Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Чоң жыйырманын Вашингтон саммити аяктады


Вашингтондо аяктаган саммитте 20дай өлкөнүн лидерлери биргелешкен коммюнике кабыл алып, дүйнөлүк финансылык кыйроону алдын алуу үчүн бар аракет көрүүгө убада кылышты. Финансы министрлерине 31-мартка чейин 5 маселе боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылды.

Жетекчилер ошондой эле болочокто финансылык кризистерди болтурбоого, дүйнөлүк экономиканы жандандырууга багытталган бир катар чараларды колдошту. Билдирүүдө Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк өңдүү эл аралык финансылык институттарды реформалоо керектиги белгиленди.

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш жыйынды “натыйжалуу жана ийгиликтүү” деп атап, анда “реалдуу макулдашууларга” жетишилгенин белгиледи. Анын айтымында, лидерлер финансылык системаны башкарган азыркы эрежелер эскирип калганын моюнга алышты:


-Финансылык системаны 21-кылымдын талаптарына ылайыкташтыруу боюнча белгилүү бир принциптерди иштеп чыгуу жана бул багытта кадамдарды жасоо макулдашуусун жыйындын эң негизги жетишкендиги катары атайт элем.

Еврошаркеттин учурдагы төрагасы, Франциянын презденти Николя Саркози Европа бул саммитте биримдигин көргөзгөнүн айтып, кызыкчылыктары айырмаланган өлкөлөрдүн чогулуп, орток планды жактырышын “тарыхый” окуя катары баалады.

Саркози АКШнын рейтинг агенттиктеринин ишин көзөмөлдөө сунушуна акыр аягында көнгөнүн да белгиледи.

Ал эми Британ премьери Гордон Браун соода, финансылык стабилдүүлүк жана экономикалык экспансия чөйрөсүндө олуттуу чечимдер кабыл алынганына басым жасады. Саммиттин жыйынтыгы немис канцлери Ангела Меркелди да канааттандырды.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы саммиттин жыйынтыгы позитивдүү жана тең салмактуу болду деп билдирди.

АКШнын жаңы шайланган мамлекет башчысы Барак Обама бийик жолугушууга катышпаганы менен, жыйынга эки өкүлүн жиберген. Президент Буш Обама саммиттеги талкуулар жөнүндө кабардар кылынганын, окуялардын мында аркы өнүгүшү менен тааныштырылып тураарын айтты.

Саммиттин алдында америкалык лидер жалгыз өкмөт финансылык проблемаларды чече алат деген ой жаңылыш экенин эскерткен. Эркин рынок экономикалык өсүү үчүн эң ыңгайлуу шарт, - деди Буш. Жыйында да ал капитализмдин кубатына ишенээрин кайталады.

Финансы министрлери апрелге белгиленген бийик жолугушууга чейин 5 негизги маселе боюнча сунуштарын даярдоого тийиш. Жыйын болжолу менен Лондоно өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG