Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

Оогандык рэппер Сонита элди жашытты


Сонита Ализаде (ортодо) фильмдин көрүүчүлөрү менен

Сонита Ализаде (ортодо) фильмдин көрүүчүлөрү менен

Кыргызстанда кыздардын эрте турмуш куруусуна каршы күрөшүү жеңил эмес. Ал эми аял укугу көбүрөөк тебеленген Ооганстанда өспүрүм кыздардын эркинен тыш турмуш куруусуна бөгөт болуу андан бир канча эсе оор.

Кадам сайын тескөөгө карабастан оогандык Сонита Ализаде эскичил салтты бузуп, курбалдаштарынын таламын талашып келет.

Аны азыр дүйнөдөгү миңдеген адамдар, кеминде эле оогандык жаштар таанып, үлгү тутушат.

Талиптерден качып, үй-бүлөсү менен Иранда баш калкалагандыктан, Сонитанын бала кези Тегеранда өтөт. Өспүрүм жокчулук айынан шаардагы иш кеңселеринин полун жууп, жан бакчу.

15ке чыкканда Ооганстандагы чоң энеси мурда такыр көрбөгөн кишиге күйөөгө берерин, калыңына 9 миң доллар алышарын, анын 7 миңине Сонитанын агасын үйлөнтүшөрүн айтып чакырат. Ошондо ал үй-бүлөсү үчүн акчалай кызыкчылыктан башка баасы жок экенин түшүнөт. Анткени 13 жашында да күйөөгө бермекчи болуп, бирок ал "мүдөө" ишке ашпай калган эле.

Мына ушул аялдарга болгон адилетсиздикке жаны күйгөн Сонита кыздардын бойго жетелекте эле турмушка узап жатканын, аларды коомчулук товардай көрөрүн, күйөөлөрүнөн токмок жесе эч ким болушпасын рэпке салган.

Кыздар соло ырдабасын деген Ирандагы мыйзамга карабай, рэппер болуу анын балалык кыялы эле. Анан “Сатыктагы келинчектер” аттуу ырын, клибин жашыруун жаздырат. Бешенесине товар белгиси - штрих кодду тартып, көзү-башы көгөргөн, той көйнөкчөн келиндин образында ырдайт:

Жүрөктө арманымды,

Шыбырап айтайынчы,

Чоочундар укпаш үчүн.

Кыздарды саткандарга,

Каршылык кылганымды.

Шаарымдын салты ушул,

Шарият шарты ушул,

Аялдар кыңк этпестен,

Айтканды угуш керек,

Айдакка көнүш керек.

Бирок мен мунун баарын,

Ачыкка чыгарамын.

Гераттык 15 жаштагы,

Кенедей кыз болсом да,

Жуучудан баш айланат.

Көртирлик азабынан,

Көбүрөөк сунганына,

Карматат атам-энем,

Акчага алмашылат,

Азаптан бүткөн денем.

Мен сындуу жапжаш кыздар

Чалынган чатыш торго,

Баам жок андан артык,

Окшошмун сойчу койго, - деген саптар бар Сонитанын ырында. Корксо да клибин Ютубга киргизип, ал тез эле дүйнөгө тарайт. Талантына кызыккан Америкадагы музыкалык академиялардын бири аны окууга чакырат. Ошентип турмушка узатчу туугандарынан качып, учак Кошмо Штаттарга конгондо гана үйүнө чалат. Ата-энеси акыры түшүнүп, колдошот.

Сонита "Азаттыктын" кабарчысы менен, Прага, 14-март

Сонита "Азаттыктын" кабарчысы менен, Прага, 14-март

Анын Америкага кеткенге чейинки турмушу, клип тарттырып жатканы даректүү тасмага түшүрүлгөн. Тасма Прагада өткөн "Бир дүйнө" кино фестивалында көрсөтүлүп, залдагы элди жашытты. Фильм бүткөндө кирип келген Сонитага кыйла убакыт кол чаап турушту.

Сонита Ализаде мекениндеги көрүнүштү жоюу үчүн күрөштү токтотпойт:

- Мен мекениме кайтып баргандан чочубайм. Ооганстанда аялдардын жашоосу татаал, укуктары чектелген. Балким, мен алардын жашоосунда кичине болсо да бир нерсе өзгөртө алам. Ошол максатыма жетким келет. Ал жеңил болбогонун сезем. Бирок дүйнөдөгү кыздардын эрте турмуш куруусундагы стереотиптерди жок кылгым келет. Ооба, бул жалгыз колуман келбесин түшүнөм. Эгер сиздер колдогуңуздар келсе, мен аны чын көңүлдөн кабыл алам.

Ооган мыйзамдары кыздарга 16 жаштан турмушка чыгууга уруксат берет. Эгер атасы макул болсо 15 жаштан деле.

Бирок Бириккен улуттар уюму ар бир алтынчы оогандык кыз 15 жашка чейин турмушка узарын, 60-80% никелер кыздардын эркине каршы түзүлөрүн айтып, коңгуроо кагып келет.

  • 16x9 Image

    Мухаммедали Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG