Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:11

Молотов-Риббентроп пактына 70 жыл


1-сентябрда Экинчи дүйнөлүк согуштун башталганына 70 жыл толот.

1-сентябрда Экинчи дүйнөлүк согуштун башталганына 70 жыл толот.

1939-жылдын 23-августунда коммунисттик Россия менен нацисттик Германия ортосунда Молотов-Риббентроп пактына жашыруун кол коюлган.

Түндүк жана Чыгыш Европанын саясый картасын “кайчылап”, жаңыдан бычкан бул келишимдин мазмуну менен көпчүлүк россиялыктар тааныш эмес.

Советтер Союзунун тышкы иштер министри Вячеслав Молотов менен Германиянын тышкы иштер министри Йоахим фон Риббентроп 1939-жылдын 23-августунда кол койгон мамлекет аралык кол салышпоо тууралуу жашыруун келишим эки жакка Түндүк жана Чыгыш Европаны нацисттер жана советтердин “жетеги астындагы алкакка” бөлгөн. Натыйжада бир түн ичинде Балтия деңизинин түштүк жээгиндеги Литва, Латвия жана Эстонияны Россия, ал эми Польшаны Германия басып алган.

Посткоммунисттик Россиянын өкмөттүк маалымат булактарынын ырасташынча, “Молотов-Риббентроп пакты” деген да ат менен белгилүү келишим - жалпы европалык сүйлөшүүлөрдүн туундусу болгон. Көпчүлүк россиялыктардын айтымында, береги келишим Гитлердин Советтер Союзуна кол салуусуна каршы даярдануу үчүн зарыл эле. Алар жашыруун протокол Чыгыш Европаны Россия менен Германиянын бөлүп алуусуна даңгыр жолду ачканынан бейдарек. 1989-жылга дейре Совет өкмөтү жашырын пакты тааныбай да, мойнуна албай да келген. 32 жаштагы Алексей мыйзамсыз келишимден кабардар болсо да, балтиялыктарга боор оорубайт жана “туура жасалган саясый кадам” деп эсептейт. “Эгер балтиялыктар бизди баскынчы деп ойлошсо, алар жаңылышат. Биз аларды сактап калганбыз. Алар жарды эле. Биз аларды өстүрдүк. Бул саясый кутум. Алардын сөзү негизсиз,”- дейт Алексей.

Эстония, Латвия жана Литванын түпкүлүктүү эли Ата Журтун жарым кылымга Кремлдин амирине өткөргөн пакт жана жашыруун протоколдун маани-маңызын жакшы билишет. 2007-жылы Эстониянын байтакты Таллинндин ортолук бөлүгүндөгү советтик жоокерлердин эстелигин сырт жакка жылдыруу Москваны дипломаттык чабуулга түрттү.

Сурамжылоолорго караганда, 70 жыл мурда Россия-Германия ортосунда түзүлгөн жашыруун протокол жөнүндө россиялыктардын жарымы билишпейт. Левада борборунун изилдөөсү 1939-жылдын сентябрында советтик аскерлер Польшага басып киргенин жарандардын 61 проценти бейкабар экенин көрсөткөн.

55 жаштагы музыка таануучу Татьяна Никтина Советтер Союзу Балтия өлкөлөрүн басып алгандан мурда алар менен масилээт курса болмок деген пикирде. Ашкере улутчулдардын “Наши” уюмунун мүчөсү, 22 жаштагы Вадим Ветерков 1939-жылкы пакт СССР-Германия арасындагы урушту болтурбоонун бир амалы эле, 1938-жылы Мюнхен келишими түзүлбөсө, Москва береги кадамга бармак эмес дейт.

Жакында Россиянын мамтелеканалы көрсөткөн прогрммада Британия жана Франция Гитлерди жоошутуу үчүн Германияга Чехословакияны берип коюшкан жана СССРдин жетекчилиги Германия менен согушту артка тартуу максатында эки жактуу келишим түзүүгө мажбур болгон деп, ырасмий Кремлдин тарыхый версиясын кайталады.

Кремлдин мындай саясатын оппозициячыл саясатчы Владимир Рыжков тарыхты бурмалоо-ревизионизм деп атайт. “Биздин Сталинди эмне себептен коргоп жатканыбызды түшүнбөйм. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышында маанилүү роль ойногон Молотов-Риббентроп пактын эмнеге талкуулап жатканыбызды түшүнбөйм. Сталинге жана сталиндик режимге болгон ысык мамиленин жөнүн билбейм”, - дейт Рыжков.

Левада борбору июлда өткөргөн сурамжылоо россиялыктардын 6 проценти гана Молотов-Риббентроп пактын сындаганын көрсөткөн.
XS
SM
MD
LG