Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Обама Түркияга эки күндүк сапар менен келди


Обама бүгүн гүл койгон Ата-Түрктүн күмбөзүнүн сыртында аскерлер кайгуулда турушат, 6-апрель, 2009-жыл
Обама бүгүн гүл койгон Ата-Түрктүн күмбөзүнүн сыртында аскерлер кайгуулда турушат, 6-апрель, 2009-жыл

Барак Обама бүгүн Түркияда расмий сапарын баштады. Бул анын бийликке келгенден кийин калкынын басымдуу бөлүгү мусулмандар болгон өлкөгө биринчи жолу барышы. Бирок дин менен мамлекеттин алакасы боюнча талаш-тартыш күчтүү болгон бул өлкөдө АКШнын президенти мусулман дүйнөсүнө кайрылуу жасабай тургандыгы кабарланууда.

Барак Обаманын Түркиянын негизги оппозициячыл партиясынын жетекчилери менен жолугушуусу да пландаштырылган. Алтургай ал күрдү партиясынын башчысына кездешээри кабарланууда.

Обамага Түркия Ирак, Кавказ, Иран сыяктуу бир катар олуттуу маселелерди козгоого жагымдуу ыңгай түзүүдө. Вашингтон «америкалык аскерлер Ирактан чыгарылып жаткан чакта Анкара жана коңшу өкмөттөр мындагы саясий стабилдүүлүктү жакшыртууга салым кошот» деп үмүттөнүүдө. Ал эми Түркиянын Армения менен чек арасын ачуу ишаараты Ак үйдү Анкаранын Кавказдагы таасири бекемдейт деп үмүттөндүрүүдө.

Түркия ошондой эле Сирия, Израил, Ооганстан, Пакистан сыяктуу аймактагы ар кыл оюнчулар менен алакалар боюнча АКШ менен жакындан кызматташа алмак.

Түркиялык серепчилер премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтү өлкөнүн аймактагы ири дипломатиялык борборго айланышына ынтызар экендигин, бул жаатта Обама менен иштешүүгө даярдыгын белгилешүүдө.

Ошол эле убакта Обама Эрдоган менен ашыкча ымалашып кетсе¸ Түркиянын тасирлүү секулярдык структураларынын нааразылыгын жаратышы мүмкүн. Диндин мамлекеттен бөлөк болушун жактаган түрк армиясы буга чейин Вашингтондун Түркияны мусулман өлкө катары мүнөздөшүн жактырбай келген.

Бул тууралуу Анкарадагы «Тодейз Заман» гезитинин баяндамачысы Лале Сары Ибрагим уулу мындай дейт:

- Экс-президент Жорж Буштун администрациясы Түркияны дүйнөдөгү сабырдуу исламдын үлгүсү деп сүрөттөгөндө, бул армия башында турган түрк элитасын кыжырдантчу. Бирок АКШнын азыркы мамкатчысы Хиллари Клинтон бул жакка келгенде ага «биздин конституциябыз секулярдык болгондуктан, бийлик элитасы АКШнын Түркияны исламдык өлкө деп мүнөздөшүн жактырбайт» деп айтышкан. Ошондо Клинтон Обаманын администрациясында мындайга жол берилбейт деп убада кылган.

Обама бийликке келгенден кийин 100 күндүн ичинде мусулман дүйнөсүнө кайрылуу жасоого сөз берген, бирок ал мындай кайрылууну Түркияда жасабайт шекилдүү.

Алириза Бүлент - Вашингтондук саясат таануучу. Анын айтымында, Ак үй Обаманын Түркияда айткандары ал убада кылган мусулман дүйнөсүнө кайрылуу эмес экендигин баса белгилеп жатат, бирок Обаманын бул өлкөдөгү сөзүнө бардык мусулман өлкөлөрү кунт коюп кулак салышмакчы.

Эки күндүк сапарынын алгачкы күнүн америкалык президент Анкарада Түркиянын негиздөөчүсү, анын секулярдык багытын аныктаган Ата-Түрктүн күмбөзүнө таазим этүүдөн баштады. Анан президент Абдулла Гүл менен учурашты, жакынкы сааттарда ал парламентте чыгып сүйлөгөнү жатат. Обама бүгүн Истамбулга учуп барып, Чыгыш-Батыш диалогуна арналган эл аралык ири жыйынга да катышат.

XS
SM
MD
LG