Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Гүлнара Каримованын ордуна Шавкат Мирзияев мураскерби?


Гүлнара Каримова. Марафонго катышууга чакырган сүрөт. Ташкен. 18-май 2010
Гүлнара Каримова. Марафонго катышууга чакырган сүрөт. Ташкен. 18-май 2010

Президент Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара менен байланыштагы “Zeromax” компаниясы Өзбекстандагы ишмердүүлүгүн май айынын башында токтотту.

Швейцарияда катталган “Zeromax” Өзбекстанда газ жана мунай өндүрүп, турак жай курган эң чоң чет элдик компания саналчу. Байкоочулар бийликтин “Zeromaxка” каршы чабуулун Каримовдун мураскери деп айтылып жүргөн Гүлнаранын чылбырын колдон чыгарып, премьер-министр Шавкат Мирзияевдин ташы оорлогонунун далили катары баалашты.

Мирзияев президенттин тапшырмасын кантип аткарды?

Премьер-министр Шавкат Мирзияев. 14-октябрь 2010

Жыл башында президент Ислам Каримов Өзбекстандын ири бизнесин текшерип, аларды тартипке салууну премьер-министр Шавкат Мирзияевге тапшырган эле. 2003-жылдан бери премьер болуп жүргөн Мирзияев кандай иш жүктөлсө, аны ар тоскоолдукка карабай аткарып көнгөнү менен көпчүлүккө маалым. Ошон үчүн, президенттин “олигархтар болбош керек” деген сөзүн жетекке алган премьер-министр “Zeromaxты” да электен өткөрдү. Компаниясын башчысы, Гүлнаранын “көлөкөсү” деген лакап атка конгон Мирадил Жалилов, ырасмий маалыматка караганда, күбө ирети сурак берген.

2001-жылы Шевйцарияда негизделгенден тарта Өзбекстанда иштеп жүргөн “Zeromax” жөнүндө кеп болгондо сөзсүз Гүлнара Каримованын ысмы кошо айтылчу. Гүлнара теги ооган америкалык күйөөсү Мансур Максуди менен эки баласын талашып соттошкондо, Максуди экс-аялын “Zeromaxтын” ээлеринин бири деп, Гүлнаранын Латвиянын банкындагы эсебине компания 1 млн. доллар которгонун ишаара кылган. Ай башында Испаниянын “El Pais” гезити Гүлнара көп тармактуу “Zeromaxтын” ээси деп атады. Бу сыяктуу маалыматтарды башка булактары да жазышты.

Гүлнаранын Ташкендеги курулушу да токтоду

Гүлнара Каримова. 14-июль 2007

Анткен менен, Каримовдун кызы компанияга эч кандай тиешем жок деп айтып келет. Бирок былтыр декабрда Швейцариянын “Bilan” гезити Гүлнара Швейцариядагы 300 эң бай адамдын бири экенин, анын өлкөдөгү мүлк- дөөлөтү 570-655 миллион долларга бааланганын жазган. Мынча байлыкты өзбек президентинин кызы кантип тапканы белгисиз.

Андан көп узабай БУУнун Женевадагы кеңсесинде Өзбекстандын өкүлү болуп жүргөн Гүлнара Каримова Испанияга элчилик кызматка которулган.

Россиянын вице-премьери Сергей Иванов мартта Ташкенде болгондо оруз-өзбек газ келишимин түзүүгө “Zeromax” сыяктуу далдалдар жолтоо болгонун айтып даттанган. Айтор, майда сот швейцариялык компаниянын ишмердүүлүгүн токтоттуруп, финансы полициясы анын мүлк-дүйнөсүн камакка алды.

Бул кабарды “Zeromaxтын” атын атабоону сураган кызматкери да “Азаттыкка” тастыктады: “ 7-май күнү компаниябыздын банктагы эсептерибиз тоңдурулду”. “Zeromaxтын” белгисиз калууну каалаган экинчи бир жумушчусу өлкө президентинин кызына таандык

Президент Ислам Каримов Москванын Внуково аэропортунда. 19-апрель 2010

курулуштар да токтогонун айтты:

-Азыр бардык курулуш обьектилер токтоду. Ташкендин Алай базарынын жанындагы обьекттер да кулупуга жабылып, курулуш матриалдарын алып кетишти. Гүлнара Каримова үчүн курулуп жаткан имаратта да жумуш токтоду.

“Zeromaxтын” жумушчуларынын айтышынча, Жалолов апрелде Өзбекстандан чыгып кеткен жана азыр Испанияда жүрөт:

-Менин угушумча, Жалолов Испанияга кеткен. Биз анын эмне үчүн Испанияга кеткенин билбейбиз. Ал Испанияга президенттин элчи кызы менен жолукканы кеткен дешет.

Жалолов Өзбекстандагы бир катар футболдук клубдардын эгеси да болчу.

Каримов президенттикти кызы Гүлнарага эмес Мирзияевке мурастайбы?

“Zeromax” 2009-жылдын октябрында инвестициялык портфелин жарыялаганда билдиргенге караганда, компания “негизинен Өзбекстанда гана иштөөчү”. Айрым эсептөөлөр боюнча, Өзбекстандын мунай-газ өнөр жайындагы курулуш иштеринин 80 процентке жакынын “Zeromax” жүргүзчү жана тармактагы жалгыз Батыш компаниясы эле.

“Zeromaxтын” ишин мажбур токтоткону атасынын мураскери деп саналып жүргөн Гүлнара үчүн жаман жышаан болсо, премьер-министр Мирзияев үчүн анын саясый таасиринин өскөнүн көрсөтөт. Себеби Өзбекстандын мунай-газ өнөр жайын көзөмөлдөө анын колуна өттү. Бул гана эмес 72 жаштагы президент Каримов фашисттик Германияны жеңүүнүн 65 жылдыгына арнап Москвада өткөн парадга премьер-министрди жөнөттү. Ошон үчүн, бир катар талдоочулар Каримов өз мураскери кылып, 51 жаштагы Шавкат Мирзияевди тандады окшойт деп боолгошот. Мирзияев премьер-министрликке дайындалганга чейин Жизак жана Самарканд облустарында 7 жыл аким болгон.

XS
SM
MD
LG