Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

МОСКВА ТҮШТҮК ОСЕТИЯ МЕНЕН АБХАЗИЯНЫН ЭГЕМЕНДИГИН ТААНУУГА ЧАКЫРДЫ


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Сочиде Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүп, андан соң Орусия Грузиянын жикчил эки аймагы - Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныгандыгын жарыялады. Кечээ (25-августта) Орусиянын парламентинин эки палатасы тең Түштүк Осетия жана Абхазиянын көз каранды эместигин таануу сунушун бир добуштан колдоого алышкан. Анын аралыгында Орусия менен НАТОнун аскер кемелеринин Кара деңизде чогулуп жатышы Кремль менен Түндүк Атлантика аскердик ынтымагынын мамилелеринин салкындап жатканын айгинелөөдө.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таануу тууралуу жардыктарга кол койду жана башка өлкөлөрдү дагы Москванын жолун жолдоого чакырды. Өз сөзүндө Медведев бул чечим Батыш өлкөлөрү менен мамилелерге жакшы таасир тийгизбей турганын белгилеп, бул оңой-олтоң кабыл алынган чечим болбогонун, ошондой болсо дагы мындай кадам адамдардын өмүрүн сактап калуунун жалгыз жолу болгонун кошумчалады.

Бул тууралуу Дмитрий Медведев Сочиде Орусиянын Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөргөн соң билдирди:

- Осетин жана абхаз элдеринин мүдөө талаптарын эске алып, БУУнун Жобосун, 1970-жылда кабыл алынган мамлекеттер ортосундагы достук мамилелердин эл аралык укуктарынын принциптерин, 1975-жылдагы Хельсинки актысын жетекчиликке алып, жана башка эл аралык негизги документтерге таянып, мен бүгүн Орус Федерациясы тарабынан Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз каранды эместигин таануу жөнүндө жарлыктарга кол койдум.

Грузиянын эки жикчил аймагы Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз каранды эместигин таануу маселесине арналган Коопсуздук кеңешинин жыйынына орусиянын премьер-министри Владимир Путин дагы катышты. Сочидеги бул жыйын орус президенти Дмитрий Медведевдин төрагалыгы астында өттү.

Кечээ (25-августта) Грузиянын жикчил аймактары Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз каранды эместигин таануу сунушу Мамлекеттик Думанын эки палатасында тең бир добуштан колдоого ээ болгон. Мамлекеттик Думанын Төмөнкү палатасы болсо, аталган жикчил аймактардын көз каранды эместигин таануу жөнүндө дүйнө өлкөлөрүнүн парламенттерине кайрылган.

Батыш өлкөлөрү Орусиянын президентинин бүгүнкү чечимине кескин жооп берет деп күтүлүүдө. Дүйшөмбүдө Мамлекеттик Дума Грузиянын жикчил эки аймагынын көз карандысыздыгын жактырганда АКШ президенти Жорж Буш жикчил аймактардын бөлүнүп кетишин таптакыр жол берилгис маселе жана алардын эгемендигин таануу аркылуу Орусия Бириккен Улуттардын резолюцияларына каршы кадам жасайт деп билдирген.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Дэвид Меркел Эркин Европа/Азаттык үналгысынын молдова кызматына берген маегинде президент Буштун билдирүүсүн кайталап айтты:

- Президент Буш Орусиянын жетекчилиген кайрылып, эл аралык милдеттенмелерден тайбоого жана жикчил аймактыр таныбоого чакырды. Кошмо Штаттары, Европалык Биримдик, НАТО Грузиянын аймактык бүтүндүгүн сактоонун мааниси чоң деп билишет.

Бүгүн Орусиянын НАТОдогу элчиси Дмитрий Рогозин маалымат жыйынын өткөрдү. Кечээ Президент Медведев менен жолугушуу учурунда Рогозин Орусияга карата “кош стандарттарды” колдонууда деп НАТОну айыптаган.

НАТО менен Орусия ортосундагы мамилелер орусиялык жана америкалык аскер кемелеринин Кара деңизде топтолуп жатышынан улам курчуй баштады. Грузияга гуманитардык жардам жеткирип бараткан америкалык эки кеме Поти портуна келген. Бирок бул аймакта Орусия менен Грузия кол койгон тынчтык планына карабастан, орусиялык аскерлер жайгашкан. Орусиялык Башкы аскер штабынын жетекчисинин орун басары, генерал-полковник Анатолий Ноговицын буга чейин маалымат жыйынында АКШнын кайрымдуулук жардамы башка максатты көздөйт деп айткан.

- Жаңжал чыккан аймакта орусиялык аскерлердин аракеттери мурда алынган милдеттемелерди шексиз түрдө аткарууга багытталган. Андыктан Кара деңизде НАТОнун аскер-деңиз күчтөрү ашыкча топтолуп жатканы – бул таңгалууну пайда кылчу иш-чара.

Ок атышууларды токтотуу тууралуу келишимге ылайык, Москва аскерлеринин көпчүлүгүн жаңжалдуу аймактан чыгарды, бирок айрым аскер бөлүгүн Грузиянын чет жакасында калтырып койду. Ортомчулук милдетти өтөгөн Франция болсо 1-сентябрга Европалык Биримдиктин лидерлерин жыйынга чакырды. Анда Кавказдагы окуялар, Орусиянын иш-аракеттери талкуу кылынаары күтүлүүдө.

АКШнын вице-президенти Дик Чейни Вашингтондун эгемен Грузияга ырааттуу колдоосун дагы бир ирет тастыктаганы 2-сентябрда Тбилисиге барат.

XS
SM
MD
LG