Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Ооганстан: талапкерлерди каттоо аяктады


Ооганстан -- Мурдагы министр Абдулаа Абдулла президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин шайлоо комиссиясына тапшырууда. Кабул, 1-октябрь, 2013.
Ооганстан -- Мурдагы министр Абдулаа Абдулла президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин шайлоо комиссиясына тапшырууда. Кабул, 1-октябрь, 2013.

Ооганстанда президенттикке катталган талапкерлердин арасында өкмөттө мурда иштеп кеткендер жана аскер башчылары көпчүлүктү түзүшүүдө.

6-октябрь - Ооганстанда президенттикке талапкерлерди каттоонун акыркы күнү болду. Жараян аймактык күчтүү лидерлер, Батыштан даярдалган технократтар, уруу лидерлеринин катышуусу менен коштолууда.

Күчтүү талапкерлер катары мурдагы тышкы иштер министрлери Абдулла Абдулла жана Залмай Рассул, мурдагы каржы министрлери Ашраф Гани жана Анварул Хак Ахади, мурдагы коргоо министри Абдул Рахим Вардак аталууда.

Президент Хамид Карзайдын бир тууган агасы Каюм Карзай да президенттикке талапкер болуп катталды. Калагандары: Ооган салафилеринин лидери Абдул Раб Расул Саяф, Нангахар провинциясынын мурдагы губернатору - Гүл Ага Шерзай.

Мурдагы тышкы иштер министри Рассул журналисттерге сүйлөп жатып, алдыдагы президенттик шайлоолор Ооганстан үчүн жакшы белги экенин билдирди:

- Бүгүн биз тарыхый өзгөрүүгө күбө болуп турабыз. Ооган саясий лидерлери келечекте өлкөнү башкаруу боюнча өз планы жана көз карашы менен шайлоо комиссиясына келип отурушат. Алардын баары тынч шайлоолорго катышып, эл добуш берген соң, өлкөгө кызмат кылгылары келишет. Бул чынында эле зор жетишкендик.

Мурда Дүйнөлүк банкта иштеген Гани этникалык өзбек Абдул Рашид Достум менен түзүлгөн тобун коргоп, туруктуулукка жана улуттук биримдикке үндөдү:

- Ооган эли бүгүн туруктуу өзгөрүүнү каалап жатат. Бирок бул өзгөрүү туруктуу, рационалдуу жана баскычтуу болушу керек. Алдыга шилтеген ар бир кадамыбыз кийинки 3-4 кадамга жол салышы керек. Биз бир кадам алдыга, үч кадам артка жасай албайбыз.

“Эркин Европа/Азаттыктын” “Эркин Ооганстан” үналгысына жекшемби күнү Евробиримдиктин Ооганстандагы элчиси Франц-Майкл Меллбин комментарий берип, өлкө лидерлерин өтө маанилүү делген шайлоо алдында туруктуулукту бекемдөөгө чакырды:

- Евробиримдик бул шайлоонун жакшы өтүшүн бир гана президенттикке талапкерлер эмес, алардан башка диний, жергиликтүү жана башка лидерлер да жоопкер деп ойлойт. Алар шайлоо өнөктүгүн себеп кылып, көйгөйлөрдү жаратпашы керек.

Талапкерлерди карап чыккан соң, Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясы 16-ноябрда талапкерлердин акыркы тизмесин берет. Шайлоо өнөктүгү расмий түрдө февралда башталып, добуш берүү апрелге белгиленген.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG