Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Жаштар саясаты - «тар чөйрөнүн» талкуусу


Ошто «Жаштар саясатынын 2020-жылга чейинки жаңы концепциясы» талкууланды. Форумга расмий бийликтин өкүлдөрү, «Ак жол» партиясынын жаштары катышып, идеяны толук колдошту. Оппозициядан жаштар талкууга чакырылган жок.

«2020-жылга чейинки жаштар саясатынын жаңы концепциясын» талкууга алуу максаты менен уюштурулган форум Ош облустук мамлекеттик администрациясында өттү. Ага 500 чукул адам чогулду.

Жаңы концепция тууралуу жаштардын сунушун топтоо үчүн «Жаш кадам» уюмунун лидери Сонун Жунусбаев ар бир айыл өкмөтүн кыдырып чыкканын айтат: «Концепция кабыл алынаары менен жаштарга жаңыча багытта иштөөгө мыкты шарт түзүлөт», - деп ишендирди ал. - Бул концепцияда жаштар менен башкача багытта, жаңы негизде иштей турган идеялар камтылган».

Документти колдогондор катары менен трибунага чыгып жатышты. Алардын баары жаштарга жакшы көңүл бөлүп жатканы үчүн президент Курманбек Бакиевге, губернатор Аалы Карашевге жалпы жаштардын атынан ыраазычылык билдиришти.

Облус жетекчиси Аалы Карашев концецияны өкмөт эмес, жаштар өздөрү сунуштаган идея деп атады. «Буга чейин мындай программалардын 99% аткарылбай, айыл өкмөтүнүн конторунда тура берчү, - деди губернатор. - Бул жолу жаштар аны өздөрү талкуулап, өздөрү сунуштап жатканы туура кадам деп ойлойм».

Форумдун жүрүшүнө көз салып отурган «Прогресс» жаштар уюмунун төрагасы Эрнис Толтоев, жаштар концепциясын талкуулаган бул форумга бир катар жаш, оппозициялык маанайдагы демилгелүү лидерлер катышпай калышканын катачылык катары сыпаттады. «Тилекке каршы, форумда жалаң гана бийликтин сөзүн сүйлөгөн жаштар отурат. Көпчүлүгү – «ак жолчулар». Оппозициялык маанайдагы «Ата Мекен», «СДПК» партияларынын жаш лидерлерин да чакырышса болмок», - деди Толтоев.

Лидерлер мектеби долбоорунун окуучусу Руслан Орозматов да жаштардын көйгөйлөрүн талкуулаган жыйындарда «чындыкты бетке айткан жаш лидерлердин ою эске алынбай, алар өгөйлөнүп келатышканын» билдирди: «Ата-Мекенде» да, «СДПКда» да идеяга бай, күчтүү жаштар бар. Тилекке каршы, ушундай жыйындарга алар чакырылбай, алардын ойлору эске алынбай жатат».

Кеп болуп жаткан «Ата-Мекен» партиясынын Ош облусу боюнча өкүлү Бакыт Калмаматов болсо «Жаңы концепция мөөнөттү өтө узакка белгилегенинин өзү туура эмес» деп эсептей турганын билдирди. «Мезгилди 2020-жылга чейин деп, өтө эле узак мөөнөттө алып жатышат деп ойлойм, - дейт ал. - Бул бүгүнкү жаштардын эң чоң катасы. Азыр жаңылануу, өзгөрүүлөр өтө ылдам жүрүп жаткан учур. Бул документ эки жылдан кийин өзүнүн актуалдуулугун таптакыр жоготуп коюшу ыктымал. Алдыда 2010-жылы, 2015-жылы президенттик шайлоолор бар, бийлик алмашышы мүмкүн. Ошондуктан концепцияны өтө узак мөөнөткө белгилегене болбойт».
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG