Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:57

1- сентябрда Экинчи Дүйнөлүк согуш башталганына жетимиш жыл толду. Бул согуштун чыгыш себептерине байланышкан тарыхый талаштар али да уланууда.


Бул маселе боюнча “Азаттыктын” суроолоруна Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучусу, согуш тарыхы боюнча белгилүү адис, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Нарынбек Ашыралы уулу Алымкулов жооп берди.

- Нарынбек мырза, 1-сентябрь - Экинчи дүйнөлүк согуш башталганынын жетимиш жылдыгы. Ал эми согуштун чыгыш себептерине байланышкан тарыхый талаштар али уланып, тактала элек. Буга сиздин көз карашыңыз?

- Талаш-тартыштар көп, кечээ эле Орусиянын борбордук сыналгысы “Сталин менен Гилтер согушту токтотууга мүмкүнчүлүгү барбы эле?” деген чоң документалдуу кино көрсөттү. Себеби согуштун келип чыгышына нацисттик Германия кандай күнөөлү болсо, Советтер Союзу дагы ошондой күнөөлү деген тыянакка Европанын окумуштуулары келип атыптыр. Ошону четке кагыш үчүн ушундай чоң кино болду. Андан тышкары азыр бир топ гезит, журналдарда дагы көп материалдар чыгып атат. Бул маселе дагы көп талаш-тартышка алып келет го. Себеби ким күнөөлү деген маселени эч бир өлкө мойнуна алгысы келбейт. Буга чейин баардык күнөөнү Германияга коюп келди эле, эми жаңы көз караш боюнча Советтер Союзу 1939-жылкы 23-августта кол коюлган келишим Риббентроп - Молотов келишими деп тарыхка калган. Бирок бул суроо боюнча Советтер Союзу өз кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, ар мамлекет ошондой саясат жасап келди да.

Улуу Британия менен Франция болсо өз кызыкчылыгын колдоп, экинчи дүйнөлүк согушка жол бербегенге аракет кылып, өз аскерлерин аяп, ошол ар мамлекеттин кызыкчылыгы боюнча Сталин дагы өз саясатын жүргүзгөнгө аргасыз болгон да. Себеби ошол убакта Лондон, Париж, Москваны колдогон. Вашингтон биргелешип иш кылганда, фашисттерге каршы антифашисттик блог түзгөндө, согуштун башталышы, улантылышы, 6 жыл созулган согуш мүмкүн 2-3 жылдын ичинде эле бүтүп калат беле. Бирок кызыкчылыктары дал келбеген фашисттик Германияга мүмкүнчүлүк кылып, 1-сентябрь 1939-жылы фашисттер “Вайс” деген операцияны иш жүзүнө ашырып, бир айдын ичинде Польша мамлекетин талкалаганга жетишкен.

- Гливец чагымы Экинчи дүйнөлүк согуш тутанардан бир күн алдыда даярдалган эмеспи? Эмне себептен нацистик Германия Англия менен Францияга Польшаны агрессор катары көрсөткүсү келген.

- Гливец шаарынын жанында фашисттер “Консервы” деген операцияны иш жүзүнө ашырган. Операциянын маңызы, түрмөдө жаткан кылмыш кылган кишилерди, немистик түрмөдөн алган кишилерди польшалык формаларды кийгизип, шаардын жанында немистерге кол салды деген шылтоо менен алардын баары атылып кеткен. Мына Польша эки тараптан коюлган келишимди бузуп атат. Себеби фашисттик Германия биринчи Рейн облусун, анан кийин Австрияны, анан Чехославакия, анан кийинки мамлекет Польша болуп атпайбы. Ошол фашисттик Германиянын басып алуу саясатын өз мезигилинде токтотууга мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок Айнкафта ачык айтылгандай, Гилтер Батыш Европаны большевизмден, коммунизмден коргоп калам деген нерсени жазган.

Ошого ишенип, эртеби кечпи Гитлер Советтер Союзуна кол салат деген ишеним менен Польшага киргенге, аны басып алганга батыш өлкөлөрү унчукпай макул болушкан. Себеби Англия, Франциянын мүмкүнчүлүгү болуп, Гитлерге ошол мезгилде эле каршылык көрсөткөндө согуш ошондо эле токтоп калмак. Бирок Лондон менен Парижде Польшаны басып алгандан кийин Гитлер Советтер Союзуна кол салабы деген ишеним болгон. Бирок Гитлер бул жолу да аларды алдап койду. Ал кайра батышты көздөй аскерлерин жөнөтүп, анан 1940-жылы май айында “Келп” деген операцияны иш жүзүнө ашырып Францияны басып алган. Ошону менен саясаттагы чоң кемчилик болуп, Гитлер анын тегереги кийинчерээк Норвегия, Дания, Грецияны, анан Югославияны басып алып Экинчи дүйнөлүк согушта миңдеген кишинин өмүрүн алып, бүт Европанын экономикасынын үчүнчү Рейхтин кызыкчылыгына жумшаган.

- Согуш учурунда курман болгондордун саны тууралуу да маалыматтар ар башка. Батыш мамлекеттеринин жоготуулары тууралуу так маалыматтар жарыяланып, дээрлик ар бир өлгөн адамдын аты-жөнү такталган болсо, СССР жана Кытайда канча адам курман болгону так белгисиз. Советтик жетекчилик алгач - согуш учурунда 20 миллион советтик жаран курман болгон деп жарыяласа, акыркы мезгилде 30 миллион тууралуу айтыла баштады, ал эми азыр Батышта СССР 45 миллион адам жоготкон деп айтылат. Кыргызстандан канча жаран курман болгон?

- Ушул күнгө чейин тактала элек. Себеби Сталин өз мезгилинде 7 млн. деди эле. Никита Хрущев 20, Горбачев 27 млн. деди. Ар кайсы социолог, демографтардын эсептөөсү боюнча, Советтер Союзу 46 миллиондон 50 миллионго чейин жоготууга учураган. 10 млн. кытай, 6 млн. польшалыктар, 6 млн. еврейлер, 2 жарым млн. жапондуктар ж.б. бул маселе оңой менен тактала турган маселе эмес го. Себеби архивдерди тереңирээк казганга ачыла элек ушул күңгө чейин. Анын үстүндө Кыргызстан дагы 600 миң киши жөнөтсө, ошонун 100 миңи ар түрдүү орден, медалдар менен сыйланган деп жүрөт. Бирок канчасы фронттон келбей калганын биздин окумуштуулар да так айта албайт.

- СССРдин нацизимди жеңүүдөгү чечүүчү ролун өтө эле көкөлөтүп жиберген учурлар кездешеби?

- Чынын айтыш керек, Советтер Союзу негизги фашизмдин талкалаганын эч ким жокко чыгара албайт. Бирок акыркы жылдары ар түрдүү китептер которулуп, мисалы азыр немистердин үчүнчү рейхтин адмиралдарынын, генералдарынын китептери мурун которулчу эмес эле, толугу менен которулуп, экинчиден ал китептер башка монографиялардан алда канча арзан. Саясатчылар ошол китептерди окусун, кандай жол менен фашизмди СССР жеңген, чындап айтканда өтө көп кишилерибиз каза болду, техника талкаланды, биз негизинен кара күчкө салып атып эле жеңдик деген ой үстөмдүк кылат. Бирок ошону менен чектелбестен, азыр америкалык көп окумуштуулар “жок, биз жеңгенбиз, себеби согуш убагында "Ленглиз" деген мыйзам болгон ошонун негизинде Советтер Союзу ар түрдүү жол менен бир миллиарддан ашык долларга Америкадан, Великбританиядан, Канададан курал жарак, ар кайсы паровоздор, азык-түлүк, платформа согушка керек болгондорду алып турган. Ошонун негизинде гана Советтер Союзу жеңди” деп айтып жүрүшөт. Советтер Союзунун окумуштуулары, жок, ал жардам советтик экономиканын өнүктүрүүсүнүн 4 гана пайызын түзгөн дешет. Акыркы изилдөөлөр боюнча, муну 10-11 пайызга жеткирип атышат. Бул деле болсо албетте жардам болду.

Бирок эң негизгиси советтик аскерге, советтик элдин мойнуна түшкөн оордук, ошонун баатырдыгы менен гана жеңди деп баа бергенге мүмкүнчүлүк бар. Дүйнөдө миллиондогон кишилер таза суу ичкенге тартыш болуп атса, ошол эле мезгилде дүйнө азыр бир триллион долларды курал-жаракты андан ары изилдөөгө, тереңдетүүгө, космос турсун ар түрдүү кыйроолорго алып келүү үстүндө иштегени - бул азыркы мезгилде парадокс, бирок азыркы турмуштун чындыгы бул.

- Бүгүн Польшанын Гданск шаарында өтүүчү иш-чараларга орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен немец канцлери Ангела Меркел да катышат. Орусия менен Польшанын согушка байланышкан тарыхый талаштардан жана тараптардын өз ара ишенбөөчүлүгүнүн али уланып жатканынан улам чыңалган мамилени жөнгө салыша алабы?

- Немец өлкөсү биринчи алардын канцлери баштап фашизм түздөн-түз күнөөлү экенин мойнуна алган. Ал жактан эки өлкөнүн ортосундагы мамиле жакшы, же жаман болуп кетет деп айтыш оор. Бирок экинчи дүйнөлүк согуштун көп башка маселелери чечиле элек. Ал үчүн архивдерди издеш керек. Тилекке каршы Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согушту изилдеген тарыхчылар жокко эсе.
XS
SM
MD
LG