Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

АКШ ирандык министрлерге санкция жарыялады


Исламдык гвардиянын башчысы Жафари эми Америкага бара албайт.
Исламдык гвардиянын башчысы Жафари эми Америкага бара албайт.

АКШ ирандык мартабалуу сегиз жетекчиге «адам укуктарын одоно жана улам кайра» бузгандыгы үчүн финансылык жаза жарыялады. Бул укук бузуулар өткөн жайдагы талаштуу президенттик шайлоодон кийинки толкундоолорду күч менен басуу мезгилинде орун алган.

Жаңы санкциялар тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон 29-сентябрда Вашингтондогу маалымат жыйынында жарыялады:

- Бул расмий өкүлдөрдүн көзөмөлү алдында же алардын буйругу менен иран жарандары туш келди камалып, ур-токмокко алынып, зордолуп, коркутулуп, өлтүрүлгөн.

Президент Барак Обама 28-сентябрда кол койгон аткаруу жардыгында сегиз кызматкер, анын ичинде мурдагы жана учурдагы министрлер, Исламдык Ыңкылапчыл гвардиянын жетекчиси бар. Бул чара менен алардын менчигиндеги америкалык мал-мүлктү пайдалануу укугу токтотулат жана өздөрүнө АКШга барууга виза берүүгө тыюу салынат.

Клинтон адам укуктарын бузганы үчүн ирандык расмий өкүлдөрдү Кошмо Штаттары биринчи жолу жазалап жаткандыгын, бирок келечекте мындай нерсе кайталанбайт деп убада бере албай тургандыгын билдирди.

Мамкатчы санкциялар карапайым ирандыктардын жашоо-турмушуна залака келтирбейт деп сөз берип, буларды кошумчалады:

– Бул аткаруу жардыгына кол коюу менен президент Кошмо Штаттары бардык адамдардын универсалдык укуктарын колдой тургандыгын билдирет. Президент Обама өткөн аптада Бириккен Улуттар уюмунда айткандай, биз идеяларды кысымга алгандардын бетин ачабыз. Биз добушу жокторго добуш болуп кызмат кылабыз жана зордукчул өкмөттөр менен андай жеке адамдардан жооп берүүнү талап кылабыз.


Былтыр жайда президент Махмуд Ахмединежаддын кайра шайланышына нааразы болуп, миңдеген киши демонстрацияга чыккан эле. Бир нече аптага созулган толкундоолорду өкмөт күч менен баскан. Укук коргоочулар менен оппозициячыл топтор бийликтерди кыйноо, зордуктоо, киши өлтүрүүлөр, миңдеген кишилердин айып коюсуз камакта жатышы боюнча айыптаган.

АКШ чектөө киргизген адамдардын ар бири мына ушул өңдөнгөн зордукчулуктун эң аша чапкан учурлары үчүн жоопкер деп саналат. Мисалы, Исламдык Ыңкылапчыл гвардиянын кол башчысы Мохаммед Али Жафари жетектеген аскерлер тынч мүнөздөгү демонстрациянын катышуучуларын уруп, өлтүрүп, каалагандай камакка алган, мурдагы баш прокурор Саед Мортазави Ирандын акыйкаттык системасында өткөн тергөөдө түрмөдөгү кыйноодон кийин көз жумган үч саясий айыпкерди камакка алууга буйрук бергендигин аныктаган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти менен Казна департаментинин биргелешкен билдирүүсүнө ылайык, учурдагы чалгын министри Хейдар Мослехи Ички иштер министрлигин жетектеп турганда анын кол алдындагы куралдуу күчтөр 2009-жылдын 15-июнунда Тегеран Университетинин жатаканаларына жасалган чабуул үчүн жоопкер болгон. Анда көп сандаган студенттер урулуп-сабалып, камакка алынган.

Быйыл Кошмо Штаттары Ирандын банк жана финансы секторлоруна каршы бир тараптуу санкция киргизди. Ал эми Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Ирандын өзөктүк программасындагы маалымдуулуктун жетишсиздиги үчүн Тегеранга каршы төртүнчү ирет санкция жарыялады.

XS
SM
MD
LG