Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:40

AI: Борбор Азияда адам укуктары оңолгон жок


Amnesty International эл аралык уюмунун эн белгиси тартылган желек
Amnesty International эл аралык уюмунун эн белгиси тартылган желек

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму дүйнөдөгү адам укуктарынын сакталышы боюнча жылдык баяндамасын жасады.

2015-жылкы окуяларда Орусия жана Борбор Азияда укук коргоо жаатында абал өзгөрбөгөнү, тескерисинче начарлаганы кыйла мисалдар менен келтирилген.

Amnesty International уюмунун баяндамасында эң башкы көйгөй катары Сириядагы качкындар маселеси каралып, адамдардын массалык түрдө аргасыздан үй-жайын ташташы Экинчи дүйнөлүк согуштан бери боло элек көрүнүш катары сыпатталат. Уюмдун башкатчысы Салил Шетти мындай мисал келтирди:

- Сирия окуясы адам укуктарынын бузулушуна эң одоно мисал. Ал жерде 250 миң киши өлдү. Президент Башар Асаддын режими баштаган карапайым адамдарга чабуул уланды. Азыр деле эч жоопкерчиликсиз түрдө караламан элди Орусия бомбалап, башка бардык куралдуу күчтөр да чабуул коюуда.

Муну менен катар эле качкындар маселесинде Европа өлкөлөрү, өзгөчө бозгундарга өз чек арасын жаап, жардам берем деген башкаларга тоскоол болгону үчүн Венгрия сынга алынган:

- Бүтүндөй Европа тууралуу айтыш кыйын. Биз Германия менен Швецияны көрдүк, кээ бир өлкөлөр чынында эле колунан келген аракетин жасап жатат. Бирок жалпысынан алганда адам укуктарынын баалуулуктарына негизделген дүйнөдөгү бул бай блоктун жообу нес кылды. Бул эл аралык адам укугунун мыйзамдарына шайкеш келбейт.

2015-жылы күчөгөн качкындар кризиси укук коргоо системасын да жаңылоо зарылдыгын туудурганын Шетти моюнга алды.

Ошондой эле баяндамада Орусия жана Борбор Азияда укук коргоо жаатында абал өзгөрбөгөнү, тескерисинче начарлаганы кыйла мисалдар менен келтирилген. Анда Орусия бийлигинин ММКларга көзөмөлү, бийлик саясатын айыптаган адамдарды камоо, бейөкмөт уюмдарды кысмакка алып, мыйзам менен үнүн басуу аракеттери мисалга алынат.

Кыргызстан да "чет элдик агент" деген орусиялык мыйзамды көчүрүп, аны кабыл алуу алдында турганы, тартип коргоо тармагындагылардын карапайым элге көрсөткөн зомбулуктары менен эсте калганы айтылат.

- Гендердик зомбулук деп болжонгон жагдайлардын аз гана бөлүгү эффективдүү иликтенген. Ал эми сот жообуна тартылганы андан да аз болгон. 2015-жылдын биринчи жарымында Кыргызстандагы кыйноолорго каршы уюму тарабынан 79 кыйноо жана аёосуз мамиле кылуу фактылары катталган. Башкы прокуратура алдында түзүлгөн атайын тергөө бөлүмү үч гана факты боюнча кылмыш ишин козгогон. Октябрь айына карата күч түзүмдөрүнүн 80ден ашуун өкүлдөрүнө кыйноо фактылары боюнча 35 кылмыш иши козголуп, сот кароосунда турган, - деп белгиленет баяндамада.

Казакстанда болсо адам укуктарынын жагдайы бийлик бейөкмөт уюмдарга грант бөлүүгө жана сырттан келген каражатка көз салчу мамлекеттик агенттик түзгөн соң начарлаган.

Мындан тышкары Борбор Азиянын үч өлкөсү - Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда кыйноолордон башка да адам укугун бузган көрүнүштөр уланып, мурдагыдай эле репрессивдүү абал сакталып калганы белгиленген.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму 160 өлкөдөгү адам укуктарын иликтөөгө алган.

Анын ичинен 122синде адамдар зордук-зомбулукка учурап, ыдык көргөнү, 34 өлкөдө карапайым адамдарга куралчандар тобунун кол салуусу катталганы, 156 укук коргоочу 2015-жылы өлтүрүлгөнү же камакта өлгөнү жазылат.

XS
SM
MD
LG