деп айттым. Бейкер болсо Геншер буга макул экенин, бирок айрым коңшулар менен проблема болорун кошумчалады.

Кийинчерээк Британия премьер министри Маргарет Тэтчер эки Германияны бириктирүүгө каршы активдүү аракеттерди көргөнү белгилүү болду. Кыраакы Тэтчер Европанын борборунда күчтүү бириккен Германияны көрүүнү каалаган эмес.

"Азаттык": Өз эскерүүңүздө Германияны бириктирүү маселеси 1985-жылдын башында Горбачев менен Геншердин жолугушуусунда эле сөз болгонун жазасыз. Маселе андан ары кандай өнүктү? Горбачевдун ролу кандай болду? Маселен, 1986-жылы Германия канцлери Гельмут Коль Горбачевду фашисттик пропаганданын башчысы Гэббелс менен салыштырган сыяктуу каршы пикирлер болду эле.

Шеварднадзе: Горбачевдун көз карашы түшүнүксүз эле. Германияны бириктирүү мүмкүнбү деген суроого кээде “ооба” десе, кээде “жок” деп жооп берип койчу. Деги эле бул тууралуу сөз кылуудан качып турчу. Оттавадагы жыйында эки Германиянын биригиши тууралуу сөз болгондо, Бейкер Горбачевдун көз карашы кандай экенин билүүнү менден суранды. Мен болсо Москвага телефон чалып Горбачев менен бул тууралуу сүйлөшөөрүмдү айттым.

Кызыгы, биз буга чейин Горбачев экөөбүз Германиянын биригүүсү тууралуу эч качан сүйлөшкөн эмеспиз. Мен Горбачевго телефон аркылуу жыйын кандай өтүп жатканын баяндап, анан Германияны бириктирүү маселе көтөрүлүп жатканын айттым. Бириктирүүнүн механизмдери боюнча 2 + 4 деген эки Германия, Советтер Союзу, Улуу Британия жана Франция кирген план каралып жатканын да маалымдадым. Горбачев бир-эки мүнөттөй унчукпай калды. Андан соң, “Эдуард сен билесиңби, эртеби-кечпи маселе чечилиши керек. Биздин бул маселеге бут тосуп, проблема жаратпаганыбыз оң болчудай” деди.

Мен бул сөздү Бейкерге жеткирдим. Ошентип, Горбачевдун макулдугу менен процесс башталды. Албетте, Германиянын биригиши бир күндө эле болуп кетмек эмес. Тоскоолдуктар болду. Геншер айткандай, Германия өзү да бир топ маселе жаратты. Геншердин оюнда, бириккен Германия НАТОго мүчө болуш керек десе, Советтер Союзу буга каршы болчу. Жеке мен буга каршы эмес элем, узак соодалашуудан кийин Германиянын НАТОго кирүүсүнө макулдук бердик.

Экинчиден, согуштук куралдарды эмне кылуу керек деген маселе чыкты. Биз Германия НАТОго мүчө болсо, өзүнүн согуштук арсеналын кыскартууга милдеттенме алсын деген талап койдук. Орчундуу нерселер макулдашылды, иш башталды. Андай кийин Коль пайда болду.

Коль өз интервьюсунда Горбачевду Гэббелске теңеди. Андан соң карама-каршылык күчөп, мурдагы макулдашуулар жардын учунда турду. Мына ошондо Геншер экөөбүз мындай макулдашууга келдик. Менин агам Экинчи Дүйнөлүк согушта Брест шаарында курман болгон. Мен Геншерге Брестке кел, агамдын мүрзөсүнө чогуу баралы, бул Кольдун жанагы айткандарын жумшартат дедим. Андан кийин, Геншер экөөбүздүн Брестке бараарыбыз маалымдалганда, иш оң жагына бет алгандай болду.

Андан көп узабай, Коль Бундестагда сүйлөгөн сөзүндө Горбачевду Гэббелске салыштырганда – экөөнүн идеологиялык окшоштуктары үчүн эмес, моралдык жактан бирдей ишти аткарып жатканын айтканын түшүндүргөн.

"Азаттык": Биригүү процесси бир жылдан ашуун созулду. 1989-жылдын октябрь айында Берлин дубалы бузулганы менен, расмий биригүү 1990-жылдын октябрь-ноябрында ишке ашты. Ошол жерде эмне болуп жатты, адамдар кантип дубалдан өтүп жатышты?

Шеварднадзе: Адамдар дубалдын эки тарабына тең өтүп жатышты. Германия эч кан төгүүсүз бирикти, дүйнөнүн башка жеринде мындай учурда кан төгүлүшү мүмкүн эле.

"Азаттык": Аскердик каршылыктар болушу мүмкүн беле?

Шеварднадзе: Оо, албетте. Бирок биз ага чейин эле америкалыктар менен согуштук куралдарды азайтуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, макулдашууга келгенбиз. Советтик аскердик жетекчиликти буга макул кылуу өтө оор тапшырма эле, айрыкча аскердик жетекчиликтин башчысы Сергей Ахромеевди. Советтик коргоо министри бул иште өтө ыкшоолук кылып жатты, эгер кайсы бир чечиле турган маселе болсо Ахромеев менен мен сүйлөшчүмүн. Ал өтө катаал киши эле. Ал тургай Горбачевге чейин телефон чалган учурларым болгон. Андай кезде Горбачев, “Албетте, Ахромеевдики туура, бирок азыр Шеварнадзени колдообуз керек” деп айтчу. Ахромеев Германиянын биригишин, советтик аскерлерди чыгарып кетүүнү абдан катуу кабыл алган. Акыр-аягында өз жанын өзү кыйганга барды.

"Азаттык": Шеварднадзе мырза, эми кеп учугун Чыгыш Германиядан советтик армияны чыгарып кетүү кандай ишке ашканына бурсак. 2+4 планы 1991-жылдын март айында күчүнө кирген. Бирок Орусия тарап үч жылдан кийин 1994-жылы гана өз аскерлерин чыгара баштады. Деги эле процесс кандай өттү?

Шеварднадзе: Советтик аскердик күчтү Германиядан чыгаруу конвенциясы Даниянын Архус шаарында Коль, Горбачев, Ахромеев жана Геншер тарабынан жетишилген. Ошол эле жерде декларацияга да кол коюлган. Германия биздин армиянын чыгып кетүүсүнө канча акча төлөөрүнүн айланасында кайчы пикирлер болгон.

"Азаттык": Төлөмдүн өлчөмү тууралуубу?

Шеварднадзе: Ооба. Армияны алып кетүү каражатты талап кылат. Биз жыйырма миллиард АКШ долларын сурадык. Германиялыктар он алты миллиард берүүгө макул болушту. Анын үстүнө алты миллиард АКШ долларын насыя катары беришти. Демек, биз өз аскерлерибизди чыгарып, Советтер Союзунда аларга үй-жай куруп берүүгө жыйырма эки миллиард доллар алуубуз керек болчу. Ага карабастан, аскерлерди чыгаруу үч-төрт жылга созулуп кетти.

"Азаттык": Өз эскерүүнүздө, Горбачев Нобель Тынчтык сыйлыгын алып жаткан кезде, сиз совет парламентинин алдында советтик жетекчилик соңку кезде кабыл чечимдер боюнча катаал соккунун алдында тургам деп жазасыз. Горбачев болсо дал ошол чечимдер үчүн жогорку даражалуу сыйлыкка ээ болду. Бул жерде Сиз Горбачевге кандайдыр бир таарыныч айтып жаткандай сезилет.

Шеварднадзе: Албетте. Горбачев сыйлык алып жатканда эмне деди?.. Шеварнадзе дагы Нобель сыйлыгын алса болмок деп тим болду. Биз ошол катаал кезде, тоскоолдуктарга карабастан иштедик. Дүйнө жүзү мени таанып, мага ишенип калган, Горбачевго бул жакмак беле... Менин билишимче, Индияда эки киши чогуу Нобель Тынчтык сыйлыгын алган. Ошондой эле нерсе, Советтер Союзунда да болушу мүмкүн болчу, тилекке каршы, алар андайды каалашкан жок.

"Азаттык": Грузия президенти Михаил Саакашвили өткөн айда Улуттар уюмунун жыйынында сүйлөгөн сөзүндө - Европаны жасалма жол менен бөлүүнү токтотуу керектигин, ага Берлин дубалын мисал келтирди. Саакашвили сабырдуулук өтө маанилүү экенин айтуу менен ошол эле учурда жалпы элдин аракети баа жеткис деп баса белгиледи. Берлин дубалы бизге канадй сабак боло алат?

Шеварднадзе: Орустар ката кетирди. Албетте, грузин армиясы Сухумиге киргенде биз дагы туура эмес кадам жасадык. Эгер биз андай кылбасак, согуш оту тутанып кетмек эмес. Башка дагы катачылыктар болду. Орусия жикчил Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныды. Андай болсо, бул эки аймактан үч-төрт эсе чоң чечендердин эгемендүүлүгү эмне болот?

Батыш бизди колдоду, көпчүлүк өлкөлөр Грузияга сый көз карашта. Ал эми суроонун өзөгү Орусия менен Кошмо Штаттардын кызыкчылыктары кайсы учурда, эмнеде дал келет. Вашингтон Грузияга жардам бергиси келсе,Орусия НАТОго мүчө болууну самайт.

Эгер НАТО орустардын мүдөөсүн орундата турган болсо, анда соодалашууга болот. Орусия Грузиянын аймактык бүтүндүгүн таануусу керек. Андан соң Орусия НАТОго кире берсин. Башка маселелер боюнча да сүйлөшүүлөр керек. Бирок соодалашуусуз эч нерсени тез арада чечүүгө мүмкүн эмес.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG