Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:03

ПАКИСТАНДА ТАЛИБДЕРДИН КАЛДЫКТАРЫ МЕНЕН САЛГЫЛАШУУЛАР ЖҮРҮП ЖАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага 19-марттан бери Пакистандын Түштүк Вазиристан деген провинциясында оор салгылашуулар жүрүп жатат. Жергиликтүү уруулардын жоокерлери менен Ооганстандан ооп келген өзбек лашкерлери ортосундагы кагылышуулардан жүздөн ашык адам набыт кетти.

Түштүк Вазиристан провинциясын Пакистан өкмөтү дээрлик көзөмөлдөбөйт, ошондуктан кошуна Ооганстанды бийлеген Талибан өкмөтүнө каршы 2001-жылдын октябрында АКШ согуш баштап, аны талкалагандан кийин талибдерге мурда кошулуп кеткен өзбек лашкерлери дал ушул аймакка ооп келген. Алардын көпчүлүгү - "Өзбекстандын исламдык кыймылы" деген уюмга бириккендер жана аларды Тахир Юлдашев жетектейт.

Талибдердин дагы бир корбашыларынын бири, Мулла Назирдин жоокерлери дагы ушул аймакта отурукташкан жана акыркы мезгилде дал ушул эки топ ортосунда пикир келишпестиктер чыккан, анткени Назир өкмөттү колдой баштаган. Батыш маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, биринчи кагылышуу 6-мартта болгон жана анда он бештей адам набыт кеткен, алардын көпчүлүгү өзбек жоокерлери болчу.

Ошол эле күндөрү Юлдашев өзү дагы колго түштү деген кабарлар тараган, бирок ал кийин такталган жок. 1999- жана 2000-жылдары Баткенге кол салган "Өзбекстандын исламдык кыймылынын" куралдуу күчтөрүн башкарган Жума Намангани болсо 2001-жылдын ноябрында Ооганстандын Кундуз шаарынын алдында курман болгон.

Айрым кабарларга караганда, Түштүк Вазиристандагы салгылашууларда курман болгондордун саны азыр жүздөн ашты, алардын сексенге жакыны өзбек жоокерлери. Бирок Пакистандын "Таң" деген гезитинин редактору Исмаил Хандын айтымында, аймактан так кабар алуу өтө кыйын: "Эмне болуп жатканын көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес, анткени бардык байланыш системаларын лашкерлер декабрда жок кылып салган. Ошондон бери ал аймак менен жакшылыктуу байланыш жок", - дейт Исмаил Хан.

Анын айтымында, жергилик түү калк келгин куралчандарга абдан нааразы: "Чет өлкөлүк лашкерлердин жоруктары менен байланыштуу жергиликтүү уруулардын чыдамы түгөнүп баратат. Алардын айтымында, акыркы мезгилде күчөгөн кылмыштуулук, барымта, өлтүрүүлөр үчүн ошол лашкерлер жооптуу. Өзбек куралчандарынын көчүп келгени жергиликтүү калкка жакпайт", - дейт журналист.

Пакистандын коргоо министрлигинин өкүлү генерал Вахид Аршаддын айтымында, өкмөттүк күчтөр бул кагылышууларга катышкан жок, бирок айрым башка кабарларга караганда, өкмөттүк аскерлер жергиликтүү уруулардын тарабында согушууда жана алар оор курал дагы колдонуп жатат. Кагылышуулар болсо - өкмөт тарапка өтүп кеткен Мулла Назирди лашкерлер өлтүрүүгө аракеттенгенден чыккан. Салгылашуулар дагы уланууда жана отузга жакын адам туткунга алынды деген кабарлар бар.

Ооган өкмөтү акыркы айларда кошуна Пакистандын жетекчилигин күнөөлөп, анын аймагында жашынып, машыгып жаткан талибдердин калдыктарына каршы чечкиндүү аракет көрбөйт деп келет. Пакистан өкмөтү болсо - Кабул өзү ал маселени чече албагандыктан, башкаларга шылтап жатат деп жооп берчү.

XS
SM
MD
LG