Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Ооганстан: Абдулла азырынча алдыда


Абдулла Абдулла ортодо. 1-октябрь, 2013-жыл.

Абдулла Абдулла ортодо. 1-октябрь, 2013-жыл.

Ооганстанда жең ичинен соодалашуунун аркасы менен мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла «такка» отуруп калышы ажеп эмес.

Учурда алдыда келаткан үч талапкердин ортосундагы, мурдагы шайлоодо алыскы Памир кыргыздарынан бери кабар алган Абдулла Абдулла ким, көп улуттуу өлкөдө ал кандай саясат жүргүзөт?

5-апрелдеги шайлоонун жыйынтыгы ушул айдын этегинде белгилүү болот, эгер анда азыр күтүлгөндөй, эч ким добуштардын жарымынан ашыгын албаса, экинчи айлампа майдын этегинде өтүп, анын жыйынтыгы июндун аягына барып маалым болот.

Алдын ала эсептөөлөрдө мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла калган жети талапкердин баарын артында калтырганы, бирок дароо шайлануу үчүн жетиштүү добуш ала албагандыгы болжолдонуп жатат.

Жана соңку маалыматтарга караганда, ал атаандашы Залмай Расул менен жолугуп, экинчи айлампада өзүн колдоо мүмкүнчүлүгү тууралуу жең алдынан сүйлөшүү баштагандыгы кабарланууда. Алдын ала эсептөө боюнча Расул шайлоодо үчүнчү болуп келатат.

Абдулла Абдулла өзү мамлекет башчысын жең астынан, бир ууч адамдын тандашына каршы экендигин айткан. Бирок ал Расул менен бир команда түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жаткандыгын жашырган жок.

Ооганстандагы шайлоо. 2010-жыл.

Ооганстандагы шайлоо. 2010-жыл.

«Үч чыны чай» деген китебинде Грег Мортенсон ооган кыргыздарына биринчи болуп барып, ал-жайын сураган дал ушул Абдулла Абдулла болгондугун жазат. 2009-жылы ал тик учма менен Кичи Памирге келип, кыргыздарды өз программасы менен тааныштырып кеткен.

Ал шайлоодо Абдулла Абдулла марага экинчи болуп келип, бирок добуш берүүдө акыйкаттык болбойт деп, экинчи айлампага катышпай койгон.

Абдулла Абдулла тажик, пуштун аралаш үй-бүлөдөн болгон менен, аны пуштундардын кыртышы сүйө бербегени айтылат.

Парламенттик саясий түзүлүштү жактаган Абдулла Абдуллага бул ирет Ооганстандагы түпкүлүгү хазар азчылыгы кеңири колдоо көрсөткөнү айгине болууда.

"Азаттык" менен маегинде Абдулла региондорго азыркыдан көбүрөөк өз алдынчалык берген федерализм системасын колдой тургандыгын мындайча бышыктады:

- Биздин саясий платформабыз системаны президенттиктен парламенттик системага алмаштыруу болуп саналат. Албетте бул көз-ачып жумганча ишке ашпайт, бир катар даярдык керек. Лоя-Жырга же уруулар, улуттук, жана диний жол башчылардын курултайы аркылуу гана Конституцияны өзгөртүү мүмкүн. Саясий партияларга көбүрөөк макам берип, шайлоо мыйзамын өзгөртүү да биздин саясий планда бар. Оодандык жана дубандык кеңештердин бийлик ыйгарымдарын көбөйтүү менен алардын макамын көтөрүү да биздин саясий платформага кирет.

Шайлоо участогуна кезек күткөндөр. 1-апрель, 2014-жыл.

Шайлоо участогуна кезек күткөндөр. 1-апрель, 2014-жыл.

19-кылымда Британия менен Орусия Борбор Азияда чек араларды бөлүшкөндө түрк, тажик тилдүү элдер жашаган Бадахшан тараптагы аймактарды (тарыхый Түркестандын түштүгү) пуштундар басымдуулук кылган түштүк аймактар менен бириктирип коюшкан. Андан берки жылдарда улуттардын жуурулушу жүргөн менен, Ооганстанда аймактык, этникалык бөлүнүү күчтүү бойдон кала берүүдө.

Абдулла Абдулла аны хазар азчылыгы колдобосо, балким мынча добуш албайт эле деген суроого «мени бардык аймактарда көп улуттар колдоду» деп жооп берди.

"Азаттык" менен маегинде ал ошондой эле өзүн сүрөөнгө алган көзүр күчтөрдүн арасында ошол эле хазарларга кыргын салган мурдагы можахеддер менен исламчылар үстөмдүк кылат, демек жеңип чыкса өкмөткө да ошолор келет деген божомолдорду четке какты:

Эл мындан коркпойт. Бирок бул туура эмес экендигин билип туруп, айрымдар ошондой ушак-айың таркатып жүрүшөт. Эгер эл мындан корккону чын болсо, алар бизге добуш бербейт эле. Ооганстандын ар бир бурчунда бизди колдоп, добуш беришпедиби.

Абдулла Абдулла 54 жашта, кесиби дарыгер. Советтик оккупацияга кастарын тиккен, 2001-жылдын сентябрында киши колдуу болгон Ахмад Шах Масуддун кеңешчиси жана жакын шериги болгон. Талибан режими кулагандан кийин 2001-2005-жылдары Ооганстандын Тышкы иштер министрлигин жетектеген. Демократиялык оппозициянын лидери деп саналат. Азыр шайлоого ал көз карандысыз талапкер болуп катышууда.
XS
SM
MD
LG