Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

Ванкувердеги кышкы олимпиадада жердиги белорусиялык Елена Хрусталева биатлондон Казакстанга күмүш медаль утуп берди. Кышкы олимпиаданын таймашуулары күн өткөн сайын курчуп баратат.

20-февралдагы мелдештердин жыйынтыгына назар салсак австриялык, швейцариялык, швециялык, түштүк кореялык, голландиялык жана кытайлык спортчулар өнөрү менен таанылып, баш байгелердин ээлери болушту.

Лыжа менен бийиктиктен секирүү-трамплин мелдештеринде эр-азаматтар таймашты. Мында швейцариялык Симон Амманн биринчи орунду ээлеп, 144 метрден алыс секирип, жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Польшалык Адам Малыш күмүш байгелүү болду. Австриялык Грегор Шлиренцауэрге коло байге буюрду.

Кыз-келиндер арасында тоо лыжасынын супер-гигант жарыштарында австриялык Андреа Фишбахер Ванкувер олимпиадасынын чемпиону аталып, алтын медаль тагынды. Словениялык Тина Мазе экинчи, АКШнын өкүлү Линдсей Вонн үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Эр-азаматтар 30 чакырым аралыкка лыжа менен жарышып, мөрөй талашты.

24 жаштагы швед Маркус Халлер бардык атаандаштарынан алдыга озуп, Ванкувер олимпиадасынын чемпиондук алтын байгесине татыктуу болду. Анын өнөгү, мекендеши Юхан Олссон да марага үчүнчү келип, коло медаль тагынды. Германиялык Тобиас Ангерер экинчи орунду камсыз кылып, күмүш байгелүү болду.

Орусиялык Александр Легков канчалык аракет кылганы менен күйөрмандарынын үмүтүн актай албай, марага төртүнчү болуп келип, жеңилүү ызасын тартты.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну Жолдошбек Дөөталы уулунун пикиринде, Ванкувер олимпиадасында калыстар каталык кетирип, айрым өлкөнүн спортчуларына тартып койгон жагдайлар кездешүүдө.

Эр-азаматтар 1000 метрге шорк-трек коньки мелдешинде мөрөй талашып, улам мыктылары иргелди.
Акыры финалдык жарышта түштүк кореялык Юнг-Су Ли олимпиадалык рекордго жаны чек коюп, баш байгенин ээси болду. Анын мекендеши Хо Сук Ли дагы чеберчилиги менен айырмаланып, марага экинчи болуп келип, күмүш медаль тагынды.

Америкалык Антон Оно Аполо үчүнчү орунду камсыз кылып, коло байгелүү болду.

Кыз-келиндер дагы 1500 метрге шорт-трек коньки жарыштарында күч сынашты.

Натыйжада кытайлык Чжау Ян марага озуп келип, Ванкувер олимпиадасынын чемпиону аталып, алтын байгени олжолоп кетти. Түштүк Корея өлкөсүнүн өкүлдөрү Юн Бюл Ли жана Сын Хи Пак шорт-трек жарыштарында мыкты даярдыгын айгинелеп, күмүш жана коло байгени колдон чыгарышкан жок.

1500 метрге эр-азаматтар дагы коньки менен жарышып, натыйжада голландиялык Марк Тюйтерт финалдык мелдеште жеңүүчү деп табылды. Америка Кошмо штаттарынын өкүлү Дэвис Шейни экинчи орунду камсыз кылды. Норвегиялык Бокко Ховард үчүнчү орунду ээлеп, коло байгелүү болду.

21-февралда Ванкувердеги кышкы олимпиаданын сноуборддун ски-кросс ыкмасы боюнча эр-азаматтардын мелдештери жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрү аныкталат.

Биатлон боюнча эр-азаматтар 15 чакырым аралыкка лыжа менен жарышып, мылтыктан таамай атып, мөрөй талашат. Ошондой эле биатлондон кыз-келиндер дагы он эки жарым чакырым аралыкка жарышып, мылтыктан таамай атууга аракет кылышат.

Мындан сырткары адистердин баамында, эр-азаматтар арасында хоккей боюнча Орусия менен Чехиянын беттешүүсү финалдык таймашууга тете болмокчу.

Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымына караганда, кыргызстандык Дмитрий Трелевский тоо лыжасынын слалом жарышына катышып, 21-февралда мөрөй талашууга чыгат.

Караколдук спорт күйөрманы Канат Карыбаевдин пикиринде, Ванкувер олимпиадасынын таасири менен Кыргызстанда дагы кышкы спортко мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулса, Караколдогу лыжа спорт базасы эс алуучулардан сырткары кесипкөй тоо лыжачыларын даярдоого ыңгайлуу.

Ванкувер олимпиадасында лидерликти Америка Кошмо Штаттарынын командасы колдон чыгарбай, биринчи орунда ишенимдүү баратат. Учурда алар 6 алтын, 7 күмүш жана 11 коло медаль утуп, бардыгы 24 байгелүү болушту.

Экинчи орундагы Норвегия өлкөсү учурда 5 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медаль утуп алышты.

Учурда жеңип алган 4 алтын, 6 күмүш жана 4 коло медалдарды менен Германия өлкөсү үчүнчү катарда турат.

Кечээ оюн ээси - Канада өлкөсү 4 алтын, 3 күмүш жана 1 коло байгени утуп алуу менен төртүнчү орунда келаткан болсо, учурда Түштүк Корея аларды бир тепкичке ылдый түшүрдү. Себеби кореялыктардын бир күмүш байгеси канадалыктардан көп.

Азия аймагынан Кытай өлкөсү да таанылып, 5 медаль утуп алууга жетишти. Анын үчөө алтын, бирден күмүш жана коло байге болуп саналат.

Орусия болсо учурда 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло байгеси менен 12-орунда турат. Бир күмүш медалы менен Казакстан учурда 23-орунда келатат.

Олимпиадалык мөрөй талашып жатышкан 82 өлкөдөн учурда 26 мамлекет гана байгелүү орундарды камсыз кылууга жетишти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG