Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Ооганстандагы согуш тууралуу жашыруун аскердик маалыматтардын ачыкка чыгып кетиши журналистика, улуттук коопсуздук жана сөз эркиндиги ортосундагы тең салмактуулук кандай сакталышы керек деген суроону жаратты.

Бүгүн маалымат доорунда кадимки күбөлөрдүн бейрасмий билдирүүлөрү ишенимдүү маалымат булагы боло алабы? Улуттук коопсуздукка байланыштуу маалыматты элге таратуу туурабы жана жарандардын жашыруун аскердик маалыматтарды билүүгө укугу барбы деген сыяктуу талкуулар учурда кызуу жүрүп жаткан кез.

Буга себеп – Швецияда орун алган «WikiLeaks» компаниясынын «Ооган согушунун күндөлүгү» деген документтерди коомчулукка жарыялап жибериши болду. Күндөлүк Ооганстандагы согуштун 2004-2010-жылдарындагы окуялары жөнүндө аскерлердин жана чалгындоо кызматкерлеринин 91 миң баяндамасынын топтому экен. “Ал-Кайида” жана Талибан кыймылына байланыштуу долбоорлордо иштеген Ооганстандын жана Пакистандын жарандарынын коопсуздугуна бул документтер чоң коркунуч туудурат деп белгиледи расмий Вашингтон.

АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Филип Кроулинин (Philip Crowley) айтымында, Вашингтон “WikiLeaks” компаниясынын жашыруун маалыматты ачыкка чыгарышын кескин айыптайт:

- Бул документтер бир канча жыл мурунку окуяларды чагылдырса да, алар баары бир улуттук коопсуздукка чоң коркунуч келтирет.

“WikiLeaks” компаниясынын негиздөөчүсү австралиялык Жюлиан Ассанье (Julian Assange) «Азаттыкка» курган маегинде, алар бул документтерди Батыштын эң таасирдүү “The New York Times”, “The Guardian” жана “Der Spiegel” басылмаларына жөнөтүшөрүн ырастады:

- Биздин уюмдун иши көөнө эле ниетке негизделген. Кандайдыр бир аңдаган чечимге келиш үчүн айланаңда эмне болуп атканын толук түшүнүп, билүү керек. Ал эми кандайдыр бир акыйкат чечимге келиш үчүн кандай кыянаттык болуп жатканы же боло турганы жөнүндө маалымат болушу керек. Чоң реформалар ачык түзүлүштө гана ийгиликтүү болорун биз, технологдор катары, түшүнүп турабыз. Маалымат жарандарга да, бийликтегилерге да жеткиликтүү болушу керек.

Жаңы Америка корунун (New America Foundation) кызматкери Крис Андерсон (Chris Anderson) “WikiLeaks” компаниясынын изилдөөсү кабарчыларга далдалчы маалымат булагы катары боло алат деген оюн айтты. Ошол эле учурда, Андерсондун айтымында, кабарчыларга жардам берген ал ортомчулар ишенимдүү болушу зарыл.

- WikiLeak’тин эмне экенин эч ким так билбейт. Бул уюм биз билген уюмдардын бир дагы категориясына туура келбейт. WikiLeaks – журналистика да эмес, хакердик аракет да эмес, жөн эле активдүүлүк да эмес. Ал такыр эле жаңы көрүнүш.

Дүйнөлүк коом WikiLeaks’тин салттык журналистикага болгон таасирин талдап отурса, айрым серепчилер бул чатактын саясат жана коопсуздук жагдайындагы коркунучтарына шилтеме жасашат.

Борбордук Чалгындоо Кызматынын мурунку директору Майкл Хейдендин (Michael Hayden) сөзүнө караганда, бул документтердин ачыкка чыгышы – бул «Ал-Кайида», Талибан сыяктуу АКШнын душмандарына жасалган чоң белек болду.

- Эми алар өздөрүнүн катарында жүргөн америкалык тыңчыларды оңой эле аныктап, алардан кутула алат. Мындан тышкары соңку чатак АКШ менен Пакистандын чалгын кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкка чоң залал келтирди.
XS
SM
MD
LG