Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Ак жерден күйгөн кыздар: "абийир" азабы


Айрым өлкөлөрдө алгачкы нике түндөн кийин шейшеп текшермей салты азыр да бар.
Айрым өлкөлөрдө алгачкы нике түндөн кийин шейшеп текшермей салты азыр да бар.

Ооганстандын адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиясы өлкөдө кыздардын абийирин же кыз белгисин мажбурлап текшерүүнү адам укуктарын одоно бузуу жана адеп-ахлаксыз иш деп атады.

Ооган коому кыз-келиндерди басмырлап, кемсинткен адаттардан арыла албай келет.

Шейшеп аңтармай

Аталган комиссия аз күн мурда жарыялаган баяндамасын 53 кыз-келин менен жүргүзүлгөн баарлашуунун негизинде жасаган. Алар үйүнөн качып чыккан же зына кылууга, башкача айтканда никесиз катнашка барганы үчүн айыпталган кыз-келиндер эле. Уюмдун өкүлдөрү сүйлөшкөн бул кыз-келиндердин 48и мамлекеттик бийлик төбөлдөрү аларды эркектердин катышуусунда гинекологиялык текшерүүгө мажбурлашканын айткан.

Ооганстандагы адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиянын төрайымы Сурайо Субхранг мындай текшерүү шариятка да, өлкө Баш мыйзамына да каршы келерин айтты:

Ооган аялдары
Ооган аялдары

- Кыз белгини зордоп текшерүүгө ислам дини каршы. Жана бул адеп-ахлаксыз ишке Ооганстандын Конституциясы да каршы. Биздин Баш мыйзамда бир да мыйзам ыйык ислам дининин жол-жоболоруна каршы келбеши керектиги белгиленген. Баарынан мурда кыз белгини текшерүү адам укуктарынын эрежелерине каршы келип, кыздын ар-намысын тебелейт. Анын үстүнө бизде дарыгерлердин 90 пайызы эркек. Аялдын дене-башын эми ошол эркек дарыгер текшерип жатса кандай болот? Ошондуктан мындай текшерүү кыздын өзүнүн макулдугусуз жүргүзүлбөшү керек. Биз өкмөттөн кыздарды зордоп текшерүүнү токтотууну талап кылабыз.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бул кыз-келиндердин жакындары мындай текшерүү алардын өздөрү үчүн пайдалуу экенин, ансыз кыздын тазалыгын далилдөө мүмкүн эместигин айтып актанышат.

Укук коргоочу Сурайо Субхранг мындай текшерүүлөрдүн аягы аялдарды ажалга түртүп, өз өмүрүнө кол салууга баргандар да жок эместигин белгилейт:

- Көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндө, анын ичинде ооган коомунда да кыз абийиринин сакталышы пакизалыктын, тазалыктын белгиси катары каралат. Мен өзүм да дарыгермин, медицина бирок муну тааныбайт. Анткени ар бир адамдын организми ар кандай болот, кээ бир кыздарда мындай белги тубаса жок болот, кээ бирлеринде биринчи төрөткө чейин сакталат. Бизде ага карабай туруп эле андай кыздарды күнөөлөп киришет. Мындай абийир, ар-намыс үчүн айыптоолор өлүмгө алып барган учурлар да бар.

"Бузулган кызды" алмаштыруу...

Жаңы келин болуп келген ооган кыздары алгачкы нике түнү актыгын далилдей албай калса аны азаптуу жана аялуу тагдыр күтөт. Ал өмүр бою кемсинтилип, кордолуп өтүшү, же абакка кесилиши, же анын айынан ажал табышы да мүмкүн. Ооган салттарына ылайык, колукту кыз бойдон болушу жана аны далилдеши шарт.

Аты ачыкка чыгышын каалабаган бир ооган аялдын “Азаттыктын” кабарчысына айтышынча, өлкөнүн айрым аймактарында алгачкы нике түндөн кийин шейшеп текшермей салты азыр да бар. Кайын журт кандын тагын көрмөйүн келиндин тазалыгына ишенбейт. Эгер андай болбой калса, кыздын ата-энесинен “бузулган” кызын сиңдисине алмаштыруу талап кылынат. Кээ бир учурларда жаман кийимдерди кийгизип, төркүнүнө кайра жөнөтүшөт, кулак-мурдун кескен учурлар да жок эмес.

Ар бир адамдын организми ар кандай болот, кээ бир кыздарда мындай белги тубаса жок болот, кээ бирлеринде биринчи төрөткө чейин сакталат. Бизде ага карабай туруп эле андай кыздарды күнөөлөп киришет. Мындай абийир, ар-намыс үчүн айыптоолор өлүмгө алып барган учурлар да бар.
Сурайо Субхранг

Ооган коомунда бул маселени ачык талкуулоого тыюу салынган. Бирок соңку жылдары аялдарга карата таш боор мамиле коомчулук көңүлүн бул жагдайга буруп отурат. Өлкөдө өзүнүн актыгын далилдей албай калган кыздарга караганда да “ала жипти аттап”, никесиз катнашка барууга шектелген аялзатына өзгөчө катаал мамиле жасалат. Маселен, былтыр ноябрда Гор провинциясында 26 жаштагы бир келин элдин көзүнчө камчы менен сабалган бир канча балактын уусунан каза тапкан. Андан бир ай мурда 19 жаштагы Рухшана аттуу бир кызды талиптер таш бараңга алышкан. Ооганстанда мындай окуяларды дагы четинен санай берсе болот. Бирок “абийир” кылмыштары, анын ичинде никесиз катнашка баруу да ооган кылмыш кодексинде мыйзамга каршы иш катары саналбайт. Ага карабай жүздөгөн кыз-келиндер “абийирсиздик” үчүн айыпталып абакка кесилет. Талиптердин таасириндеги аймактарда шариятты карманган соттор мындай кыз-келиндерге катаал жаза чектеп, таш бараңга алууга чейин өкүм чыгарат.

Аалымдар ислам дининде болсо айрым мусулман өлкөлөрүндө салтка айланган шейшеп текшерүү каадасы жоктугун, Куранда да, пайгамбар хадистеринде да мындай талап болбогонун айтып келишет. Тескерисинче, шарият түгөйлөр ортосундагы жеке мамиле көпчүлүккө жар салынышын айыптайт.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG