Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Санкт-Петербургда саясий туткундарды колдогон пикеттер өттү


Санкт-Петербургда бир нече пикеттер уюштурулду.
Санкт-Петербургда бир нече пикеттер уюштурулду.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында активисттер “Болотная иши” жана “6-май туткундары” иштери боюнча камакка алынгандарды колдоо максатында бир катар пикеттерди өткөрүштү. Акциянын катышуучуларынын айтымында саясий туткундардын саны жыл сайын өсүүдө. Маселен, бул ирет алардын катарында мамлекетке чыккынчылык кылган деп кесилген Оксана Севастидинин да ысымы пайда болду.

“Солидарность” кыймылынын активисти, пикеттердин уюштуруучусу Ольга Смирнованын айтымында, Севастиди саясатка эч тиешеси жок, жөнөкөй дүкөнчү. Активисттер анын бошотулушун талап кылышууда. Акциянын катышуучулары ошондой эле Ильдар Дадин, Сергей Мохнаткин, Дмитрий Бученковдун да эркиндикке чыгышын талап кылышты.

Пикеттерден соң активисттер Ильдар Дадиндин №7 Сегеж колониясында өзү дуушар болгон кыйноолор тууралуу жазган катын көчөдөгү элге таркатышты. Дадин өткөн жылдын соңунда "Путинге каршы" деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп, көчөгө чыкканы үчүн үч жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG