Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Талибдер Кабул аэропортуна чабуул койду


Уруш болгон жер. 10-июнь, 2013-жыл.
Уруш болгон жер. 10-июнь, 2013-жыл.

Ооганстан борбору Кабулдун аэропортунда согушкерлердин дүйшөмбүнүн таңындагы чабуулунан улам каттамдарды убактылуу токтотууга туура келди. Расмий өкүлдөр аба майдан зыян тартпаганын билдирүүдө.

Согушкерлер тобунун чабуулу дүйшөмбүнүн таңында, жергиликтүү убакыт боюнча төрт жарым ченде башталган. Расмий маалыматка караганда, аэропорттун жанында курулуп жаткан имараттардын бир экөөсүнө кирип алган жана жанкечтинин курун тагынган согушкерлер адегенде ири жардыруу жасашып, мунун артынан ок чыгарышкан. Мына ушундан кийин эки тараптын атышуусу башталган.

Кабулдун полиция башчысы Аюб Салангинин кабарчыларга айтканына караганда, кол салгандардын баары коопсуздук күчтөрү менен бир нече саатка созулган атышуулар учурунда жок кылынды:

- Душмандардын жалпы саны жетөө эле. Алардын экөөсү чабуул учурунда жанкечтиликке барган. Калган бешөөсү коопсуздук күчтөрү тарабынан жок кылынды. Кудайга ыраазыбыз, коопсуздук күчтөрү арасында жоготуу болгон жок.

Ооган борборунун башкы аэропортунун айланасындагы атышуулардан улам ал жердеги аба каттамдардын убактылуу токтотууга туура келди. Башкача айтканда, ошол учурда Кабулдун аэропорту учактарды кабыл алалган жок, учактар да абага көтөрүлө албады.

Уруш учурундагы көрүнүш. 10 -июнь, 2013-жыл.
Уруш учурундагы көрүнүш. 10 -июнь, 2013-жыл.
Аэропортту тейлеген расмий өкүлдөрдүн айтымында, атышуу учурунда учуу тилкеси жабылгандыктан жарандык учактарга ок тийген жок, алар жабыр тартпады.

Өзү Кабулдун аэропортунда согуш жүрүп жаткан он эки жылдан бери эле НАТО командачылыгы жайгашкан. Ал эми аэропорттун аскерий бөлүгү НАТОнун транспорттук жана башка учактары үчүн да колдонулат.

Дүйшөмбү таңдагы кол салуу үчүн жоопкерчилик алган "Талибандын" өкүлү Забибулла Мужахидиндин ырастоосунда, алар аэропорттун түндүк ыптасындагы аскерий бөлүгүн бутага алышкан.

Бирок ооган ички иштер министрлигинин өкүлү Сыдык Сыдыки дүйшөмбү күнү эл жашаган аймакта жоготуусуз жүргүзүлгөн операция ооган коопсуздук күчтөрүнүн террорчуларга каршы туруу жөндөмүн көргөзгөнүн белгилеп, "Талибандын" бул ырастоолорун четке какты:

- Алардын башкы максаты жайкын тургундарды өлтүрүү же жарадар кылуу болгон. Чабуул жасалган жер аэропорттун түндүк тарабында, эл жашаган аймак. "Талибандын" өкүлү алар аскерий бекетти бутага алганын айтып жатышат. Бул жөн эле калп. "Талибан" ар дайым калп айтып, элдин башын айлантып келет.

Анткен менен "Талибан" быйыл апрелде чет элдик аскерий базаларга жана дипломатиялык кеңселерге “жазгы чабуул” баштаганын жарыялагандан бери борбор Кабулда жана башка жерлерде бир катар кол салууларды жасоого үлгүрдү.

24-майда Эл аралык Миграция уюмунун Кабулдагы конок үйүнө кол салынганда, кеминде алты киши каза тапкан. Анын алдында 16-майда жанкечти айдаган автоунаа НАТОнун кербенин бутага алганда, кеминде он беш кишинин, анын ичинде эки америкалык аскердин өмүрү кыйылган.

Бул аралыкта "Талибан" жанкечтилердин түштүктөгү Забул провинциясындагы дүйшөмбү күнкү чабуулу үчүн да жоопкерчилик алды.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, бөлөк-бөлөк автоунаа менен келген алты жанкечти облустук кеңештин имаратына кирүүгө аракеттенишкенде буга сакчылар жол берген жок.

Имарат алдында кеминде бир унаанын жарылышынан бери дегенде18 киши жаракат алды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG