Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Абхазия менен Түштүк Осетиянын бүдөмүк болочогу


Орусиялык жоокерлер автоматтарын тазалоодо. Цхивалидеги аскер базасы. 2009-жылдын 7-августу.

Орусиялык жоокерлер автоматтарын тазалоодо. Цхивалидеги аскер базасы. 2009-жылдын 7-августу.

Былтыр 26-августта Орусия Грузиянын жикчил аймактары Абхазия менен Түштүк Осетияны көз каранды эмес мамлекеттер катары тааныган. Бул жикчил аймактардын саясий болочогу азыр да бүдөмүк.

Жикчил Абхазия менен Түштүк Осетияны көз каранды эмес мамлекет катары тааный турганын расмий Кремлден тышкары Никарагуа, тактап айтканда, анын солчул президенти Даниел Ортега гана жарыя кылган.

Андан бери бир жыл өткөнүнө карабастан, башка эч бир пост-советтик өлкө Кремлдин бул кадамын ээрчиген жок.

Орус президенти Дмитрий Медведев 26-августта Монголиянын байтактысы Улаан-Баатар шаарында чыгып сүйлөп, өзүнүн былтыр ушул күнү Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин таануу тууралуу жасаган чечими туура болгонун дагы бир жолу тастыктады жана бул чечимди абхаз жана осетин элдерин коргоо зарылчылыгы менен байланыштырды.

Азыркы тапта жикчил Абхазия жана Түштүк Осетия аймактары эл аралык турумунан алганда бүдөмүк кырдаалга кептелген бойдон турат.

Бир чети, тышкы дүйнө тарабынан бул аймактар де-юре Грузиянын бөлүгү катары каралып келет, экинчи чети, алар де факто Тбилисиге баш ийбей калышты, ал эми турмуш чындыгына тике карасак, уламдан-улам Орусиянын моюнтуругуна тартылууда.

Бул аймактардагы кырдаал дүйнө жүзүндөгү саясат таануучулардын ар кыл маанайдагы талкуусуна жем таштап келет.

Бир катар адистердин баамында, Орусия бийлигинин тышкы дүйнөгө жана анын ичинде КМШга мүчө өлкөлөргө Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин таануу чакырыгынын жоопсуз калышы – Кремлдин Кавказдагы саясатына шектенүүсүнө же тымызын жактырбаган мамилесине да байланыштуу.

АКШдагы Колумбия университетинин (Columbia University) профессору, Кавказ аймагы боюнча адис Линколн Митчелл (Lincoln Mitchell) мырзанын оюнча, азыркы расмий Маскөөнүн Беларус сыяктуу өзүнүн салттык шериктерин да Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин таанууга ынандыра албагандыгы - Кремлдин мурдагы советтик мейкиндикке өз таасирин кайра калыбына келтирүү мүдөөсү азырынча кагаз бетинде гана калган кыял болуп жатканын айгинелеп салгандай болду.

- Биз Орусия СССРди кайрадан калыбына келтирет ко деген коркуу сезимине кабылууга тийиш элек. Бирок, башканы кой, Тажикстан менен Беларус Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз каранды эместигин тааныбай койгон соң, демек, Орусиянын Советтер Биримдигин кайра куруу жөндөмү расмий Маскөөдөгүлөр биздин көңүлүбүзгө салгысы келгендегидей анча кубаттуу деле эмес көрүнөт.

Расмий Орусия 2008-жылдын февралында Косово аймагынын өзүн Сербиядан көз каранды эмес мамлекет катары жарыялаганын мисалга алып, ушундай эле усул аркылуу Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз каранды эместигин таануу керек деп чыккан.

Ал эми АКШдагы Массачусетс штатында жайгашкан Маунт Холиоук коллежинин (Mount Holyoke College) профессору, Грузия тууралуу бир катар илимий эмгектер жазган Стивен Жоунс (Stephen Jones) мырза болсо Грузиядан жиктелген Абхазия жана Түштүк Осетия аймактарындагы кырдаалды Сербиянын курамынан чыккан жана дүйнө жүзүнүн 62 өлкөсү тааныган Косового салыштыруу майнапсыз.

- Косово аймагында эл аралык коомчулук узактан бери иш жүргүзүп келген. Мында алар демократиялык мамлекет куруу жана аймактагы улуттук азчылыкты, тактап айтканда, сербдерди коргоого алчу чараларды жүзөгө ашыруу үчүн алектенип келди. Бул – узак мөөнөттүк жараян болду, Ал эми Абхазия менен Түштүк Осетиядагы кырдаалга кайрылсак, мындагы улуттук азчылык, башкача айтканда, жергиликтүү грузиндер, эч кандай коргоого алынган жок, аларды сырт жакка сүрүп салышты. Косоводогудай эл аралык коомчулуктун жайгашуусу, эл аралык мандат жана демократиялык мамлекетти же демократиялык түзүлүштү калыптандыруу аракети болмоюнча, мындагы акыбалды Косового салыштырууга болбойт. Бул, көбүнесе, басып алуучулукка окшоп турат.


Айтмакчы, Абхазия менен Түштүк Осетиянын жетекчилиги да өз аймактарынын болочогу тууралуу бирдей пикирде эмес.

Маселен, Кара деңиздин чыгышын жээктеп, өз алдынча туристтик өнөр жайды өнүктүрүүгө үмүт байлаган Абхазия бийлиги өз мамлекети Орусиянын оторчулугу астында калбай тургандыгы тууралуу байма-бай айтып келди, ал эми туш-тарабын Грузиянын ички аймагы жана Орусия курчап, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон Түштүк Осетиянын өкүлдөрү болсо акыры-түбү Орусиянын аймагындагы Түндүк Осетия менен биригүү мүдөөсүн билдирип жатты.

Расмий Кремл болсо бул жикчил аймактардагы өзүнүн аскердик жана экономикалык таасирин уламдан-улам чыңдоонун аракетинде.

Абхаз лидери Сергей Багапш Абхазиянын чек арасын, аба майданын жана темир жолун көзөмөлдөө ишин Орусияга тапшырды.

Абхазия менен Түштүк Осетияда жаңы орусиялык аскер базалары курулмакчы. Орусиялыктар бул эки аймакта тең калайыкка пенсия төлөп, жергиликтүү тургундарга оңду-солду орусиялык паспорт ыйгарып келүүдө.

Видео тасма.



Орус-грузин жаңжалынын хронологиясы

Орусия менен Грузиянын ортосундагы согушка бир жыл толду. Азыркыга чейин расмий Маскөө менен Тбилиси согуштун башталышы үчүн бири-бирин айыптап келишет. 12 ай ичинде болгон окуялардын кыскача жадыбалы.
XS
SM
MD
LG