Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Дүйшөмбү шаарынын аянты кеңейтилет


Дүйшөмбү шаары
Дүйшөмбү шаары

Тажикстан борбору - Дүйшөмбүнүн жаңы башкы планы даярдалып, өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү. Өлкөнүн Курулуш жана архитектура агенттиги билдиргендей, 2040-жылга чейин калаанын аянты Рудаки районунун эсебинен 9,5 миң гектарга кеңейтилет. Ошондой эле суу, электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоо системалары жаңыланат.

Президенттин аткаруу аппаратынын имараты бузулат. Адистер анын пайдубалы эскирип, заманбап талаптарга жооп бербей калгандыгын аныкташкан.

Шаардын муруңку башкы планын советтик архитекторлор өткөн кылымдын 80-жылдарында иштеп чыгышкан.

Баш калааны 20 жыл башкарган Махмадсаид Убайдуллоев жакында кызматтан алынып, ордуна президенттин уулу Рустам Эмомали дайындалган.

XS
SM
MD
LG