Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:11

Чоң жыйырманын башчылары жыйынга чогулууда


АКШ президенти Жорж Буш "жыйырманын" лидерлеринин Ак үйдөгү расмий түштөнүүсү учурунда сөз сүйлөөдө. 14-ноябрь, 2008

АКШ президенти Жорж Буш "жыйырманын" лидерлеринин Ак үйдөгү расмий түштөнүүсү учурунда сөз сүйлөөдө. 14-ноябрь, 2008

Вашингтондо ушул дем алыш күндөрү Чоң жыйырманын лидерлери чогулушууда. “Экинчи Бреттон Вудс” (Bretton Woods) деп аталган жыйында финансылык кризиске туруштук берүүнүн мындан аркы кадамдары талкууланмакчы.

АКШнын турак жай тармагындагы кыйынчылыктардан башталган финансылык кризисти ооздуктоо чаралары азырынча каалагандай натыйжага алып келе элек. 13-ноябрда Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттери рецессияга туш болушканын, экономиканын жайлашы эмки жылы да токтобошу мүмкүн деген бүтүмүн жарыялады.

Европа Биримдигинин соңку баяндамасы евромейкиндиктин 15 өлкөсүндө алгачкы жолу рецессия башталганын бышыктайт. Орток валютаны кабыл алган ири мамлекеттерде быйылкы жылдын экинчи жана үчүнчү кварталында ички дүң продукциянын көлөмү 0,2 процентке төмөндөгөн.

Эл аралык валюта фондунун расмий тарыхчысы Жэймс Бафтондун ырастоосунда, Вашингтондогу саммит дүйнө лидерлеринин 80 жылдан берки олуттуу кризиске туруштук берүүгө чечкиндүүлүгүн далилдейт:


- Бреттон Вудста экономикалык кыйроонун кесепеттери кандай болоорун бардыгы жакшы түшүнүп, лидерлердин саясий эрки бир катар чечимдерге алып келген. Азыр да ошол эле абалдабыз. 20дай өлкөнүн жетекчилери 2 аптанын ичинде эле жолугушуу жөнүндө макулдашышканы кризиске олуттуу маани берилип жатканынын белгиси. Мындай мүмкүнчүлүктөн жакшылап пайдаланыш керек.

1944-жылы АКШнын Бреттон Вудс деген курортунда Эл аралык валюта кору жана Дүйнөлүк банктын түзүлүшү жөнүндө чечим кабыл алынган. Нью-Хемпшир штатындагы бул курортто өткөн жыйындын натыйжасында жогоруда айтылган мекемелерден тышкары эл аралык соода сатык жана финансылык мамиленин жаңы системасы түзүлгөн. Бул – дагы бир Улуу депрессияны алдын алуу жана Экинчи Дүйнөлүк согуштан жабыркаган Европаны кайра куруу үчүн жасалган.

Вашингтон саммиттинде дүйнөлүк финансылык түзүлүштү кайра карап чыгуу чакырыктары айтылат деп күтүлүүдө. Еврошаркет банк рыногуна катаң эрежелерди киргизүүнү колдойт. Маселен, Франция Эл аралык валюта фондуна көбүрөөк ыйгарым берүүнү сунуш кылууда. Башкача айтканда, Банк глобалдуу финансылык тескөөчү болуп калмакчы. Британия болсо салык системасында координацияланган иш-аракеттерди жактайт.

Бирок конкреттүү кадамдар боюнча мунасага келүү кыйын болмокчу. Себеби саммит катышуучуларынын экономикалары абдан айырмаланат. Чоң жыйырмага эң өнүккөн 8 мамлекеттен тышкары Кытай, Индия, Түркия өңдүү жаңы эле өнүгүп келаткан өлкөлөр да кирет.

Бир катар өлкөлөр өкмөттүн рынокту катураак көзөмөлдөшүн колдосо, башкалары бул эркин базар системасын алсыратат деп чочулашат.

АКШ президенти Жорж Буш бейшембиде билдиргендей, жаңы глобалдуу системаны кайра ойлоп табуу аракеттери кризистен чыгууга салым кошо албайт:

-Кризис эркин рыноктун жарамсыздыгынан улам келип чыккан жок. Андыктан андан чыгуу жолдорун системаны өзгөртүүдөн издебеш керек. Проблемаларды аныктап, реформаларды ишке ашырып, элге бакубат турмуш, үмүт алып келген эркин базар принциптери менен алга жылуу зарыл.

Арийне, Кошмо Штаттардагы кризисти жөнгө салуу вазийпасы мындан ары башка адамга жүткөлмөкчү. Жаңы шайланган президент Барак Обама бул жыйынга барбайт. Анын өкүлү катары саммитке мурдагы мамлекеттик катчы Мэдлин Олбрайт катышмакчы.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG