Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Түркия-Кытай: таарынычтар жазыла баштады


Кытайдын өкмөт башчысы Вен Жиабао жана Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган.
Кытайдын өкмөт башчысы Вен Жиабао жана Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган.

Түрк өкмөтү кийинки жылдары байкалган динамикалуу тышкы саясатынын алкагында Кытай менен стратегиялык кызматташууну өнүктүрүүнү көздөгөн кадамдарга барууда. Бул максатта тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу иш сапары менен Кытайга барды.

Кансыз согуштан кийин дүйнөдө алмашкан тең салмактуулуктарга эриш-аркак Түркия бир чети Евробиримдикке мүчө болуу үчүн жигердүү реформаларды жасап, ошол эле учурда Кытай, Орусия жана кошуналары менен мамилелерин калыбына келтирүү саясатын жүргүзө баштады.

Бул көп кырдуу тышкы саясаттын алкагында Анкара Иран, Ирак, Сирия жана Орусия өңдүү кошуналары менен байланыштарын бекемдеп, аймакта жана эл аралык аренада таасирин алда канча бекемдеди.

Октябрдын башында Кытайдын өкмөт башчысы Вен Жиабаонун Анкарага сапары маалында келишимдерге кол коюлуп, бул өлкө менен мамилелерди бекемдөөгө жол ачылды. Жиабаонун Түркияга сапары маалында онго жакын эки тараптуу келишимге кол коюлуп, эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмүн 5 жылдын аралыгында 50 миллиард долларга жеткирүү максаты алдыга коюлду.

Вашингтон жактырган жок

28-октябрда Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу 7 күндүк иш сапары менен Кытайга жөнөп кетти. Бул сапар Уйгур автономиясындагы Кашгар шаарынан башталды. Давутоглу 29-октябрда Үрүмчү шаарынын губернатору Нур Бекри менен жолукту. Өткөн жылы уйгур тектүүлөр менен ханзу кытайлар ортосунда тирешүү болуп, 197 адамдын өмүрү кыйылып, расмий Анкара Кытайга нааразы билдириүүлөрдү жөнөткөн. Давутоглу Нур Бекри менен жолугушууда түрк-кытай мамилелеринин өнүгүүсү Чыгыш Түркстандагы тектеш калктарга да оң мүнөздүү таасир тийгизерин айтты.
Түркиядагы нааразылык

Түркиянын Кытай менен мамилелерин бекемдөө аракети жана бул алкакта биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү тууралуу келишим Вашингтондо суук кабыл алынды. Бул тууралуу Ахмед Давутоглу мындай деди:

- Бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктары төп келбеши табигый көрүнүш. Бир өлкө менен мамилелерди өнүктүрүп жаткан кезде башка маселелер келип чыгышы мүмкүн. Бир жак менен мамилелерди өнүктүрүп жаткан кезде экинчи тарап менен кризис пайда болушуна жол бербөө зарыл.

Түркия менен Кытай Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу маселесине абдан олуттуу маани бергенин белгилеген Ахмед Давутоглу, Түркия Уйгур автономиясындагы кризисти тынчтык жолу менен чечүү максатында Кытай жана Пакистан менен бирге үчилтик бир платформаны пландап жатканын айтты.

Кызматташтык жаңыдан гана башталды

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган өткөн жылы июлда Үрүмчүдө орун алган кандуу кагылышууга карата билдирүү жасап, Кытайды уйгурларга карата тукум курут жасоодо деп айыптаган. Расмий Бээжин да буга жооп жасап, Анкаранын бул туруму ушул калыбында сактала берсе эки өлкө ортосундагы мамилелер бузуларын эскерткен. Арадан көп өтпөй расмий Анкара Үрүмчү боюнча саясатын алмаштырып, Кытай менен мамилелерди оңдоо өнөктүгүнө дем берди. Анын натыйжасында байланыштар бекемделип, эки өлкө ортосунда аскердик кызматташуу келишими түзүлүп, Кытай аскерий аба күчтөрү Түркиядагы “Анадолу бүркүтү” деп аталган аскердик машыгууларга чакырылды.

Кытай Түркиянын бул кадамдарын жоопсуз калтырбады. Бээжин Уйгур автономиясындагы Коммунисттик партиянын “темир муштум” лидерин кызматтан алды жана аймактын экономикалык жактан ылдам өнүгүүсү, жумушсуздук жана жакырчылыкты азайтуу максатында 15 миллиард долларга бааланган программаны ишке киргизди.

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу менен бирге Кытайга ички иштер министри Бешир Аталай да барды. Ал Кытайдын тиешелүү жетекчилери менен эки өлкө ортосундагы уюшкан кылмыштуулук жана террорго каршы күрөшүү тууралуу келишимге кол койду.

XS
SM
MD
LG