Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Обама Прагага келатат


Барак Обама Страссбургдан кийин Прагага учуп келүүдө
Барак Обама Страссбургдан кийин Прагага учуп келүүдө

АКШнын президенти Барак Обама бүгүн кечинде Прагага келип түшөт. Чехиянын баш калаасында ал бир күн болуп, Прага чебинде дүйнөнү ядролук куралдан арылтуу ниетин баяндамакчы. Бирок АКШ президентинин сапары Чехияда жергиликтүү саясат үчүн ыңгайсыз мезгилге туура келүүдө.

Европа Биримдиги менен АКШнын Прагада эртеңге белгиленген саммити чехтер үчүн жетишкендиктин туу чокусу болуп калмак.

Коммунизм кулагандан 20 жылдан кийин, НАТОго кошулгандан 10 жылдан кийин, ушул тапта Европа Биримдигинин өтмө президенти дагы болгон Чех жумурияты Европа менен Американын расмий элдешүү шеринесине баш көз болушу керек эле. Чехтер «ушу алакандай экс-коммунисттик өлкө кантип мындай чоң вазийпаны аркалай алат?» деп ийнин куушургандарды таң калтырмак.

Бирок баары ойлогондой болбой чыкты.

Мындан 10 күн мурда чех парламенти Мирек Тополанектин өкмөтүн ишенимден ажыраткандан кийин, бийлик убактылуу президент Вацлав Клаус тарапка ооду. Ал эми Клаус көп маселелер боюнча Батыш лидерлеринен айырмалуу пикирде экендиги жакшы маалым.

Европа Биримдигинин желегин өз кеңсесинин сыртында илип коюдан да баш тарткан Клаус Жердин абасын адам баласы ысыткан жок, өзү эле ысып жатат деп эсептейт, учурдагы глобалдык экономикалык кризисти сасыктумоого теңеп, эч кандай чара көрүштүн кереги жок деп келет.

Ушундан улам чехиялык баяндамачы Йири Пехе Евробиримдиктин ири өлкөлөрү демилгени өз колдоруна алууга мажбур болуп жаткандыгын мындайча белгиледи:

- Албетте Европа Биримдиги үчүн мунун баары бетке чиркөө. Өз өлкөсүндө жетиштүү мандаты болбогон өлкө европалык деңгээлде авторитетке ээ боло албайт. Ошондуктан, Чех жумурияты Европа Биримдигинин формалдуу президенти болуп кала берет, жолушууларды, самиттерди уюштурат. Бирок саясий жетекчилик Батыш Европалык ири мамлекеттерге ооп жатат.

Ушундан улам болсо керек, АКШнын президенти Барак Обама президент Клаустун сый тамакка чакыруусунан баш тартып, бүгүн кечинде жубайы Мишел менен Праганын ресторандарынын биринде тамактанмак болду.

Эртең Обама байыркы Прага чебинде ачык асман алдында сөз сүйлөп, ядролук куралдан арылуунун жолдору боюнча ой бөлүшөт.

Экс-президент Буштун мезгилинде Кошмо Штаттары Чехия менен Полшада ядролук ракетадан коргонуу калканчын жайгаштырмак болгон, бул маселеге Обаманын кайрылаар-кайрылбаары белгисиз. Бирок ал эртең Полшанын жогорку жетекчилиги менен жолугушканда, бул туурасында сөз болушу мүмкүн.

Чех, Полша өкмөттөрү мындай калканчты колдогон менен, калк арасында ага каршылык күчтүү. Жекшембиде түштөн кийин радарга каршыккандардын демонстрациясы өтөөрү тууралуу жарнамалар азыр шаардын туш тарабында илинип турганын көрүүгө болот.

Учурдагы президент Вацлав Клаус менен жолугушуудан баш тарткан Обама бирок өлкөнүн мурдагы мамлекет башчысы Вацлав Гавелге учураша тургандыгы маалым болду.

- Обама Чехияда бир жолукса, Вацлав Гавелге жолугат. Ал Түштүк Африкага барса, албетте Нелсон Манделага учурашмак. Гавел Чыгыш Европадагы өзгөрүштөрдүн башатында турган адам эмеспи, - дейт баяндамачы Йири Пехе.

Ошону менен өз өлкөсүн өзгрөтөм деп шымаланган америкалык президент бир кезде өз өлкөсүн таанылгыстай өзгөрткөн ардагер диссидент Гавел менен кол алышат. Прагадан кийин чет элдик сапарын улантып, Обама Түкияны көздөй жол тартмакчы.

XS
SM
MD
LG