Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:07

23-ноябрда Түштүк Кореянын аскерлери күжүрмөн даярдыкка келтирилди. Мунун алдында Түндүк Корея менен чек арада соңку жылдардагы эң олуттуу чатактардын бири орун алды.

Түндүк Кореянын оор артиллериясы деңиздеги чек арага жакын аралды аткылаганда ондогон имараттарда өрт чыгып, бийлик жергиликтүү тургундарды көчүрүүгө мажбур болду. Түштүк Корея бери дегенде эки аскерин жоготту.

Түштүк Кореянын президенти Ли Мен Бактын айтымында, ал коңшу Түндүк Кореянын деңиздеги талаштуу чек арага канатташ жайгашкан жана калк жашаган аралга жасаган артиллериялык соккусунан тутанган чатак андан ары кеңейип кетпөөсүнө жол бербөөгө аракеттенүүдө. Корей президенти бул тууралуу жер алдындагы бункеринде өкмөт мүчөлөрү менен чукул өткөргөн жыйындан кийин айтты.

Түштүк Кореянын маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Сеул Пхеньянды чагымдарын токтотууну, болбосо катаал жооп аларын эскертти.

23-ноябрда бир сааттай убакыт аралыгында аткылоого кабылган Йонпхендо аралында 1000дей адам жашайт. Аткылоодон соң аралдын үстүндө кара түтүн уюлгуп, ондогон имараттарда өрт чыккан. Бийликтер ал жерден жашоочуларды көчүрүүгө мажбур болушту. Түштүк Корея тарап бери дегенде эки жоокерин жоготту. Жыйырмадай киши, анын ичинде жөн-жай тургундар жаракат алган.

Маалыматтарга караганда, артиллериядан аткылоо Түштүк Корея Сары деңиздеги талаштуу чек арага жакын жерде адаттагы аскерий машыгуусун өткөрүп жаткан кезде башталган. Түштүк Корея тарап да жооп иретинде ок чыгарып, чатак дароо курчуп кеткен.

Эки өлкөнүн деңиздеги талаштуу чек арасы буга чейин да бир катар кагылышууларга алып келген эле. Быйыл мартта Түштүк Кореянын аскерий кемеси чек арага жакын жерде чөктүрүлүп, натыйжада 46 моряк каза тапкан. Сеул бул кырсык Түндүк Кореянын торпедо атуусунан болду деп ырастаса, Пхеньян айыптоону четке каккан.

АКШ айыптады, Германия сабырдуулукка үндөдү

Шейшембидеги окуядан кийин тараткан билдирүүсүндө расмий Вашингтон Түндүк Кореянын аракетин айыптап, Түштүк Кореяны коргоо боюнча милдеттемеси бардыгын дагы бир жолу кайталады. Ал эми чатакташып жаткан эки корей өлкөсүнүн жакынкы коңшусу – Жапониянын премьер-министри Наото Кан буларга токтолду:

- Биринчиден, мен биздин адамдардан бул окуя боюнча маалыматтарды топтоо үчүн болгон аракеттен баарын көрүүнү сурандым. Экинчиден, аларды түрдүү күтүүсүз жагдайларга даяр болуусун өтүндүм. Мен берген негизги эки буйрук ушулар.

Европадан болсо шейшембидеги окуяга байланыштуу тынчыздануу сөздөрү айтылды. Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле тараптарды сабырдуулукка үндөдү:

- Зордук-зомбулук болгондугу факт. Бул нерсе Европада бизди тынчыздандырат. Биз тараптардын баарын сабырдуулукка чакырабыз жана рационалдуулук менен ынтымак үстөмдүк кылат деп ишенебиз.

Орусия болсо эки тарапка кырдаалдын курчушуна жол бербөө зарылдыгын эскертти. Өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров мындай дейт:

- Бул жерде баары аскерий аракетке айланып кетиши мүмкүн. Бул мүмкүн болгон арганын баары менен качууну талап кылган эбегейсиз коркунуч.

Кыл учунда турган абал

Кытайдан, өлкө Тышкы иштер министрлигин өкүлү Бээжиндеги басма сөз жыйында эки корей өлкөсү тең тынчтыкка салым кошуусу керектигин белгиледи. Кытайлык өкүлдүн айтымында, Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотууга багытталган алты тараптуу сүйлөшүүгө тезинен кайтуу зарыл.

Анткен менен АКШнын Түштүк Корея боюнча атайын өкүлү Стефан Босуорттун билдиргенине караганда, Пхеньян өзөктүк программасын улантып жаткан шартта токтоп калган сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу мүмкүн эмес.

Бээжинден сүйлөгөн сөзүндө америкалык өкүл Түндүк Корея уран байытуу боюнча жаңы эле ачыктаган жайын мисалга тартты. Ал жай ушул аптага чейин жашыруун кармалып келген. АКШдагы Стэнфорд университетинин жакында ал жайда болгон окумуштуусу Зигфрид Хекер ага “таң каларлык” деген мүнөздөмө берген болчу. Жогорку деңгээлде байытылган уранды өзөктүк курал жасоодо колдонууга болот.

Айтор мындан улам Түндүк Корея эмне үчүн бир аптада эле дүйнөнү шок кылган эки окуяга барып жатат деген мыйзамдуу суроо жаралат.

Аналитиктердин пикиринде, мунун негизги жүйөөсү Пхеньяндагы жетекчиликтин Вашингтонго өзгөчө алты тараптуу сүйлөшүүгө кайтуусу же башка чегинүүлөргө баруусу үчүн кысым жасоону көздөгөндүгүндө жатышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG