Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

АКШнын аэропортторунда коопсуздук чарасы күчөтүлдү


Амстердамдагы аба майданы.
Амстердамдагы аба майданы.

АКШда Коопсуздук чаралары күчөтүлөөр алдында “ал-Кайида” менен алакасы бар деп шектелген нигериялык жигит америкалык учакты жардырууга аракеттенгени айтылган. Исанын туулганы күнү белгиленип жатканда болгон бул окуяны АКШ бийликтери оңунан чыкпай калган бомба чабуулу катары баалашты.

Нидерландиянын борбору Амстердамдан чыгып, АКШда автоөндүрүштүн борбору катары эсептелген Детройт шаарына бара жаткан учактын бортунда 278 жүргүнчү жана экипаждын 11 мүчөсү болгон.

Кабарларга караганда, анын ичиндеги нигериялык жүргүнчү учак Детройтко жакындаган кезде сыртынан пиротехникага окшош келген жардыруучу затты күйгүзүү аркылуу дүрмөткө келтирүүгө аракеттенген.

Жүргүнчүлөр өрттү учурунда өчүрүүгө үлгүрүп калышты

Күбөлөрдүн айтымында, өзү ошол оттон олуттуу жабыркаган нигериялык жигитти жүргүнчүлөрдүн башка бири басып жыгылган. Учактагылардан башка эч кимиси жабыркаган эмес, бирок күбөлөрдүн бири Элиас Фаваз окуя жүргүнчүлөрдү дүрбөлөңгө салганын айтат:
Мунун баары 3-4 мүнөткө созулуп, учактагылар дүрбөлөңгө түштү.

- Башында биз аба толтурулган шар жарылып кеткендей үндү уктук. Бир минуттан кийин аялдын кыйкырыгын уктук. Ал “эмне кылып жатасың, эмне кылып жатасың”,- деп айткандай болду. Артыбызды караганда, бизден беш катардай нары жакта күрөш жүрүп жатканын көрдүк, сол тараптан болсо от жана түтүн чыкты. Бир адам ушунун баарын жасаган жигиттин үстүнө секирди. Биз эмне себептен өрт өчүргүч жабдууну алып келбей жатканын түшүнүүгө аракеттенип турдук. Бир аздан соң аны алып келишти жана өрт өчүрүлдү. Мунун баары үч-төрт мүнөткөкө созулду ал эми учакта дүрбөлөң өкүм сүрүп турду.

Учакта жардыруучу затты дүрмөткө келтирүүгө аракеттенген жигиттин ысымы Умар Фарук Абдул Муталлаб болуп чыкты. Күбөлөрдүн айтымында, анын бир буту толугу менен күйүп калган. Ал күйгүзүү аркылуу дүрмөткө келтирүүгө аракеттенген жардыруучу затты бутуна байлап жүргөндөй.

Учакты жардырмакчы болгон адам "ал-Кайида" атынан аракеттенген

Окуядан кийин түшкөн маалыматтарда ал полицияга “ал-Каида” террордук түйүнүнүн атынан аракеттенгени, жардыруучу затты Йеменден алганы тууралуу билдиргени айтылат. Ысымын атабоону өтүнгөн расмий өкүлдөрдүн маалымат агенттиктерине айтканына караганда, Муталлаб америкалык учакты АКШ аймагында жардыруу боюнча нускоону “ал-Кайидадан” алганын да билдирген. Анткен менен америкалык расмий өкүлдөр нигериялыктын бул ырастоосу тактала электигин да кошумчалашты.
Анын ысмы "олуттуу террордук байланышы бар" делгендердин тизмесинде болгон.

Америкалык жана нидерландиялык маалымат каражаттарынын кабарлары боюнча, 23 жаштагы Муталлаб Лондондогу колледждердин биринин студенти. Кабарларга караганда, анын ысымы АКШ чалгын кызматтары “олуттуу террордук байланышы бар” деп эсептеген адамдардын тизмесинде болгон. Бирок учакка киргизилбөөчүлөрдүн тизмесинде жок болчу.

АКШ президенти Барак Обама жүргүнчү учакты жардыруу аракети жасалганы тууралуу кабарды Гавайда эс алууда жүргөн жеринен укту. Ак үйдүн билдиргенине караганда, ал кырдаалга байкоо салуу менен улам жаңы маалыматтарды алууда.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, каттамдар ички же эл аралык экендигине карабай аэропорттордо коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Атап айтканда жүргүнчүлөрдүн жүгү, колунда алып жүргөн буюм-тайымдары жана өзү кылдат текшерүүдөн өткөрүлмөкчү. Бул максатта бомба бар-жогун жыт аркылуу билген иттер да пайдаланылат.

АКШнын контртерроризм боюнча Гаагадагы улуттук координаторунун айтымында, америкалык бийликтер Кошмо Штаттарды көздөй бардык каттамдарда да коопсуздуктун айрыкча чараларын белгисиз мөөнөткө күчөтүүнү суранды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG