Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

"Сомон эйрдин" коммерциялык директору кызматынан алынды


Алишер Рустамов.
Алишер Рустамов.

Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы үзгүлтүккө учураганына байланыштуу Тажикстандын "Сомон эйр" компаниясынын коммерциялык директору Алишер Рустамов кызматынан бошотулду. "Сомон эйрдин" 21-февралдагы маалымдоосуна караганда, Рустамов жана анын кызматкерлери Ташкент аба майданын тийиштүү документтер менен камсыздаган эмес. 1992-жылдан бери токтоп турган Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы боюнча биринчи учак 20-февралда учушу керек эле. Бирок ал акыркы сааттарда токтотулган. "Сомон эйрдин" маалыматы боюнча, каттам жакынкы аралыкта калыбына келтирилет. Көп мезгилден бери начар абалда турган тажик-өзбек мамилеси өткөн жылы Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден тарта оңоло баштаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG