Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Аял зордуктагандар өлүм жазасын алышты


Кундуз провинциясында аял зордуктагандарды жаза тартуу талабы менен чыккандар.
Кундуз провинциясында аял зордуктагандарды жаза тартуу талабы менен чыккандар.

Ооган соту тойдон кайтып келаткан төрт аялды зордуктаган жети кишини өлүм жазасына кести.

Укук коргоочулардын белгилешинче, cоңку кезде зордук-зомбулукка кабылган аялдардын саны өсүүдө. Бул жолу ооган коомчулугу окуяга байланыштуу катуу нааразылык билдирип, Кабулда акция өткөн.

Кабулда тойдон келаткан төрт аялды онго чукул киши зордуктаган окуя 23-августта болгон. Маалыматка караганда, Кабулдун четиндеги Пагман районунда полициянын кийимин кийген он чакты адам үйлөнүү тойдон кайтып келаткан машинаны токтотот. Анын ичиндеги аялдардын баалуу буюмдарын тоноп, өздөрүн кыйнап, зордукташат. Зордукталган аялдардын бирөө кош бойлуу экени да маалым болду. Көп өтпөй алган жараатынан улам бир келин каза болгон. Коомчулукка каргашалуу окуя ушундан кийин гана маалым болуп, бул нааразылыкты күчөттү. Миңдеген эркектер менен аялдар баш калаа Кабулда, Ооганстандын башка аймактарында көчөгө чыгып, кылмышкерлерди эң жогорку жазага тартуу талабын коюшту. 7-сентябрда өткөн соттук териштирүү бир нече саатка созулуп, улуттук телеканал аркылуу коомчулукка түз эфирде көрсөтүлдү.

Зордуктоо үчүн айыпталып, камалган жети кишинин баарынын тең күнөөсү сотто далилденди. Соттолгон жети кишинин экөө күнөөсүн мойнуна алган жок. Баарына тең доо арыз жазуу укугу берилди.

Ооганстанда соттун бул өкүмү аялдардын жеңиши катары да каралууда. Анткени буга чейин зордуктоо үчүн шектелген адамдар көп учурда эркиндикке чыгып, же такыр эле жоопкерчиликке тартылбай келишкен.

Адам укугун коргоочулардын билдирүүсүнө караганда, Ооганстанда адатта зордуктоо жаап-жашырылып, коомчулукка чыкпай калат. Анткени андайга кабылгандар абийири төгүлдү деп эсептелет. Ал эми бул ирет зордуктоого кабылгандар адилеттүүлүк издөөдө активдүүлүк көрсөтүштү.

Ооганстандагы Адам укуктарынын көз карандысыз комиссиясынын аялдардын укугу боюнча комиссары Сорая Собхран соттун чечими коомчулукка сабак болуп, мындай кылмыш жасагандар катуу жазага тартыларын көрсөткөнүн белгилейт.

- Аялдарга карата зордук-зомбулук маселесине келгенде тартип коргоо системасындагы коррупцияга жана башка себептерге байланыштуу көптөрү жоопкерчиликке тартылбайт. Бирок бул жолу Ооганстан эли бул өлкөдө мыйзам жана акыйкаттык бар экенин көрсөтүп, ушундай кылмыштарга катышкан бардык адамдарга катуу эскертүү болушу керек деп чечишти.

Зордук-зомбулукка байланыштуу соңку окуя жергиликтүү маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда кеңири жазылды. Твиттерде #Paghman хэштеги менен бул тема кызуу талкууга алынды.

Ооганстандын жарандык коом бирлигинин башчысы Азиз Рейфтин белгилешинче, ушул өңдүү топтошкон адамдар зордуктаган каргашалуу учурлар көп учурда айтылбай калчу. Анын белгилешинче, соңку окуя президенттин ак сарайынан алыс эмес жерде, тургундар үй-бүлөлөрү менен эс алчу жайда болгон.

- Сот аларга зордуктоо эмес, ойноштук кылган деп айып койду. Бул ал аялдарга карата адилетсиз чечим болду. Анткени бирөө кол салып зордуктаса, ал “зордуктоо” деп аталат, ал “ойноштук” эмес.

Бул жолу жергиликтүү лидерлер жана аксакалдар дагы кылмышкерлерди табууну катуу талап кылып чыгышты. Ооганстанда жети кишинин зордуктоо үчүн өлүм жазасына кесилиши аялдардын укугун коргоодогу бурулуш факт болуп калды. Бирок ошол эле маалда кылмышкерлердин курал менен коркутуп, тоноду жана “ойноштук кылды” деген негизде соттолушу илгери үмүткө суу себүүдө.

XS
SM
MD
LG