Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Өзбекстандагы өрттү өчүрүүгө кыргызстандык куткаруучулар жардам берди


Иллюстрация
Иллюстрация

Өзбекстандын Риштан районундагы Жигитпирим айылында чыккан өрттү өчүрүүгө кыргызстандык куткаруучулар жардамга келишти.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 18-январь күнү коңшу өлкөнүн Шухрат Ёрханов аттуу жаранынын жети бөлмөлүү үйүнө от кеткен. Өзбекстандын куткаруучулары жетип келиши үчүн жол алыс болгондуктан, Кыргызстандан жардам суралган. Тилсиз жоодон жабыркаган үй ээси жана эки кызы ооруканага жеткирилген.

Өзбекстандагы Риштан району Фергана облусунда жайгашкан. Бул облус Баткен менен чектешет. (JsA\SE)

XS
SM
MD
LG